Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

Референдум боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды


Жогорку Кеңештин жыйыны (Сүрөт мурдагы сессиялар учурунда тартылган).
Жогорку Кеңештин жыйыны (Сүрөт мурдагы сессиялар учурунда тартылган).

“Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча референдумду дайындоо тууралуу” мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынды.

Сессияга катышкан 96 депутаттын 87си документти колдоп, тогузу каршы добуш беришти.

Долбоор парламенттин 3-марттагы сессиясында талаш-талкуу менен коштолду.

Эки депутат - Чынара Урумкалиева менен Айгерим Бешимбаева мыйзам долбооруна автор эмес экенин айтып, документтеги колтамгасын чакыртып алышты.

Каныбек Иманалиев, Дастан Бекешев, Жанарбек Акаев, Ирина Карамушкина, Рыскелди Момбеков, Мирлан Жээнчороев жана башка бир катар депутаттар Баш мыйзамдын жаңы долбоорунун автору деп айтылган 80ден ашуун депутаттын аты-жөнүн ачыкка чыгарууну талап кылышты.

Мыйзам долбоору боюнча баяндама жасаган депутат Бактыбек Турусбеков авторлордун бири өзү экенин, бирок башкалар тууралуу маалымат бере албастыгын айтты. Парламенттик аппараттын техникалык кызматкерлери авторлор тууралуу маалыматты кагаз жүзүндө таратарын кошумчалады.

Конституциянын жаңы долбоорун бийлик 11-апрелде референдумга койгону жатат. Ал парламенттин kenesh.kg сайтына 9-февралда жарыяланган.

Бир топ саясатчылар, юристтер долбоорду процедураларды бузуу менен кабыл алуу аракети жүрүп жатканын, анда демократияга каршы нормалар бар экенин жана президенттин укуктары эбегейсиз күчөтүлгөнүн айтып, сынга алышууда.

Президент Садыр Жапаров долбоордо парламенттин негизги функциялары сакталарын, өкмөт Жогорку Кеңештин макулдугу менен дайындаларын, Жогорку соттун, Конституциялык соттун судьяларын шайлоо, бошотуу жана башка милдет-укуктар парламентке тиешелүү болорун билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG