Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:36

Өкмөт министрликтерди кескин кыскартат


Улукбек Мариповдун өкмөтү парламенттин тармактык комитетинин жыйынында. Бишкек, Кыргызстан. 2-февраль, 2020-жыл.
Улукбек Мариповдун өкмөтү парламенттин тармактык комитетинин жыйынында. Бишкек, Кыргызстан. 2-февраль, 2020-жыл.

2-февралда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети премьер-министрлик кызматка Улукбек Мариповдун талапкерлигин, жаңы өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын бир добуштан жактырды.

Эми жаңы өкмөт Жогорку Кеңеш жалпы жыйында талкуулап, бекитип берсе, ишке киришмекчи.

Эски-жаңы министрлер

Марипов өкмөттүн курамына 16 талапкерди сунуш кылды. Талапкерлердин сегизи жаңы сунушталууда, калган сегизи өкмөттүн курамында мурда иштеп келгендер. Алар:

1. Улукбек Марипов, премьер-министр;
2. Артём Новиков, биринчи вице-премьер-министр;
3. Улукбек Карымшаков, экономика жана финансы министри, вице-премьер;
4. Жеңиш Асанкулов, өкмөттүн аппарат жетекчиси;
5. Руслан Казакбаев, тышкы иштер министри;
6. Таалайбек Өмүралиев, коргоо министри;
7. Аскар Жаныбеков, айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри;
8. Кубанычбек Турдубаев, энергетика жана өнөр жай министри ;
9. Улан Ниязбеков, ички иштер министри;
10. Гүлмира Абдралиева, транспорт, архитектура жана коммуникациялар министри;
11. Бообек Ажикеев, өзгөчө кырдаалдар министри;
12. Асел Чынбаева, юстиция министри;
13. Кайрат Иманалиев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;
14. Алмазбек Бейшеналиев, билим берүү жана илим министри;
15. Алымкадыр Бейшеналиев, саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри;
16. Камчыбек Ташиев, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы.

Буга чейин өкмөттүн курамы 22 жетекчиден турган.

"22 өкмөт мүчөсүнүн 16сы гана калтырылат. Муну менен катар каржылык жоопкерчиликти арттыруу багытында Экономика жана финансы министрликтери бириктирилет, Социалдык өнүктүрүү министрлиги Саламаттыкты сактоо министрлигине кошулат, Транспорт министрлигине архитектура тармагы да жүктөлөт. Коргоо министрлиги кайрадан түзүлөт. Андан сырткары, энергетика чөйрөсүндө көйгөйлөр көп экендиги эске алынып, өзүнчө министрлик түзүлүп, Айыл чарба министрлигине аймактарды өнүктүрүү жоопкерчилиги берилет. Тармактарды жетектөөгө дасыккан, тажрыйбасы мол адистер сунушталууда", - деди Марипов.

Кесин кыскартуулар

Ошентип өкмөттүн жаңыдан бекитилиши менен анын түзүмү да кыйла өзгөрө турганы белгилүү болду. Бийлик министрликтерден, комитеттерден жана агенттиктерден турган мурдагы 48 мекеменин санын кыскартып, аны 12 министрликке бириктирерин маалымдады. Жалпы өкмөт мүчөлөрү 16 болот. Бул кыскартууну колдогондор да, сынга алгандар да чыгып жатат.

Демек, жаңы Конституция кабыл алынгыча премьер-министр деген кызматтын өзү сакталып турат.

Мурда анын төрт орун басары болсо, азыр анын экөө гана калып жатат. Биринчи вице-премьер-министр жана экономикалык блок боюнча вице-премьер-министр.

Экинчи вице-премьер кошумча экономика жана финансы министри кызматын кошо аркалайт. Мурда бул эки тармак өз-өзүнчө министрлик болчу жана алар бул жолу бириктирилип жатканы такталды.

Эски аталыштардан Тышкы иштер министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, Ички иштер министрлиги жана Юстиция министрлиги өз аталышы менен сакталат. Бирок буларга бир топ органдар кошулат.


Мурдагы Транспорт жана жолдор министрлиги бул жолу Транспорт, архитектура жана коммуникациялар министрлиги деп түзүлсө, Айыл чарба, азык-түлүк жана мелиорация министрлиги Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү деп өзгөртүлөт.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен “туризм” деген сөз алынып спорт жана жаштар тармагы кошулган. Бирок туризм тармагы деле ушул эле министрликте калат.

Саламаттык сактоо министрлиги эми Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги деп аталат. Башкача айтканда, мурдагы Социалдык өнүктүрүү министрлиги жоюлат.

Жаңылардан Коргоо министрлиги менен Энергетика жана өнөр жай министрлиги түзүлөт. Алар Башкы штаб менен Өнөр жай комитетинин ордун басары түшүнүктүү.

Өкмөттүн аппарат жетекчиси кызматы менен өкмөттүн курамына кирген Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет мурдагыдай эле калып жатат. Бирок мурдараак атайын кызматка Чек ара кызматы да кошулганы белгилүү.

Премьер-министрликке сунушталып жаткан Улукбек Марипов бул курам президент Садыр Жапаров менен макулдашылганын билдирди. Ал депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, бул коомдун талабы экенин жана мамлекеттик кызматкерлер санын кыскартууга алып келерин айтты.

Улукбек Марипов.
Улукбек Марипов.

«Буга бир эле себеп бар – бул бүгүнкү күндүн талабы. Азыр жетекчи деген абдан көп. Бирок жоопкерчилик кандай болуп жатат? Ошондуктан бир тармакка бир киши жооп берсе, ал дагы ойлонот да. Отуз жылда «бөлүп ал да, башкара бер» деген принцип катуу иштеп кетиптир, бир тармакка төрт-беш киши жооп берип келген. Канчалаган гранттар келди, миллиондогон долларлар келди, мамлекеттин мойнуна илинди, бирок өзгөрүү аз болду. Убакыт жетти го дейм. Азыр ошон үчүн Конституция өзгөрүп жатат, система, мамлекетти башкаруу формасы өзгөрүүдө. Кимдир бирөө муну жасаш керек да».

Өкмөттүн курамын жана түзүмүн бекитүү боюнча парламенттин тармактык комитетинин жыйынында министрликтердин түзүлүшүнө байланыштуу кескин сын пикирлер болгон жок. Көбү ирилештирүүнү колдой турганын айтып жатышты. Бирок мунун ийгиликтүү болорунан күмөн санагандар да чыкты.

Депутат Асел Кодуранова мындай деди:

«Саламаттык сактоо министрлиги менен Социалдык өнүктүрүү министрлигин бириктирип жатасыздар. Бул экөө аябай чоң тармак. Булардын ар бирине өзүнчө сындар көп айтылып келчү, эми ошо экөөнү бириктиргенде бир министр кантип алып кетет? Сиздер мекемелерди кошууда финансылык жактан карап жатасыңар да, үнөмдөө болот деп. Бирок эки тармактын кагаздары баары бир башкача болот да, анда деле сарамжал болбойт. Кайрадан чыгымдар кетет буга».

Мунун алдында өкмөттүн жаңы түзүмү тууралуу маалыматтар социалдык түйүндөрдө жана массалык маалымат каражаттарында тарап жаткан.

Анда Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы менен Мамлекеттик каттоо кызматы ИИМге кошулары айтылса, Улуттук банк Экономика жана Финансы министрлигине бириктирилери көрсөтүлгөн эле.

Бирок жаңы премьер-министр Улуттук банк тууралуу маалыматты төгүндөп, калган мекемелер кайсы органдарга кошулары дале каралып жатканын билдирди.

Бирок бул жагдай коомчулукта бир топ сын пикирлерди жаратууда. Мурдагы экономика министри, соңку шайлоодо президенттикке талапкер болгон Жеңишбек Байгуттиев буларга токтолду:

Жеңишбек Байгуттиев.
Жеңишбек Байгуттиев.

«Экономика министрлиги менен Финансы министрлигин кошууну мен өтө чоң катачылык деп эсептейм. Анткени ал экөөнүн функциялары ар башка. Финансы министрлиги көбүнчө касса. Албетте анда каржыны программалоо милдети бар. Бирок каржылоо негизинен жылдын экинчи жарымына туура келгендиктен, Финансы министрлигинде керек болсо негизги иш ноябрь-декабрда жүрөт. Экономика министрлиги өнүктүрүү менен алек болот. Менин көз карашымда азыр өнүктүрүү функциясы анча жакшы эмес, экөөнү бириктирип салганда бул функция андан бетер алсызданат. Ал эми Улуттук банкты да буларга кошуунун кереги жок, ал толук көз карандысыз болушу керек. Болбосо өкмөт Улуттук банкты өзүнө алып алса, салык чогулта албай калса эле акча басып чыгарам деп калышат. Улуттук банк толугу менен көз карандысыз саясат жүргүзүшү шарт. Мындан сырткары Инвестицияларды тартуу агенттигин президенттин алдына алып баратышканы да туура эмес. ».

Өкмөттүн түзүмү соңку ирет 2016-жылы жайында мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп турганда өзгөргөн. Анда айрым бир министрликтер, агенттиктер бириктирилип, эки жаңы комитет жана эки жаңы министрлик түзүлгөн.

Тактап айтканда, Өнөр жайы, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети, Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети, Транспорт жана жолдор министрлиги менен Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги пайда болгон.

