Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:55

Мьянмадагы нааразылык акцияларын күчтөп таратууда 38 адам набыт болду


Аскердик бийликке каршы нааразылык акциясы. Мьянма. Февраль, 2021-жыл.
Аскердик бийликке каршы нааразылык акциясы. Мьянма. Февраль, 2021-жыл.

Мьянмадагы нааразылык акцияларын кууп таратуу учурунда 38 адам набыт болду. Арасында жашы жете элек балдар бар экени кабарланууда.

3-мартта аскердик бийликке каршы чыккан демонстранттарга ок атылып 38 адам набыт болду. Би-Би-Си маалымдагандай, бул аскердик хунтага каршы акциялар башталгандан берки эң кандуу күн болду.

Маалыматка ылайык, аскерлер Янгон, Мандалай жана Мьинжан шаарларындагы акцияларда эл көп чогулган топторду аткан. Өлгөндөрдүн ичинен экөө - өспүрүм экени кабарланды.

Бирма деген аталыш менен да белгилүү Мьянма 2011-жылга чейин аскердик бийликтин көзөмөлүндө болгон. Дал ошол жылы аскердик бийлик кулатылып, демократиялык өзгөрүүлөргө жол ачылган. Быйыл 1-февралда аскерлер кайрадан бийликти кулатып, Нобель сыйлыгынын ээси Аун Сан Су Чжи баш болгон жетекчилерди камакка алган. Учурда Аун Сан Су Чжи өз тарапкерлерине кайрылып, аскердик диктатуранын кайрадан орношуна жол бербөөгө чакырды.

XS
SM
MD
LG