Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:52

Бийлик инаугурацияга камына баштады


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) мөөнөтүнөн мурун өткөн президенттик шайлоонун жана референдумдун натыйжасын расмий жарыялады. Ага ылайык, шайлоодон уткан Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришүү күнү аныкталып, ал премьер-министрлик кызматын тапшырды.

БШК көпчүлүк добуш менен шайлоонун жыйынтыгын бекитип, анын эки мүчөсү каршы добуш берди. Боршайком президенттик шайлоо боюнча сегиз, референдум боюнча 10 шайлоо участогундагы жалпы жыйынтыкка таасир этпеген добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыкканын билдирди. Президенттикке талапкер болгон Клара Сооронкулова бул шайлоонун жыйынтыгын сотко берерин билдирди.

Өкмөт кызматтан кетти

БШКнын расмий жыйынтыгы чыккандан бир күн өтпөй Садыр Жапаров премьер-министрлик кызматты тапшырды. Анын арызынын негизинде 21-январда президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытов «Кыргыз Республикасынын премьер-министри менен өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө» жарлыкка кол койду. Баш мыйзамга ылайык, өкмөт башчы кызматын тапшырган кезде өкмөттүн курамы толугу менен кызматтан кетип, жаңы министрлер кабинети түзүлгөнгө чейин алар милдетин аткаруучу катары иштеп турушат.

Конституция боюнча болочок премьер-министрдин талапкерлигин Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция сунуш кылат. Башкаруучу коалициянын лидери Иса Өмүркулов өкмөт башчылыкка талапкер президенттин инаугурациясынан кийин көрсөтүлө турганын билдирген.

Ал арада президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Садыр Жапаровдун инаугурациясы 28-январда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтө турганы белгилүү болду. Ага байланыштуу 21-январда президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытовдун жарлыгы менен инаугурацияны даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу тобу түзүлүп, иштеп жатат.

Инаугурация тууралуу маалыматтар коомдо эки ача пикир жаратты. Буга байланыштуу президенттик аппарат түшүндүрмө бергенге аргасыз болду.

Аппараттын басма сөз кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркуловдун "Азаттыкка" ырасташынча, Жапаров ант берүү аземине 10 миллион сом чыгым кетирүүгө да каршы экенин билдирген. Инаугурация күнү Бишкектин жолдорун жаппай, иш-чараны жупуну кылып өткөрүү, 10 миллион сомдук чыгым сарптабоо тууралуу сунуш берген.

«Садыр Жапаровдун инаугурациясын уюштуруу тобу аны карап чыгып, ант берүү аземин ошол сунушка жараша өткөрүү боюнча чечим кабыл алат», - деди Анаркулов.

Буга чейин былтыркы парламенттик шайлоодо "Мекенчил" партиясынан талапкер болгон Адинай Марипова Садыр Жапаровго таянуу менен инаугурацияда ашыкча чыгым болбой турганын "Фейсбуктагы" баракчасына жазган.

«Жапаров филармониянын алдынан эле залга кирет, ант берет, кайра чыгып кетет. Андан сырткары, президент болгондон кийин баарынан МАИнин коштоосун алып, жол жапканды токтотот», - деп жазган ал.

Инаугурацияны уюштуруу комитетинин башчысы Сүйүнбек Касмамбетов Жапаровдун инаугурациясына чет мамлекеттен коноктор, президенттер чакырылбаганын 21-январда билдирди.

«Биз чет мамлекеттен эч кимди чакырган жокпуз. Бир гана ыраазычылык жана чакыруу иретинде Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевге кат жөнөттүк. Ал кишинин келер-келбеси белгисиз. Башка бир дагы мамлекеттин президенттери чакырылган жок. Иш-чараны өзүбүз өткөрөбүз».

Сүйүнбек Касмамбетовдун айтымында, инаугурацияга негизинен Кыргызстандын шайлоодо активдүү болгон жарандары чакырылган.

Бир күн мурда, 21-январда президенттик аппараттын басма сөз кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов «Азаттыкка» инаугурацияны уюштуруу тобу ант берүү аземине сарпталуучу каражаттын суммасын бекиткенин билдирген.

«Канча киши чакырыларын, канча конок катышарын уюштуруу тобу карап чыгат. Пандемияга байланыштуу чаралар болот. Чакырылган коноктордун баары ПЧР анализ тапшырышы керек. Баарынын колунда маалымкаты болуш керек деп алдын-ала талап коюп атабыз. Филармонияда 1100 орун бар. Келген конокторду кандай жайгаштырабыз, баарын толтурабызбы же аралыкты сактап отургузабызбы - Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб менен кеңешип чечилет. Чет жактан кайсы конокторду чакырууну да уюштуруу тобу чечет. Мурдагыдай аткаминерлерди эмес, карапайым адамдарды көбүрөк чакыруу тууралуу сунуштар болууда», - деген Анаркулов.

