Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:56

Өкмөттү түзүү күн тартибине чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президенттин инаугурациясынан кийин жаңы өкмөттү шайлоо күн тартибине чыкты.

Парламенттеги көпчүлүк коалиция өкмөт башчылыкка талапкер тууралуу расмий сүйлөшүүлөрдү баштай элек. Буга чейин Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициянын лидери Иса Өмүркулов парламенттеги коалиция өкмөт башчылыкка талапкерди президенттин инаугурациясынан кийин көрсөтө турганын айткан болчу.

Коалициядагы «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты Марлен Маматалиев өкмөт башчылыкка талапкер жаңы президенттин пикирин эске алуу менен тандалат деген оюн ортого салды:

«Кийинки жумада талапкерди карайбыз деп күтүлүүдө. Эми эл президенттик башкарууну тандады. Ошондуктан азыркы президенттин пикирин эске алып тандайбыз. Азыр ортодо туруп калдык. Жаңы Конституция кабыл ала элекпиз. Ошондуктан президенттин пикирин күтөбүз».

Айрым депутаттар башкаруучу коалициянын жыйыны 1-февралда өткөнү жатканын, ошондо талапкер белгилүү болорун билдиришти.

Мурдагы депутат Исхак Масалиевдин пикиринде жаңы бийлик азыркы кырдаалда өкмөт башчылык кызматка убактылуу фигураны тандабашы керек. Экс-депутат жаңы Баш мыйзамдын кабыл алынышы менен мамлекеттик башкаруу өзгөргөн учурдагы аткаруу бийлигинин ролуна токтолду:

«Баарыбыз ойлоп жатабыз, Конституция өзгөртүлгөндөн кийин эле дароо иштеп кетет деп. Андай эмес. Конституцияга таянып ага бир топ мыйзамдарды дал келтириш керек. Демек, бул жерде маселе оңой эмес. Өкмөт башчы эл аралык аренага чыгат, токтомдорго кол коёт. Убактылуу деген болбошу керек. Анда адам иштебейт. «Мен эки айга келгем, калпак, чепкен кийип кетип калам» деген болбойт».

Азыркы Баш мыйзамга ылайык, өкмөт башчы кызматтан кеткенден кийинки 15 күн ичинде Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалиция жаңы премьер-министрдин талапкерлигин алып чыгышы керек.

КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев өкмөт курамы, премьер-министр президенттин аппаратынан чечилерин белгилеп, талапкерлердин арасында Новиков менен Ташиев бар экенин билдирди:

«Көпчүлүк Ташиев, Новиков деп жатат. Эми бул убактылуу өкмөт болот. Конституция жаңыланганга чейин акыркы премьер-министр болуп калат».

Азыркы өкмөт башчынын милдетин аткарып жаткан вице-премьер-министр Артём Новиковдун жана Жапаровдун санаалашы, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин аттары буга чейин да аталып келген.

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров "Саясат.kg" сайтындагы маегинде Камчыбек Ташиев өкмөт башчылыкка тандалат деп ишенерин билдирген. Парламент депутаты Акылбек Жапаров да Камчыбек Ташиевдин талапкерлиги туура болот деп эсептейт.

«Камчыбек Кыдыршаевич өкмөттүн жумуштарын жакшы билет, - деди ал. - Министр болгон. Тажрыйбасы бар чечкиндүү адамдар керек. Биринчи орунда президенттин оюн ишке ашырам деген, анын ишеничин алган киши керек».

Ошол эле кезде өкмөт башчылыкка башка да адам келиши толук мүмкүн экени айтылды. Ал арада 24.kg агенттиги өз булактарына таянып өкмөт башчылык кызматтан парламент депутаты Аалы Карашев, Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов жана Оштун экс-мэри Мелис Мырзакматов баш тартканын жазды. Ошондой эле агенттик көпчүлүк коалиция өкмөт башчынын милдетин аткарып жаткан Артём Новиковдун талапкерлигине токтолуп жатканын маалымдады.

Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум апрель айында өтөрү кабарланууда. Эгерде анда азыркы сунушталып жаткан Баш мыйзамдын долбоору жактырылса өкмөт башчылык кызмат жоюлуп, анын ордуна президенттик аппараттын жетекчиси министрлер кабинетин да башкарып калат.

Учурда Кыргызстанда премьер-министрдин милдетин биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков аткарууда. Ал 21-январда президенттик шайлоодо жеңгени расмий жарыялангандан кийин кызматын өткөрүп берген Садыр Жапаровдун ордунда иштеп жатат. Жапаров премьерлигин тапшырып бергенден кийин өкмөт курамы да кызматтан кетип, кийинкиси куралгычакты министрлер убактылуу милдетин аткаруучу болуп калышат.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG