Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:29

Депутаттар ыйгарым укуктарын эстеди


Жогорку Кеңеш, 17-февраль, 2021-жыл.
Жогорку Кеңеш, 17-февраль, 2021-жыл.

Жогорку Кеңештин бир топ депутаттары бийликтин таңууланган тапшырмаларына кыңк этпей макул болуп келгенин моюнга алышып, буга чейин эле президенттер парламентке басым жасап, ага өз эркин таңуулап келгени азыр деле улантылып жатканын ачык айтып чыгышты.

Баш мыйзамдын жаңы долбоорун тез арада карап, кабыл алууда да ошондой көнүмүш өнөкөт кайталанып жатканын айткан айрым депутаттар буга каш кайтарып, кабыл алына турган олуттуу чечимдер үчүн алардан да кийин сурак болорун эстешти.

Суроо-сопкуттун мезгили

Жогорку Кеңештин депутаттары Баш мыйзамдын жаңы долбоорун иштеп чыккан Конституциялык кеңешменин курамы менен жолугушуу учурунда андагы айрым кемчиликтерди оңдоо жана сунуш киргизүү укугунун айланасында талаш-тартыш жүрдү. Бир катар депутаттар Баш мыйзамдын жаңы долбооруна алымча-кошумча киргизе албай, аны 11-апрелге дайындалган жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен кошо референдумга чыгарып жиберүү чекилик болорун белгилешти.

Депутат Бейшеналы Нурдинов алар бийликтин бир топ талабын аткарып келгенин, бирок бул жолу ойлонуп чечим кабыл алууга мезгил жеткенин эске салды:

"Президент камалат, премьер-министрлер камалат деген түшүнүк жок эле. Анан "2021-жылы Баш мыйзамды туура эмес иштеп чыгып, регламентти бузуп, аны мыйзамсыз шартта кабыл алууга өбөлгө түзүп, референдумга алып чыккансыңар" деп кийин бир күчтүү бийлик келгенде биздин парламенттин депутаттарын камап жибербесин. Буга чейин "тынчтык керек, саясий туруктуулук үчүн" деген себептер менен бийликтин бир топ эле демилгелерине макул болуп келгенбиз. Эми мындан кийин бизден сурашат".

Ал эми депутат Кожобек Рыспаев буга чейин президенттик аппарат парламентке басым жасап, анын ыйгарым укуктарын тымызын өзүнө ыйгарып алып, чечимдерди Жогорку Кеңеш аркылуу өткөрүп келгенин жар салды. Депутат азыр эми мамлекет президенттик башкарууга өтсө, анын укуктарын ачыктап, жоопкерчилигин кошо мыйзамдаштыруу маселеси турганын айтты:

"Сиз Баш мыйзамдын долбоорундагы "президент бардыгын өз моюнуна алып, жоопкерчиликтин бардыгы анда болот" деген беренени айтсаңыз. Мен окуп чыгып, андай беренени таппай койдум. Себеби кыңыр иштердин бардыгы президент жоопкерчилик албагандан болуп жатпайбы. Негизи биз "анын укуктары менен кошо жоопкерчилигин кагазга түшүрүп берели" дебедик беле. Биз буга чейин көшөгөнүн артында иштеп келдик. "Парламентаризм" деген эле аты болду. Укуктарыбызды колдоно алдыкпы? Жок дегенде бир премьер-министрди парламенттеги башкаруучу коалициянын атынан же болбосо кайсы бир фракция сунуштап, көргөзүп, шайлай алдыкпы? Шайлата коюшкан жок да. Бир премьер-министрдин жоопкерчилигин өз алдыбызча карадыкпы? Муну биз коомчулукка ачык эле айтышыбыз керек. Президент бүгүнкү күнгө чейин эле көшөгөнүн артында отурбайбы. Азыр эми премьер-министрдин ордуна "Министрлер кабинетинин башчысы - президенттик администрациянын жетекчиси" деп жазып келипсиздер. Президент аны өзү дайындаса, аткаруу бийлигинин иши үчүн аны дайындаган киши да жооп бериши керек".

Парламенттин 6-чакырылышы буга чейин президенттик аппараттын ишараты менен 2016-жылы Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча, 2020-жылы башкаруу формасын тандоо боюнча референдум дайындоо мыйзамдарын кабыл алып берген. Мындан сырткары депутаттар сөз эркиндигин чектөө, жарандык коомду кысымга алуу боюнча бийликке ыңгайлуу мыйзам долбоорлорун сунуштаган.

Саясат талдоочу Эмилбек Жороев бул чакырылыш өзүнүн иш-аракети менен парламентаризмди жаманатты кылганын белгиледи:

"Парламенттин бул чакрылышы өтө туруксуз болуп, ыйгарым укуктарын пайдаланып иштей албагандан, анын саясий конъюктурага жараша гана кыймылдап, депутаттар, фракциялар ортосунда ынтымак жок болуп, өз ара келишпестигинен улам ушундай абалга кептелди. Эгерде азыркы парламент сапаттуу иштеп, принципиалдуу болгондо анда азыр башкаруу формасын алмаштыруу боюнча Конституцияны өзгөртүүгө зарылдык деле чыкмак эмес".

Жаңы башкаруу үлгүсү

Депутаттарда Баш мыйзамдын жаңы долбоорундагы президент аткаруу бийлигин жетектеп, бирок бюджеттин аткарылышы жана өкмөттүн ишинин жыйынтыгы үчүн министрлер кабинетинин башчысынын жоопкерчилигин карай турган ченемдер суроо жаратты. Анткени буга чейин мамлекет башчысы аткаруу бийлиги үчүн да жоопкерчиликти алары айтылган болчу.

Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев буга мындайча жооп кайтарды:

"Биз 2010-жылдагы конституциялык реформа боюнча ошондогу Баш мыйзам боюнча парламенттик башкарууга бармакпыз. Бирок биз аягына чейин бара алган жокпуз. Анткени бизде конституциялык реформа жарым-жартылай гана жүрүп, токтоп калган. Ошондуктан биз арасат абалда болбой, президенттик башкарууга толугу менен өтөлү деген негизде бир топ варианттарды карап көрдүк. Дүйнөлүк практикада АКШнын башкаруу тутуму президенттик башкаруунун үлгүсү катары каралат экен. Анда президенттин администрациясы бир эле учурда ал аткаруу бийлиги деп турат. Президенттик администрациянын ичинде министрлер кабинети камтылган. Ошондуктан биз да министрлер кабинетинин башчысы бир эле учурда президенттик администрациянын жетекчиси деген ушул вариантка токтолдук".

Анткен менен депутат Кенжебек Бокоев аткаруу бийлигин көзөмөлдөө үчүн парламенттин ыйгарым укуктарын сактап, бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмактуулукту кармоо боюнча сунушу Конституциялык кеңешмеден колдоо таппай калганын айтты.

Кенжебек Бокоев президент аткаруу бийлигин жетектеген соң ага көзөмөлдөөчү органдардын башчыларын дайындоо укугун берүү туура эмес экенин белгиледи:

"Жаңы долбоордо Жогорку Кеңештин мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө укугу киргизилбей калды. Эсеп палатасын, башкы прокурорду, БШКны президент дайындай турган болду. Президент аткаруу бийлигин жетектеп жаткан соң аткаруу бийлигинин бюджетти аткарышын текшере турган турган Эсеп палатасын президент дайындаганы туура эмес. Ал толугу менен парламент тарабынан шайланышы керек. Ал эми аткаруу бийлигин көзөмөлдөй турган Башкы прокуратураны да президент эмес, парламент шайласа жакшы болот эле. Менин ушундай бийлик бутактарынын тең салмагын камсыздоо боюнча сунушум колдоо таппай калды".

Ушундай орчундуу сунуштар бар экенин айткан депутаттар парламенттин Баш мыйзамдын жаңы долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси күн тартибине коюлушу мүмкүн экенин белгилешти.

Ошентсе да Жогорку Кеңештин күн тартибинде белгиленген 18-февраль – бейшемби күнкү жыйыны күтүүсүздөн өтпөй калды.

Мунун себебин парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Индира Куралбекова «Азаттыкка» депутаттар Конституцияга байланыштуу сунуш-пикирлердин үстүнөн иштеп жаткандыгы менен түшүндүрдү.

«Парламент кечээ Баш мыйзамды карабады беле? Ошондо бир катар сунуш-пикирлер берилди. Мындан сырткары жарандардан да бир топ каттар келип түшкөн. Бүгүн ошолорду карап, ошол боюнча иштеп жатышкан экен»,-деди ал.

Жогорку Кеңештин жадыбалына ылайык адатта дүйшөмбү күнү тармактык үч комитеттин, шейшемби күнү калган тогуз комитеттин олтуруму болот. Ал эми шаршемби жана бейшемби жалпы палатанын пленардык жыйындары өтөт. Жума күнү парламенттеги фракциялар чогулат.

Жогорку Кеңештин сайтына Баш мыйзамдын жаңы долбоору 9-февралда жарыяланган. Буга чейин 2020-жылдын 17-ноябрында парламенттин сайтында Конституциянын 80 депутат демилгечи болгон жаңы долбоору делген документ жарыяланган. Бирок коомчулуктун сын-пикиринен кийин Баш мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу үчүн Конституциялык кеңешме түзүлгөн жана ал ишин 2-февралда аяктап, документти парламентке жиберген.

XS
SM
MD
LG