Жээнбеков президенттикке кеткенде өкмөт башчы болгон Сапар Исаков ушул эле тартипте иштеген. Мухаммедкалый Абылгазиев 2018-жылы премьер-министр болгондо жаңы түзүм сунуштай турганын билдирген, бирок ал андай долбоорду 2019-жылдын башына дейре парламентке алып келген эмес. Андан кийин премьер-министр болгон Кубатбек Бороновдо буга чамасы деле жеткен жок сыяктуу.


Бийлик алмашкандан кийин өкмөт башчы болгон Садыр Жапаров министрлерди жана вице-премьерлерди алмаштырганы болбосо, түзүмгө тийген эмес. Ал реформалар кийин болорун убада кылган.

Былтыр ноябрда мамлекеттик органдардын тутумун реформалоодо сунуштарды иштеп чыгуу боюнча мекеме аралык комиссия түзүлгөн. Соңку өзгөрүүлөр ошонун ишинин жыйынтыгы экени көрүнүүдө.

Бирок ошол эле учурда орун алмаштыруудан сумма өзгөрбөй турганын айткандар чыкты. Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев социалдык түйүндө мындай пикири менен бөлүштү:

Эмилбек Каптагаев.
Эмилбек Каптагаев.

«Бири-бирине кийлигиштирип, сыйлыгыштырып салуу менен иштин натыйжалуулугу жакшырбайт, тетирисинче кай бир маселелердин чечилиши чоюлуп, кошумча бюрократия пайда болот. Мисалы, мурда кайсы бир Агенттиктин жетекчиси жоопкерчиликти өзүнө алып чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгү болсо, кайсы бир министрликке сыйлыгышып калгандан кийин адегенде өзү түшүнүп маселеленин чоо-жайын, анан барып министрдин орун басарына кирет, ага түшүндүрөт, ал түшүнсө андан ары министрге киришет, анын чолосу тийип кабыл алгыча бир нече күн өтөт, анан дароо түшүнсө жакшы, түшүнбөсө дагы бир топ убакыт кабинеттен кабинетке кирип жүрө бермей болуп калат. Оптималдаштыруу деген бул министрликтер менен ведомстволордун санынын арифметикалык кыскаруусу эмес, бул деген маселелердин ыкчам жана натыйжалуу чечилишин камсыз кылуу, тармак үчүн жоопкерчиликти жогорулатуу, жөнү жок макулдашууларды, аркы-берки документтердин көчүп жүрүүсүн азайтуу. Мамлекеттик башкаруудагы структуралык реформа кандайдыр бир концепцияга, аныкталган стратегияга баш ийдирилиши зарыл, өтө тыкыр жасалган функционалдык анализге негизделиши шарт. Жөн эле көз божомол менен чолок логикага салып жасай салчу иш эмес. Кесепети өлкө үчүн, эл үчүн жаман болот».

Ошол эле убакта 2020-жылдын октябрында төңкөрүштүн арты менен кызматка келген айрым саясатчылар кайсы бир кызматтардын жоюлушуна нааразылык билдирип жатышат.

Финансы полициясынын башчысы Сыймык Жапыкеевдин посту.
Финансы полициясынын башчысы Сыймык Жапыкеевдин посту.

Маселен, алардын бири Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы Сыймык Жапыкеев өзү жетектеген мекеменин жоюлуп жатканын сындап чыкты. Мурдараак бул кызмат ИИМдин курамына өткөрүлөрү маалымдалган эле.

Ушул тушта президент Садыр Жапаров өзү "Фейсбуктагы" баракчасында пост калтырып, кайсы бир адамдардын кызыкчылыгы үчүн министрликтерди же кызматтарды сактап калуунун зарылчылыгы жок экенине токтолду. Ал мурдагы жана жаңы өкмөттүн структураларынын сүрөтүн жарыялап, буларды жазды.

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

«...Бүгүнкү күндө жалпысынан 48 министрлик, комитет, агенттик жана башка ведомстволор бар экен. Кимге кызмат жетпей калса эле министрлик ачып бере беришкен. Элге кылган кызматы же пайдасы жок, казынадан миллиарддарды жеп отурушат. Таблицадан көрүп турганыңардай, ошонун баарын кыскартып, 12 эле министрлик калтырдык. Бир эле энергетика системасынан 2 миллиард сом үнөмдөлүп жатат. Кичинекей Кыргызстан үчүн керек болсо 12 министрлик да көптүк кылат. Бирок азырынча ушундай кылдык. Ар бир чечимди «жети өлчөп, бир кесип жатабыз». Бир революционердин кызыкчылыгын көздөп, алты жарым миллион элдин кызыкчылыгын тебелебейли».

Өкмөт аппаратынын азыркы башчысы Бактыбек Аманбаев былтыр ноябрь айында Кыргызстанда 28 миң мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер бар экенин билдирген. Бул өлкөнүн ар бир 447-жараны аткаминер дегенди түшүндүрөт. Алардын айлык акысына 48 миллиард сом жумшалат. Ал ошол себептүү кескин кыскартууларга баруу зарылдыгын белгилеген.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG