Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Март, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 14:25

Талкуусу талаш жараткан Баш мыйзам


Иллюстрациялык сүрөт.

Жарандык активисттер, юристтер Жогорку Кеңештен Баш мыйзамдын долбоорун коомдук талкууга чыгарууну талап кылышууда. Айрым маалыматтарга караганда, Жогорку Кеңеш долбоорду 30 күндүк коомдук талкуусу жок эле, тааныштыруу иретинде жарыялап, ал тез арада референдумга чыгарышы ыктымал.

Активисттер менен юристтер мындан ары да бардык кабыл алына турган мыйзамдардын долбоорлору коомдук талкууга чыгарылбай, алымча-кошумчаларга чектөө кирип калышы мүмкүн деп тынчсызданышат.

Парламент андай чектөөлөрдү “Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө" жана ошондой эле "Айрым ченемдик-укуктук мыйзам актылары тууралуу" мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү аркылуу барышы ыктымал.

Мыйзам долбоорунун авторлору бул өзгөртүүлөрдүн референдумга коюла турган Баш мыйзамга тиешеси жоктугун айтышууда.

Баш мыйзамдын долбоорун талкуулоо тартиби

Конституциялык кеңешме иштеп чыгып, жакында Жогорку Кеңешке киргизилген Баш мыйзамдын долбоору коомдук талкууга чыгарыла элек.

Бул арада айрым жарандык активисттер менен юристтер коому Баш мыйзамдын долбоору коомдук талкуусуз эле референдумга чыгарылышы мүмкүн экенине камтама болушууда. Анткени алардын айтымында, жогоруда айтылган эки мыйзамга өзгөртүү кирсе, коомдук талкуу аркылуу Баш мыйзамдын долбооруна алымча-кошумча киргизүү ченеми жокко чыгарылышы мүмкүн.

Юрист Таттыбүбү Эргешбаева бул укуктук жагдай тууралуу буларга токтолду:

"Конституциялык кеңешме тапшырган Баш мыйзамдын долбоорун Жогорку Кеңеш алгач өзүнүн ичинде талкуулап, анан 80 депутат кол коюп, анан коомдук талкууга алып чыгышы керек. Аны мыйзам боюнча коомчулук 30 күн талкуулашы керек. Анын жыйынтыгында элдин арасынан түшкөн сунуштарды кайра башынан карап чыгып, күчтүү өзгөртүүлөр зарыл болсо аларды кайра өзгөртүп, толуктап чыгып, ошонун жыйынтыгы менен аны референдумга алып чыгууга тийиш. Бирок азыр бийлик аталган эки мыйзамга өзгөртүү киргизүү аркылуу Баш мыйзамды элдик талкууга чыгарбай туруп, түз эле референдумга чыгарууну көздөп турат".

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Баш мыйзамдын долбоорун коомчулукка жарыялоо эмнеге кечеңдеп жатканына кызыкты:

Дастан Бекешов
Дастан Бекешов

"Түшүнүксүз. Менимче, Баш мыйзамдын долбоорун дагы деле президенттик аппарат редакциялып жатат окшойт. Себеби, чындыгында ал президенттик аппараттын долбоору да. Ал эми Конституциялык кеңешме жөн эле отуруп, өзүнүн бир топ сунуштарын берди. Ал эми чын-чынында долбоордун 70 пайызга чукулун президенттик аппарат жазып чыккан. Анан азыр лингвистикалык экспертиза дагы болушу керек. Бирок долбоордун текстин бизге да беришсе жакшы болот эле. Ал экспертиза өткөрүүгө эч кандай тоскоол деле болмок эмес. Жок дегенде долбоорду сайтка чыгарып коюшса болот эле".

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Индира Куралбекова Конституциялык кеңешмеде талкууланып, бекитилген Баш мыйзамдын долбоору парламентке келип түшүп, учурда лингвистикалык экспертизадан өтүп жатканын билдирди:

"Баш мыйзамдын долбоору парламентке келип түшүп, азыркы күндө лингвистикалык экспертизадан өткөрүлүп жатат. Эксперттик топ бүгүн-эртең ишин жыйынтыктайт. Анын корутундусунун негизинде бүтөрү менен эле Баш мыйзамдын долбоорун сайтка жарыялайбыз. Баш мыйзамдын долбоору сөзсүз түрдө коомчулуктун кароосуна коюлат".

Талкууга чыгаруунун ташпиши

Айрым жарандык активисттер Баш мыйзамдын долбоору сайтка таанышуу үчүн гана коюлуп, ал боюнча коомдук талкуу жүргүзүлбөй, референдумдан өтүп кетиши мүмкүн экенине тынчсызданышат.

Улан Үсөйүн
Улан Үсөйүн

Ошондуктан Улан Үсөйүн баш болгон жарандык активисттер өткөн жекшембиде "Конституцияны катпагыла" деген аталышта жарандык жүрүшкө чыгышкан:

"Баш мыйзамдын долбоорун коомдук талкууга чыгарбай, "керек болсо депутаттар дагы ага алымча-кошумчаларды киргизе албайт, парламент болгону мыйзам аркылуу референдумдун күнүн гана дайындайт" деген ойду айтып жатышат. Ошондуктан биз Баш мыйзамдын долбоору коомдук талкууга чыгышы керектигин айтып жатабыз. Анткени адатта жөнөкөй мыйзамдарды кабыл алып жатканда деле коомдук талкуу жүрөт. Ал эми жөнөкөй эмес, Баш мыйзамдын долбоорун карап, кабыл алганы жатканда аны элден жаап-жашырып, референдумдан алып өтүп кетпей, сөзсүз түрдө аны коомдук талкууга алып чыгуу максатка ылайыктуу".

Регламентти өзгөртүүнүн максаты

Анткен менен аталган эки мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, депутат Акылбек Жапаров парламенттин регламентине, анын мыйзамдарды кароо жана кабыл алуу тартибине өзгөртүү киргизүү демилгесинин Баш мыйзамдын долбоорун кароого тиешеси жок деп эсептейт:

"Биз референдумдан кийинки мыйзамдарды Баш мыйзамга тезирээк шайкеш келтирүү үчүн парламенттин регламентине өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатабыз. Анын референдумга жана алдыдагы ага коюла турган Баш мыйзамды кароого эч кандай тиешеси жок. Ал буга чейин мурда эле кабыл алынып, иштеп жаткан "Референдум өткөрүү жөнүндө" мыйзам боюнча жөнгө салынат. Ал мыйзам боюнча Конституциялык кеңешме ишин жыйынтыктап, аны парламентке тапшырган соң биз Баш мыйзамдын долбооруна эч кандай өзгөртүү жана толуктоолорду киргизе албайбыз. Жогорку Кеңеш Баш мыйзамды кабыл алуу боюнча референдумдун датасын гана дайындай алабыз. Анан эл ага "макул" же "каршы" деп добушун берип, жыйынтыгы чыгарылат. Ага биз сунуштап жаткан мыйзамдардын таптакыр тиешеси жок. Ал коомдук талкууга азыркы мыйзамдар кандайча чыгарылып жатса, ошондой эле чыгарыла берет. Азыр ал комитеттер бир сыйра карап чыгып, долбоорду сайтка жайгаштырып коёт. Бирок ал долбоорду талкуулоо үчүн эмес, аны менен таанышып чыгуу үчүн гана жарыяланат".

Юрист Таттыбүбү Эргешбаева мыйзам кабыл алуу тартибине өзгөртүү киргизүү бир эле референдумдан кийинки мыйзамдарга эле эмес, Баш мыйзамдын долбоорун кароого дагы тиешеси бар экенин айтты. Ал муну менен мыйзамдарды коомдук талкууга чыгарып, териштирип, үч окууда кароо тартиби жоюлуп кетиши мүмкүн экенин белгиледи:

"Мына ошол конституциялык мыйзамдарды коомдук талкуу аркылуу гана парламенттен өткөрүү керек. Булар анысы жок эле бардык укуктук-ченемдерди коомдук талкуусу жок эле өткөрүп салалы деп жатышат. Биздеги учурдагы кырдаалды пайдалануу аркылуу Баш мыйзамды кабыл алуу үчүн аны коомдук талкуусуз эле референдумга чыгарууга жол ачылып калат. Ошондуктан жогорудагы эки мыйзамга өзгөртүү киргизилгени турат. Ошол өзгөртүүлөр кирсе эле, бир эле башка жөнөкөй мыйзамдар гана эмес, конституциялык мыйзамдар жана Баш мыйзамдын долбоорун дагы талкуусуз эле референдумга алып чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Анткени, апрелдеги жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен кошо Баш мыйзамды кабыл алуу боюнча референдумду өткөрүүнү көздөшүүдө. Себеби ансыз өзүнчө өтө турган болсо, референдумга катышуу камсыздалбай калышы мүмкүн. Бул жерде ошол эле маселе бар".

Быйыл 10-январда болуп өткөн референдумда президенттик башкаруу түрүн тандаган чечим кабыл алынган. Эми Конституциялык кеңешме иштеп чыккан Баш мыйзамдын долбоору парламентте каралып, андан соң ал референдумга чыгарылат. Жарандык активисттер Баш мыйзамдын долбоорун карап, кабыл алуу тартиби бузулуп жатканын буга чейин да айтып чыгышкан болчу.

Пикирлерди көрүңүз (9)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG