Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:29

Орусия Бирмадагы хунтаны колдоду


Бирманын хунта башчысы, улук генерал Мин Аунг Хлайн Орусиянын коргоо министринин орун басары Александр Фоминге медал тагууда. Найпидо шаары, Бирма. 2021-жылдын 26-марты.
Бирманын хунта башчысы, улук генерал Мин Аунг Хлайн Орусиянын коргоо министринин орун басары Александр Фоминге медал тагууда. Найпидо шаары, Бирма. 2021-жылдын 26-марты.

Бирманын учурда өкүм жүргүзүп жаткан аскердик хунтасынын жолбашчысы өлкөдөгү Куралдуу Күчтөр күнүн майрамдоо маалындагы салтанаттуу сөзүндө Орусияны "чыныгы дос" деп атады.

27-мартта Орусиянын коргоо министринин орун басары Бирма менен Орусиянын өз ара аскердик мамилелерин жакшыртуу үчүн өлкөгө барган дал ушул күндөрдүн биринде, хунтанын куралдуу күчтөрү демократиялык түзүлүштү калыбына келтирүү талабы менен чыккан демонстранттарды аёосуз жазалады жана бул жазалоо эл аралык коомчулуктун кескин айыптоосуна кабылды.


Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча кеңсесинин маалымдашынча, бул уюмга "үрөй учурган зордук-зомбулук" катары мүнөздөлгөн алааматтуу окуялар тууралуу кабар жетти. Өлкөнүн ар кыл аймактарынан ишембиде "көптөгөн кишилер, анын ичинде балдар да өлтүрүлгөн" деген маалыматтар келди.

Бирмада кеминде 40 шаар менен шаарчада жапырт камоолор болуп, жүздөгөн кишилер жаракат алганы кабардалууда.

«Бул зордук-зомбулук төңкөрүштүн мыйзамсыздыгын жана анын жолбашчыларынын күнөөсүн ого бетер күчөтүүдө», – деп БУУнун адам укуктары кеңсеси 27-мартта билдирди.


АКШнын элчиси Томас Важда өз билдирүүсүндө "коопсуздук күчтөрү куралсыз жарандарды, анын ичинде балдарды өлтүрүп жатат", – деп маалымдады. «Бул кан төгүү – тири шумдуктуудай. Бул – кесипкөй аскер же полиция күчтөрүнүн иш-аракеттерине татыктуу эмес", – деди ал.

Европа Биримдигинин Түштүк-Чыгыш Азия өлкөсүндөгү делегациясы Бирмадагы Куралдуу Күчтөр күнүн белгилөө учурундагы жазалоолорду "террор жана абийирсиздик" деп мүнөздөдү.

Бул кыргындан бир күн мурда (жума күнү) Орусиянын коргоо министринин орун басары Александр Фомин хунта башчысы, улук генерал Мин Аунг Хлайн менен жолуккан. Ишембиде болсо Фомин мырза Куралдуу күчтөрдүн аскердик парадына катышты.

«Интерфакс» кабар агенттигинин маалымдашынча, 26-марттагы жолугушууда Орусия аскердик режимге колдоосун билдирген.

Фомин Бирманы Орусиянын Азиядагы ишенимдүү үзөңгүлөшү жана стратегиялык өнөктөшү деп атады, деп «Интерфакс» билдирди.

Орусиянын Коргоо министрлиги: "Орусия Федерациясы эки мамлекеттин ортосундагы мамилелерди чыңдоого багытталган стратегияга берилген бойдон кала берүүдө", – деп Фоминдин сөзүнө шилтеме келтиргендигин «Интерфакс» кошумчалады.


1-февралдагы аскердик төңкөрүшкө ачык каршы чыккан жана демократияны колдогон демонстранттарга каршы хунта тынымсыз жүргүзүп жаткан катаал жазалоолорго байланыштуу Европа Биримдиги жана Америка Кошмо Штаттары Бирманын бир катар төбөлдөрүнө каршы чектөөлөр киргизишти. (TT)

XS
SM
MD
LG