Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:10

Жапаров ишин эмнеден баштайт?


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

28-январда шайланган президент Садыр Жапаров ант берип, кызматка расмий киришет.

Президенттик аппарат жаңы мамлекет башчы кол койчу он чакты жарлык даяр экенин билдирди. Садыр Жапаров ишин эмнеден баштайт?

Садыр Жапаров кызматка киришери менен кол койчу онго жакын жарлык даяр турганын президенттик аппараттан кабарлашты. Аппарат жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов жарлыктар кайсы тармакка тиешелүү экени жана эмнени камтырын тактаган эмес.

Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек даярдалган документтер «өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган чечимдер» деп айтуу менен чектелди. Алгачкы жарлыктар арасында президенттин негизги демилгелери бар экенин кошумчалады.

Ак үйдөгү булактар билдиргендей, Жапаров экономика, социалдык тармак, гуманитардык багыт жана жарандарды сергек жашоого үндөгөн жарлыктарга кол коёт.

Азыркы Баш мыйзамда президенттин ыйгарым укуктары чектелген. Мамлекет башчы көпчүлүк чечимдерди парламент жана өкмөт менен макулдашууга тийиш.


Шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө Садыр Жапаров элге мамлекеттик органдардын натыйжалуугун арттыруу, жоопкерчиликти жогорулатуу, коррупцияга каршы күрөштүү күчөтүү сыяктуу убадаларды калың берди.

Жапаров инаугурацияны утурлай социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу тарапкерлерине кайрылып, реформаларды ишке ашырам деген убадасын кайталады:

«28-январь ант берүү күнүнөн кийин расмий ишке киришкенден тартып реформалар башталат. Жаңы өкмөт түзүлөт. Өкмөттүн жаңы түзүмү болот. Апрель айында жаңы Конституция кабыл алынат. Андан кийин жаңы мыйзамдар иштей баштайт. Ошентип май-июнь айларына барып гана саясий процесстер бүтөт».

Анткен менен Садыр Жапаровдун өз убадаларынын өтөөсүнө чыгышы Конституциядагы ыйгарым укуктарына барып такалат.

10-январда өткөн референдумда добуш бергендердин 80% ашыгы президенттик башкаруу формасын тандаган. Анын негизинде Баш мыйзамдын жаңы редакциясын даярдап жаткан Конституциялык кеңешме президенттин укуктарын жана жоопкерчилигин кеңейткени белгилүү болду.

26-январда чогулган жыйында Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев Баш мыйзамдын долбоорундагы президенттин укуктары жөнүндө буларга токтолду:

«Биз жоопкерчиликти коштук. Президентке көп ыйгарым укук кетип калды деген сөз болуп турат. Мисалы, президенттин беренесин карасаңыздар, ал кишинин беш-алты функциясы бар. Ал мамлекеттин башчысы, ал аткаруу бийлигинин да башчысы, ал ички жана тышкы саясатты аныктайт, Баш мыйзамдын гаранты болот. Андан башка эң негизги жобосу бар - мамлекеттик бийликтердин ымалашып иштешине кам көрөт».

Ошентип мамлекеттик бийликтин эки тизгин бир чылбырын колуна алууга камынган Садыр Жапаров өлкөнү кантип башкарат?

Саясат таануучу Эмилбек Жороев жаны президенттин багыты алгачкы кадрдык дайындоолорунан, чечимдеринен көрүнөрүн белгиледи:

«Он жарлыкка кол коёру айтылганы менен мааниси эмне экенин таба алган жокмун. Бирок буга чейинки айтып келгенине караганда, биринчи эле кезекте экономикалык реформаларды илгерилетүүчү топ түзүү, экономикалык кылмыштарга каршы демилгелер, люстрацияга, конституциялык реформага байланыштуу демилгелер болушу мүмкүн. Бирок бул маселелерди президенттик жарлыктын алкагында чечүү жагы түшүнүксүз».


Жапаров шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө улуттук баалуулуктарга көңүл буруп, ошол маанайдагы жарандардын колдоосуна көбүрөөк ээ болду. Элдик толкундоонун шарапаты менен бийликке келген соң айрым маалымат каражаттары Жапаровдун улутчул билдирүүлөрүнө көңүл буруп, «Кыргыз Трампы» деп салыштырып жазып чыгышты.

Кыргызстандагы соңку окуяларга көз салып жүргөн Жорж Вашингтон университетинин Борбор Азия программасынын директору профессору Марлен Ларюэль 2020-жылкы окуяларды талдаган талкууда сүйлөп жатып, Жапаров «Кыргызстандын Путини» болууга аракет кыларын билдирди:​

«Октябрда Кыргызстанда ыңкылап же айрымдар айткандай төңкөрүш ишке ашты. Садыр Жапаров убактылуу мамлекет башына келди. Аны «Кыргызстандын Трампы» деп аташкан, бирок бир катар өңүттөрдөн алып караганда, ал Кыргызстандын Путини болуп калды. Ал күчтүү лидер, мыйзам үстөмдүгүн жана тартипти кармаган диктатор, улутчул саясатчы. Бул жерде негизги нерсе – Борбор Азияда эл күчтүү лидерди самашат, андыктан көпчүлүк учурда улутчул маандайдагы жетекчилер мамлекетти эффективдүү башкарат деп үмүттөнүшөт. Бул жерде башкы суроо - башкаруучу режимдер кантип мамлекетти эффективдүү башкара аларын көрсөтө алабы? Бул Жапаров үчүн да маанилүү көрсөткүч болмокчу».

Кыргызстанда былтыр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы эл күч менен саясий бийликти алмаштырды. Анда 10 жылдык жаза мөөнөтүн өтүп жаткан Садыр Жапаров абактан чыгып, 19-октябрда Жогорку Кеңеш аны убактылуу өкмөттүн башына отургузду. 10-январда өткөн шайлоодо Жапаров шайлоого катышкандардын 80% чукулунун добушун алып, президенттикке шайланды.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG