Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:54

Германиянын прокуратурасы Хашогжинин өлүмү боюнча арызды кабыл алды


Жамал Хашогжи
Жамал Хашогжи

«Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюму журналист Жамал Хашогжинин өлүмү боюнча Сауд Аравиянын ханзадаасы Мухаммед бин Салман баштаган бул өлкөнүн бир нече жетекчисине каршы Германиянын бийлигине кайрылды. Арыз 1-мартта Карлсруэ шаарындагы прокуратурага жолдонду. Анда Хашогжинин өлүмү адамзатка каршы кылмыш катары саналып, саудиялык 20дан ашуун журналисттердин мыйзамсыз кармалганы да айтылат.

“Жамал Хашогжинин өлүмү жана Сауд Аравиядагы журналисттерди куугунтуктаганга күнөөлүүлөр өз кылмышы үчүн жооп бериши керек”-деп белгиленген “Чек арасыз кабарчылар” уюмунун башкы катчысы Кристоф Делуардын билдирүүсүндө.

Германиянын прокуратурасы арызды кабыл алганын жана учурда анын укуктук жагдайлары иликтенип жатканын билдирди. Бул өлкөнүн мыйзамдарына ылайык адамзатка каршы кылмыш деп табылган иштерди кайсы жакта жасалганына карабай иликтөөгө жол берет.

«The Washington Post» басылмасы менен кызматташып келген Хашогжи 2018-жылы октябрь айында өлтүрүлгөн.

Мухаммед бин Салмандын авторитардык саясатын аёосуз сындаган журналист Сауд Арабиясынын Стамбулдагы консулдугуна документ алуу үчүн келгенде өлтүрүлүп, сөөгү жиликтелген.

Аны өлтүрүү учурунда жазылган аудиону Түркиянын атайын кызматы кийинчерээк журналисттерге шардана кылган болчу.

Бул окуяга байланыштуу 21 киши камакка алынган. 2019-жылы жабык сот жүрүмүндө 11 киши жазага тартылган.

Жакында АКШнын Улуттук чалгын кызматы оппозициячыл журналисттин өлтүрүлүшүнө Сауд Арабиясынын бийлигинин тиешеси болгонун жарыялаган.

Сауд Аравиясынын ханзаадасы Мухаммед бин Салман бул кылмышка өзүнүн тиешеси жок экенин айтып келет.

XS
SM
MD
LG