21-январда түштөн кийин Манас жана Ч.Айтматов көчөлөрүнүн «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынан Чүй көчөсүнө чейинки бөлүгү жарым сааттай жабылды. Бул иш-аракет шаардын борбордук жолдорунда тыгындарды пайда кылды. Жолдун күтүүсүз жабылышы айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү нааразы кылды.

Кийинчерээк социалдык тармактардын колдонуучулары «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясы тараптан Чүй көчөсүн көздөй келе жаткан кортеждин видеолорун жарыялашты.

Президенттик аппараттын басма сөз кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов Бишкектин Манас жана Ч.Айтматов көчөлөрү шайланган президент Садыр Жапаровдун инаугурациясына даярдыкка байланыштуу жабылганын «Азаттыкка» билдирди.

Президенттик аппарат жана Бишкектин жол көзөмөл милиция башкармалыгы бул баштапкы даярдык иш-чарасы болгонун, инаугурацияга эки-үч күн калганда дагы бир жолу даярдык аракеттери болорун маалымдады.

Камылганын экинчи баскычында жолдун жабыла турганы шаардыктарга жана калаанын конокторуна күн мурунтан алдын-ала эскертилери айтылды.

БШК президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын чыгарып, натыйжада эң көп добуш алган талапкер Садыр Жапаровду президенттикке каттоо тууралуу токтом кабыл алды. Ал 17 талапкердин арасынан шайлоого катышкан шайлоочулардын ичинен 1 105 248 добушун алып, пайыздык катыш менен 79,2% түзгөнү көрсөтүлдү.​

Жыйынтыгы жокко чыккан добушканалар

Добуш берүүнүн жыйынтыктарын текшерүүдө президенттик шайлоо боюнча сегиз шайлоо тилкесинин, референдум боюнча 10 шайлоо тилкесинин шайлоо жыйынтыктары жокко чыгарылды.

БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов алар кандай мыйзам бузуу экенин санап берди:

«Добуштар менен шайлоо протоколдорун текшерүүдө кээ бир шайлоо участокторунда идентификациядан өткөн шайлоочулардын санынан автоматтык урнадан алынган бюллетендердин саны көп болуп калды. Эки жактын эсеби дал келген эмес. Айрым жерлерде шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү кайсы бир талапкердин пайдасы үчүн добуш берүүнүн жүрүшүн көзөмөлгө алып алган учурлар болгон. Ушундай себептерден улам, аймактык шайлоо комиссиялары алты шайлоо тилкесиндеги добуш берүүнүн жыйынтыгын, ал эми Боршайком эки шайлоо тилкесиндеги добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарып, жалпысынан республика боюнча сегиз шайлоо участогундагы шайлоонун жыйынтыгы президенттик шайлоонун жалпы жыйынтыгына кошулган эмес. Бул жокко чыгаруу көрсөткүчү шайлоонун жалпы натыйжасына таасир эткен жок».

Ал эми мамлекеттик башкаруу түрүн тандоо боюнча референдумдун жыйынтыгында президенттик башкарууга добуш бергендердин саны 1 133 485 жаран болуп же референдумга катышкандардын 81,30% түздү. Парламенттик башкаруу үчүн 10,90% жаран добуш берди. Баарына каршы добуш бергендердин пайыздык катышы 4,45% барабар болду. БШКнын мүчөлөрү көпчүлүк добуш менен референдумда президенттик башкарууну колдогондор көпчүлүктү түзгөнүн тааныды.

Бирок президенттик шайлоонун жана референдумдун жыйынтыктарына карата БШКнын эки мүчөсү - Гүлнара Журабаева менен Адилет Сатыгулов өзгөчө пикирлерин айтып, каршы добуш беришти.

БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева эмнеге андай добуш бергенин төмөндөгүчө түшүндүрдү:

«Мыйзам боюнча мөөнөтүнөн мурун президенттик шайлоо болгондо президенттин милдетин аткаруучу шайлоодо талапкер катары каттала албайт. Анткени мындай чектөө Баш мыйзамга бекеринен киргизилген эмес. Себеби талапкер премьер-министрлик жана президенттин милдетин аткаруучу катары шайлоого талапкер катары катталганга чейин эле өзүнүн колуна абдан чоң бийликти топтоп алып, абдан чоң административдик ресурска ээ болуп калат. Ошондой болбосун деген негизде Баш мыйзамда чектөө киргизилген. Бирок Садыр Жапаров жана анын командасы катталардын алдында ыйгарым укуктарын тапшырса болот деген негизде президенттикке талапкерлигин коюп алды. Биз аны талапкер катары каттоонун алдында да бул маселени көтөргөнбүз. Эми шайлоонун жыйынтыгын бекитүү учурунда ушуга байланыштуу өзгөчө пикир менен биз каршы добуш бердик».​

Буга чейин айрым оппозициялык маанайдагы президенттикке талапкерлер добуш берүү күнү жана добуштарды эсептөөдө шайлоонун жыйынтыгына таасир эте турган олуттуу мыйзам бузуу фактылары болгонун айтышканы менен анын расмий жыйынтыгын сот аркылуу талаша турганын айтып, азыр эми эч кимиси үн ката элек. Президенттикке ат салышкан 17 талапкердин арасынан жалгыз аял талапкер Клара Сооронкулова гана президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча сотко арыз берерин билдирди.​

Клара Сооронкулова анын дооматы добуш берүүнүн жыйынтыгы эмес, шайлоодон утуп чыккан талапкердин соттуулугу боюнча экенин белгиледи:

«Шайлоо боюнча конституциялык мыйзамдын 46-беренесинин 4-бөлүгүнүн негизинде шайлоонун жыйынтыгын талашып, сотко кайрылайын деп жатам. Анткени шайланган президенттин соттуулугунун алынбаганы боюнча шек жаралып жатпайбы. Себеби биринчи иши боюнча эле 2013-жылы август айында чыккан Жогорку соттун өкүмүндө «ага каршы даттанууга болбойт, өкүм акыркы» деп турат. Бирок Жогорку сот 6-октябрда, анан кийин 16-октябрда да мурдагы чечим жоктой эле кайра чечим кабыл алып коюп жатпайбы. Ошол негиз боюнча сотко кайрылалы деп жатабыз. Бирок сот аны кароого кабыл албай деле коюшу мүмкүн. Ошентсе да кийин бул азыр шайланган президентке импичмент жарыялаганга негиз болот».

Анткен менен президенттик шайлоодон утуп чыккан Садыр Жапаровдун тарапташтары мындай дооматтарга макул эмес. Анткени алар түрмөдөн жаңыдан чыгып, өкмөт башчылыкка көрсөтүлөрдүн алдында Садыр Жапаровго Жогорку соттон актоо өкүмү чыккан деп эсептейт.

Жогорку сот Садыр Жапаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча мурдагы сот өкүмү бузулуп, иш кайра кароого жиберилгени тууралуу түшүндүрмө берген. Айрым юристтер анын иши кайра каралбаганын айтып, иш каралганда гана аны актоо өкүмү чыгышы керек экенин айтышкан. Бирок кийин УКМК Садыр Жапаровдун кылмыш иши тергөөдөн кыскарганын жарыялаган.

Президенттик аппараттын басма сөз кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов айтылган дооматтар суу кечпейт деген оюн билдирди:

«Президенттик шайлоо мурда болуп көрбөгөндөй таза өттү. Анткени буга чейинки шайлоолордо №2 форма деп шайлоочуларды жапырт ташымай, административдик ресурсту колдонмой сыяктуу өңүттөрдү какшап айтып келгенбиз. Бул жолку шайлоодо андай терс көрүнүштөр болгон жок. Буга байланыштуу БШКнын айрым мүчөлөрүнүн жана президенттик шайлоого катышкан кээ бир талапкерлердин айтып жаткан дооматтарды суу кечпейт. Алар шайлоонун таза өткөнүн, мыйзам бузуу деле болбогонун көрүп-билип туруп эле атайылап эле кырдаалды чайпалтыш үчүн ушундай билдирүүлөрдү жасап жатышат. Шайлоо маалында да ушуга окшогон маалыматтар чыгарылып, бирок андай курулай дооматтарга эч кандай далилдер чыккан эмес».

Былтыр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына карата нааразылык акциялары жапырт тополоң менен коштолгон. 6-октябрга караган түнү башаламандык учурунда Садыр Жапаровду тарапкерлери түрмөдөн бошотуп алышкан. Ал 16-октябрда өкмөт башчы болуп дайындалып, 17-октябрь күнү президенттин милдетин аткарууну колуна алган.

Президенттик шайлоого талапкер катары катышкандыктан Садыр Жапаров былтыр 14-ноябрда өлкө жетекчисинин милдетин аткаруу кызматын тапшырып, премьер-министрликти убактылуу токтоткон болчу. Андан бери президенттин милдетин спикер Талант Мамытов, өкмөт башчынын милдетин биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков аткарып жатат.

XS
SM
MD
LG