Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:48

Конституцияга кандай өзгөртүүлөр кирет?


Баш мыйзам: бийлик кандай бөлүштүрүлөт?
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:41 0:00

Баш мыйзамдын долбоорунда бийлик бутактарынын ыйгарым укуктары кандай өзгөргөнү тууралуу "Азаттыктын" түшүндүрмө видеосу.

Конституциялык кеңешме дээрлик эки жарым айлык талкуудан кийин Баш мыйзамдын жаңы долбоорун парламентке жөнөттү. Азырынча Жогорку Кеңеш бул документке кандай түзөтүүлөрдү киргизе турганы белгисиз. Жаңы долбоорго ылайык, президенттин, аткаруу бийлигинин жана парламенттин кандай ыйгарым укуктары кандай болот?

Конституциялык кеңешменин кароосунан өткөн Баш мыйзамдын долбооруна ылайык, Кыргызстан парламенттик-президенттик системадан баш тартып, президенттик башкаруу формасына өтөт. Андыктан мамлекет башчысынын ыйгарым укуктары кыйла кеңейет.

Күчтүү президент жана ага баш ийген аткаруу бийлиги

Президент 2010-жылкы Конституцияда жазылгандай бир эле мөөнөткө (алты жылга) шайланбайт. Беш жылдан эки жолу шайланууга мүмкүнчүлүк алат.

2021-жылы шайланган президент иштеп жаткан Конституцияга ылайык ыйгарым укуктарын алты жылга жүргүзөт жана бул анын биринчи президенттик мөөнөтү болуп эсептелет.

Баш мыйзамдын жаңы долбооруна ылайык, мамлекет башчысы аткаруу бийлигин толук көзөмөлдөйт. Азыркы өкмөттүн ордуна Министрлер кабинети түзүлөт. Министрлердин кабинетин жетектеген адам президенттик администрацияны да башкарып калат.

2010-жылкы Конституцияда өкмөт “Жогорку Кеңешке отчет берет жана анын алдында жооптуу болот” деп жазылса, жаңы долбоордо “Министрлер кабинетинин төрагасы Министрлер кабинетинин ишмердүлүүгү үчүн президенттин алдында жоопкерчиликтүү” деп белгиленген.

Акыркы он жылдан бери Кыргызстанда өкмөт башчыны парламенттеги көпчүлүк коалиция тандап келген. Эми Министрлер кабинетинин түзүмүн жана курамын президент өзү аныктайт.

Ал Жогорку Кеңештин макулдугу менен кабинеттин төрагасын жана мүчөлөрүн дайындап, аларды кызматтан кетире алат.

Жаңы долбоорго ылайык, президент жергиликтүү кеңештерди тарката алат жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын же райондордун башчыларын дайындап, кызматтан бошотот.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен премьер-министр Улукбек Мариповдун жолугушуусу, Бишкек, 8-февраль 2021-жыл.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен премьер-министр Улукбек Мариповдун жолугушуусу, Бишкек, 8-февраль 2021-жыл.

Ошондой эле президент Коопсуздук кеңешин түзөт жана парламенттин макулдугу менен башкы прокурорду дайындайт. Улуттук банктын төрагалыгына талапкерди көрсөтөт. Азыркы мыйзамдагыдай, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн үчтөн бирин эмес, жарымын парламентке сунуштайт.

Эми референдумду мурдагыдай Жогорку Кеңеш эмес, президент гана жарыялай алат. Мамлекет башчысы зарыл учурда депутаттарды кезексиз жыйынга чогултат, парламентке шайлоону, анын ичинде мөөнөтүнөн мурда шайлоону да дайындайт.

Конституциянын жаңы долбоору колдоо тапса, Кыргызстанда мамлекеттик катчы деген кызмат кайра түзүлөт. Балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл да пайда болот. Бул кызматтарга ким келерин президент өзү аныктайт.

Саны да, салмагы да өзгөрүүгө учураган парламент

Мыйзам чыгаруу бийлигине келсек. Жаңы долбоорго ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарынын саны 120дан 90го түшүрүлөт. Бирок алар кандай тартипте - партиялык тизме менен шайланары же бир мандаттуу округдардан шайланып келери азырынча белгисиз. Бул атайын мыйзам менен аныкталат жана ал документти азыркы алтынчы чакырылыштын депутаттары кабыл алмакчы.

Иштеп жаткан Конституцияга ылайык, депутаттык мандатты (эл өкүлү сот жообуна тартылган учурларды эсептебегенде) артка алууга болбойт. Эми жаңы долбоор менен депутатты чакыртып алууга жол ачылмакчы.

Конституция өзгөрсө, депутаттар фракцияларга бириге алганы менен мурдагыдай коалициялык көпчүлүк болбойт, оппозициячыл партияларга да өзүнчө макам берилбейт.

Мыйзам чыгаруудан тышкары парламент министрлер кабинетинин төрагасын жана мүчөлөрүн дайындоого макулдук берет. Республикалык бюджетти бекитип, анын аткарылышы боюнча аткаруу бийлигинин отчетун угат.

Президенттин сунушу менен Улуттук банктын төрагасын, Борбордук шайлоо комиссиясынын курамынын жарымын шайлайт. Эсептөө палатасынын мүчөлөрүнүн үчтөн бирин президенттин, үчтөн экисин – өзүнүн демилгеси менен шайлайт.

Кыргыз парламенти, 25-апрель 2018-жыл.
Кыргыз парламенти, 25-апрель 2018-жыл.

Жогорку Кеңеш президентке эки учурда айып кое алат. Ал үчүн президенттин Конституцияны жана мыйзамдарды бузганы, ошондой эле Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына, сот бийлик органдарынын ишмердигине мыйзамсыз кийлигишкени аныкталышы керек.

Бирок мурда парламентке президентти кызматтан четтетүүгө Башкы прокуратуранын корутундусу жетиштүү болсо, эми Конституциялык соттун да тыянагы керек.

Азыркы Конституция боюнча мыйзам чыгаруу демилгеси үч эле тарапка – 10 миң шайлоочуга, Жогорку Кеңешке жана өкмөткө таандык. Эми жаны Баш мыйзам кабыл алынса, аларга кошумча президент, Жогорку Сот, Элдик курултай жана Башкы прокурор да мыйзам долбоорлорун сунуштай алат.

Сот бийлиги: көз карандысыздык камсыз кылынабы?

2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзамда Конституциялык палата “конституциялык көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруучу орган” деп мүнөздөлгөн жана ал Жогорку соттун карамагына берилген. Эми жаңы долбоорго ылайык, Кыргызстандын алгачкы эки президенти бийликте турган учурда иштеген Конституциялык сот кайра өзүнчө болуп түзүлөт. Сотторду тандоо кеңешинин ордуна Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш пайда болот. Анын курамын парламент бекитет.

Мамлекет башчысы бул кеңештин сунушу менен (азыркы Баш мыйзамга окшош) Жогорку Соттун жана Конституциялык соттун судьяларына талапкерлерди парламентке сунуштайт. Жогорку Кеңеш ал сунуштун негизинде Жогорку соттун жана Конституциялык соттун судьяларын шайлайт же кызматтан бошотот.

2010-жылдагы Конституцияда “Жогорку соттун судьялары өздөрүнүн курамынан Жогорку соттун төрагасын, төраганын орун басарларын үч жылдык мөөнөткө шайлайт” деп жазылган болчу. Бул ирет президент Соттор кеңешинин сунушу боюнча жана Жогорку Кеңештин макулдугу менен Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьяларынын арасынан төрагаларын беш жылдык мөөнөткө дайындайт.

Жаңы долбоор боюнча Жогорку соттун судьяларына талап күчөтүлөт. Бул кызматка талапкерлер юридикалык кесиби менен 15 жылдан кем эмес, анын ичинде судьялык кызматта беш жылдан кем эмес иштеши керек.

Азыркы Баш мыйзам боюнча, талапкер юридикалык кесиби боюнча кеминде 10 жыл иштесе жетиштүү болмок.

Элдик курултайдын макамы жана маңызы

Курултай түшүнүгү 2010-жылдан бери иштеп жаткан Конституциянын “Адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктери” бөлүмүнө киргизилген. Конституциянын 52-беренесинин 2-пунктунда “жарандар мамлекеттик жана коомдук мааниси бар маселелер боюнча элдик курултайларды өткөрүүгө укуктуу” деп жазылып турат.

Эми жаңы долбоордо Элдик курултай “Конституциялык түзүлүштүн негиздери” бөлүмүнө өзүнчө берене болуп киргизилди. Анда Элдик курултай “өкүлчүлүктүү, коомдун өнүгүүсүнүн багыттары боюнча сунуш берген, кенешүүчү, байкоочу жыйын” деп мүнөздөлгөн. Калган ыйгарым укуктары атайын мыйзам менен аныкталмакчы.

Кантсе да Конституциянын ноябрь айында талкууга чыгарылган баштапкы долбоорундагы Элдик курултай тууралуу пункттар жаңы долбоордо кыйла кыскарган. Баштапкы долбоордо курултай “координациялоочу жогорку орган” болору жазылган. Бул орган ички жана тышкы саясат боюнча президентке сунуш берип, мамлекет башчысынын жана Жогору Кеңештин төрагасынын отчетторун угары белгиленген. Мындан тышкары кайсы бир аткаминерди иштен кетирүү тууралуу сунуштарды да берсе болоору да айтылган.

Октябрь окуяларынан кийин коомчулукта президент Элдик курултайга отчет берип турат деген маалыматтар тараган. Бирок Конституциянын жаңы долбоору боюнча, мамлекет башчысы элге, Жогорку Кеңешке, Элдик Курултайга жыл сайын кайрылуу гана жасайт; парламентке маалымат гана берип турат.

Айтмакчы, Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда мындан башка да жаңылыктар аз эмес. Маселен долбоордун преамбуласында бул жолу “Айкөл Манас" тууралуу сөз болот. Учурда иштеп жаткан Баш мыйзамда калктын адеп-ахлагын сактоо тууралуу эки жерде жазылса, Конституциянын жаңы долбоорунда бул сөз төрт жерде колдонулат.

Маселен 10-берененин 4-пунктунда: “Өсүп келе жаткан муунду коргоо максатында Кыргыз Республикасынын элине таанылган адеп-ахлактык баалуулуктарына, аӊ-сезимине карама-каршы келген иш-аракеттер мыйзам менен чектелет”, - деп жазылган.

Айрым юристтер адеп-ахлакты мыйзам менен кантип өлчөсө болот деп суроо салышууда. Айтор, жаңы долбоор боюнча коомчулукта пикир бир кылка эмес. Айрым адистер жаңы долбоордо бийлик бутактарынын ортосунда тең салмактуулук сакталбай калганын айтса, Конституциялык кеңешме мындай дооматтарды четке кагууда.

XS
SM
MD
LG