Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:40

Депутат Конституциянын жаңы долбоорунун авторлорун ачыкка чыгарууга чакырды


Жанарбек Акаев
Жанарбек Акаев

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев Конституциянын жаңы долбоорун жазган авторлордун аты-жөнүн ачыкка чыгарууну суранды. Ал 3-мартта парламенттин жалпы жыйынында спикерге ушундай өтүнүч менен кайрылды.

"Мыйзам долбоорун колубузга беришти. Ал жерде сексенден ашуун депутат "автор" деп жазылып турат, бирок алардын ким экени белгисиз. Компьютердеги версиясында да жок. Долбоорду талкуулаганга чейин авторлор тууралуу маалыматты бериңиздер. Алар ким экенин эл билиши керек", - деди Акаев.

Депутаттын сунушуна спикер "рахмат" деп жооп берди. Авторлор тууралуу маалымат берилеби-жокпу, айтылбай эле талкуу башталды. Долбоордун демилгечилеринин бири катары Бактыбек Турусбеков баяндама жасоодо.

Конституциянын долбоорун жана референдумду дайындоо боюнча мыйзам долбоорун талкуулоо парламенттин 3-марттагы сессиясынын күн тартибине киргизилген.

Долбоорду Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети 2-мартта биринчи окууда талкуулап, жактырган.

Парламенттин kenesh.kg сайтына 9-февралда жарыяланган долбоорду бийлик апрелде референдумга койгону жатат. Бир топ саясатчылар, юристтер долбоорду процедураларды бузуу менен кабыл алуу аракети жүрүп жатканын, анда демократияга каршы жоболор бар экенин жана президенттин укуктары эбегейсиз күчөтүлгөнүн айтып, сынга алышууда.

Президент Садыр Жапаров долбоордо парламенттин негизги функциялары сакталарын, өкмөт Жогорку Кеңештин макулдугу менен дайындаларын, Жогорку соттун, Конституциялык соттун судьяларын шайлоо, бошотуу жана башка милдет-укуктар парламентке тиешелүү болорун билдирген.(SE)

XS
SM
MD
LG