Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:01

Кылмыш иши козголгон өкмөт башчылар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда кезектеги премьер-министр, өкмөттү эки жылдан ашык башкарган Мухаммедкалый Абылгазиев кылмыш ишине кириптер болуп камалды. 26-январда камакка алынган Мухаммедкалый Абылгазиев «кара тизмеге» кирген онунчу өкмөт башчы болуп калды.

Өлкөнүн эгемен 30 жылдык тарыхында 23 өкмөт башчы алмашса, анын 10уна кылмыш иши козголгон. Алардын алтоону сот түрмөгө кессе, беш экс-премьер эмгиче издөөдө жүрөт. Алардын ичинен Курманбек Бакиев менен Алмазбек Атамбаев эки ирет премьерликке келген. Эми Кыргызстанда мурунку премьерлер эмне деп айыпталганына токтололу.

2005-жылдагы «жоогазын» ыңкылабынан соң Акаевдин тушундагы акыркы өкмөттү башкарган Николай Танаев капсалаңдуу тизмени баштайт.

Николай Танаев.
Николай Танаев.

Кыргыз өкмөтүн 2002-2005-жылдары жетектеп, кийин Орусияга чыгып кеткен Танаев алты кылмыш ишинин фигуранты экени айтылган. Ал негизинен «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси менен шек саналып жатканын Башкы прокуратура билдирген эле. Бирок анын бирөө да сотко чейин жеткен эмес. Орусияда ар кыл жогорку кызматтарды аркалап жүрүп, Танаев былтыр 74 жашында каза болду.

Тобу менен «кылмышкерге» айланган Бакиевдин премьерлери

Эки жолу өкмөттү башкарган Курманбек Бакиев кылмыш иши козголуп, сыртынан сот өкүмү чыккандардын катарын толуктайт.

Курманбек Бакиев.
Курманбек Бакиев.

Албетте, Бакиевге өкмөттүн эмес, мамлекеттин башында турган учурдагы кылмышы үчүн өкүм чыккан. Тагыраагы, Бакиев 2010-жылкы апрель окуяларынын учурунда 90го жакын адамдын өмүрүн алган ок атуу үчүн 30 жылга сыртынан кесилген. 11 жылдан бери Бакиев Беларуста жашап жүрөт. Ал өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, маал-маалы менен «калыс сот жүргөн жок» деген билдирүүлөрдү жасап турат. Бирок Кыргызстандын сотуна келип жооп берүүдөн баш тарткан.

Апрель ыңкылабынан соң иш козголуп, сыртынан соттолгон дагы бир мурдагы премьер-министр - Данияр Үсөнов. Кыргыз өкмөтүн 2000-2010-жылдары башкарган Үсөнов Ала-Тоо аянтында тынч жарандарга ок атууга байланыштуу сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган. Мындан башка да экономикалык иштер боюнча мурдагы премьерге карата айыптар коюлган.

Данияр Үсөнов.
Данияр Үсөнов.

Эл аралык издөөдө жүргөн Үсөнов үч жыл мурун Беларуста Даниил Урицкий деген ысым менен пайда болгон. Минскинин сыртындагы Улуттук биотехнологиялык корпорацияны жетектеп, бараандуу ишкер болуп чыга келген.

Бакиевдин заманында өкмөттү башкарган Игорь Чудиновго «Бишкектин айланасында жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялаган» деген айып 2018-жылы коюлду.

Игорь Чудинов.
Игорь Чудинов.

Ал 2007-2009-жылдары премьер-министр болуп турганда кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп табылган. Бишкек шаардык соту Чудиновду 5 миллион сомдук айыпка жыккан. Бул өкүм күчүнө киргенде ал депутаттык мандатынан да ажыратылган.

Эки премьерди түрмөгө түрткөн ЖЭБ иши

Кыргызстандын тарыхындагы эң чуулгандуу коррупциялык чырдын бири Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоодон чыккан. 2018-жылы тергөө башталып, анын алкагында 2012-2014-жылдардагы премьер Жантөрө Сатыбалдиев менен 2017-2018-жылдары өкмөттү башкарган Сапар Исаков жазага тартылды. Исаков 15 жылга эркинен ажыратылса, Сатыбалдиев 7,5 жылга кесилген.

Жантөрө Сатыбалдиев жана Сапар Исаков.
Жантөрө Сатыбалдиев жана Сапар Исаков.

Бирок былтыр октябрдагы элдик толкундоонун күчү менен экөө тең түрмөдөн бошотулган. Андан бери Исаков кайда экени белгисиз. Сатыбалдиев учурда ден соолугуна байланыштуу ооруканада экени кабарланган.

Бишкек ЖЭБиндеги чырга эки жолу өкмөттү башкарып, 2011-2017-жылдары мамлекетти башкарган Алмазбек Атамбаев да илээшти.

Алмазбек Атамбаев жана Фарид Ниязов сот залында. 2020-жылдын 23-декабры.
Алмазбек Атамбаев жана Фарид Ниязов сот залында. 2020-жылдын 23-декабры.

2019-жылы августта камалган Атамбаевге Кой-Таштагы операция учурунда каза болгон офицердин өлүмү баш болгон башка да бир нече факт боюнча кылмыш иши козголгон. Ал ушу тапта Бишкектеги №47 абакта отурат. Ошентип Атамбаев өлкө тарыхында темир тор артына отурган биринчи мурдагы президент да болуп калды.

Бир нече иш козголгон Бабанов

Өлкө парламенттик системага бет алгандан кийин өз партиясы менен Жогорку Кеңешке келип, премьерликке дайындалган Өмүрбек Бабанов 2011-2012-жылы өкмөттү башкарды.

2017-жылы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековго башкы атаандаш болуп, күрөшкө чыкканда бир нече кылмыш иши козголду. Анын айынан саясий дымагы күчтүү Бабанов «Республика» партиясынын лидерлигинен кеткенин жарыялаган.

Өмүрбек Бабанов.
Өмүрбек Бабанов.

Ушул тапта да Бабанов өзүнө козголгон иштер боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финансы полициясы) маал-маалы менен барып, сурак берип жүрөт. Октябрдагы башаламандыкта чон саясатка кайтканын жарыялаган Бабанов кайсы кылмыш иштерине кириптер экенин өзү да, укук коргоо органдары да коомчулукка түшүндүрө элек.

Байлыгы баш ооруга айланган Жумалиев

Кыргыз өкмөтүн 1998-жылы башкарган академик Кубанычбек Жумалиевге укук коргоо органдарынын суроолору акыркы убакта күчөдү. Былтыр жазында Финансы полициясы Жумалиевдин мүлкү боюнча сотко чейинки териштирүү башталганын кабарлаган.

Кубанычбек Жумалиев.
Кубанычбек Жумалиев.

Ага ал убакта коррупцияга элдешкис күрөш жарыялаган жарандык активист Сыймык Жапыкеевдин арызы түрткү болгон. 2020-жылдын октябрындагы бийлик алмашуудан кийин Жапыкеев Финполицияны жетектеп калды. Эми ал Жумалиевдин мүлкүнүн чоо-жайынын аягына чыгууга убада берүүдө. 29-январда Кубанычбек Жумалиев менен анын жакындарына дагы бир кылмыш иши боюнча сотко чейинки териштирүү башталды.

Кыргыз премьерлери кабылган капасалаңдуу тагдырды кантип түшүндүрсө болот? Бул чын эле мыйзам үстөмдүгүнүн көрсөткүчүбү же тек гана кезектеги саясий кризисте өкмөт башчы садага чабылабы?

2005-2007-жылдардагы премьер-министр Феликс Кулов бул жагдайды бир нече себеп менен түшүндүрөт. Анын айтымында, премьер коллегиалдуу органдын жетекчиси болгондуктан көпчүлүк учурда өкмөт үчүн өзү жалгыз жооп берет.

«Өкмөт боюнча мыйзамга ылайык, министерлер кабинети жамааттык орган болуп саналат, - деди ал. - Премьер-министр ички гана бир нече маселени эске албаганда, өз алдынча чечим кабыл ала албайт. Күн сайын көптөгөн чечимдер кабыл алынат. Ошондуктан ал кол алдындагы адистердин айтканына таянып иш алып барат. Бирок кийин иш козголгондо дал ушул жагдайды эске алып туруп териштириш керек».

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев Кыргызстанда премьер-министрди «садага чабуу» салтка айланганын белгиледи:

Каныбек Иманалиев.
Каныбек Иманалиев.

«Жалпысынан айтсам, бизде эң коррупцияга баткан маселелер, Кумтор, бажы, ири жол долбоорлору президенттин макулдугу жок чечилбейт. Бирок премьер-министр кол коюуга аргасыз, ошон үчүн курмандыкка чалынып келатышат».

Борбор Азиядагы коррупция маселелерин иликтеп келе жаткан адис Эркайым Мамбеталиева мунун баарын жемкорлуктун желеси жайылганынан көрөт.

Кыргызстан Борбор Азиядагы премьер-министрлерди эң көп алмашкан өлкө болуп саналат. Советтер Союзу урагандан берки 30 жылда Казакстанда 11 премьер-министр алмашса, Өзбекстанда беш ирет, Тажикстанда сегиз жолу жолу өкмөт кызматтан кеткен. Түркмөнстанда министрлер кабинетин президент өзү башкарат.

Баса, азыр сунушталып жаткан жаңы Конституциянын долбооруна ылайык, эми премьер-министр деген кызмат Кыргызстанда да жоюлганы турат. Жаңы президент бийликтин эки тизгин, бир чылбырын колуна алып, аткаруу бийлигин өз карамагына алат. Ал эми министрлер кабинетинин төрагасы президенттин аппаратын да жетектеп, саясий салмагы азаят.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG