Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:37

«Түрмөдө соцтармактар менен иштеп жаттым»


«Нью-Йорк Таймс» гезитинен алынган сүрөт.
«Нью-Йорк Таймс» гезитинен алынган сүрөт.

Дүйнөлүк маалымат каражаттары да Кыргызстандагы президенттик шайлоого жакындан байкоо жүргүзүштү. Басылмалар менен сайттардын көбү алдыга чыккан Садыр Жапаровду улутчул, популист деп сыпатташат.

Алар жаңы президенттин алдында экономикалык маселелер, салттуу өнөктөштөр менен мамиле-алака түзүү өңдүү оңой эмес иштер турганын белгилешет. Ал арада Жапаров орусиялык «Коммерсантъ» гезитине берген кеңири интервьюсунда түрмөдө отурган жеринен кантип элди көтөргөнүн айтып берип, Бакиевдерге байланышкан суроолорго жооп берди.

«Нью-Йорк Таймс» гезити 10-январдагы макаласын «Популист, түрмөдө отуруп чыккан киши, президент: Барымтага алуу үчүн айыпталган адам Кыргызстандагы шайлоону жеңди» деп атады. Эрте президенттик шайлоого буга чейинки бийликке каршы көтөрүлүш жеткиргенин белгилеген автор тоо койнундагы Кыргызстан Борбор Азиядагы жападан-жалгыз демократиялык өлкө экенин жазат.

«Сентябрда эле 52 жаштагы Жапаров губернаторду барымтага алууну уюштургандыгы үчүн түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан. Ал өзү мындай айыптоонун артында саясат турганын айтып келди», - деп уланткан гезит октябрдагы талаштуу парламенттик шайлоодон башталган нааразылык акцияларынын натыйжасында ал түрмөдөн чыгып барып түз эле премьер-министрдин креслосуна отурганын баяндайт.

Автор андан ары жекшембидеги басма сөз жыйынында Жапаровдун «Кыргызстанга саясий туруктуулук керек» деп айтканын белгилейт.

Басылма орусиялык эксперт Аркадий Дубновдун «Эхо Москвы» радиосуна берген интервьюсундагы сөздөрүн да келтирген. Дубнов Жапаровду элдин жашоосу тез оңолот деп убаданын аркасы менен бийликке келген популист «Робин Гуд» деп сыпаттап, «Кыргызстандагы системаны 48 саатта төңкөрүшкөнүн эске алганда, өлкөдөгү мамлекеттик институттар канчалык морт экенин айтса болот» деген баасын берген.

Гезит жакырчылык, кландардын атаандаштыгы жана аймак аралык ажырым өкүм сүргөн шартта өлкөнү көзөмөлдөө кыйын болгонун, өкмөттөгү айрым аткаминерлер Кытайдан аткезчилик менен ташылган товарлардан өздөрү үлүш алып турганын жазат.

Автор Бишкектин Москва менен мамилелерине да кайрылып, Жапаров жекшембиде добуш бергенден кийин: «Биз Орусия менен совет мезгилинде 70 жыл жашап келдик. Союз ыдырагандан кийин 30 жылдан бери өнөктөш болуп келатабыз» деп, Москваны «стратегиялык өнөктөш деп атаганын» жазган.

«Al Jazeera» да Садыр Жапаровду улутчул саясатчы деп атап, Орусияны стратегиялык өнөктөш катары сыпаттаганын жазат. Андан ары өкмөт башчынын кызматына киргенде чү дегенде ID картага улутун кошуу тууралуу чечим кабыл алганын эске салып, ошол эле маалда Москва менен жакын кызматташтыкты жактай турганын айтып келгенин баяндайт.

Телеканалдын кабарчысы Роберт Стрэтфорддун жеринен жөнөткөн репортажына таянган «Al Jazeera» Кантта орусиялык авиа база жайгашканын, жүз миңдеген кыргыз эмгек мигранты Орусияга агыларын белгилейт.

«Жапаровдун улуттук баалуулуктарды байма-бай сөз кылып, муну менен катар «саламаттык сактоо тармагына бөлүнгөн акча эки эсе көбөйөт»​ деген өңдүү убадалары өзгөчө айыл жергесиндеги шайлоочуларды өзүнө тарта алды», - деп уланат макала. Андан ары өлкөнүн оор экономикалык абалы да баяндалган.

Стрэтфорд «шайлоо да, жеңиш да карама-каршылыктуу. Садыр Жапаровго жакынкы жылдарда көп нерсе кылууга туура келет» деп жыйынтыктайт.

Ал эми орусиялык «Коммерсантъ» басылмасы Садыр Жапаровдон алган интервьюсун 11-январда басып чыгарды. Маекте түрмөдө отуруп ыңкылапты кантип ишке ашырганын, президенттик системага кайтуу боюнча демилгесин, Кыргызстан кайсы өлкөгө - Орусияга, Кытайга же АКШга таянарын айтып берген.

Мисалы төрт ай ичинде кантип түрмөдөн президенттикке жеткенинин сыры тууралуу суроого мунун үстүнөн 2010-жылдан тартып эле Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов менен кошо иштеп келишкенин, Кумтөр маселесинен улам камалышканын, 2017-жылы президенттик шайлоого катыштырбаш үчүн жана Кумтөр маселесин козгобосун деп экинчи жолу түрмөгө отургузулганын, ал жерде «бекер отурбай» социалдык тармактар аркылуу эл менен иштегенин баяндап берди.

«Түрмөдө сен 24 саат эркин адамсың, бош убактың бар. Ушинтип түрмөдөн революция жасадым», - деп баяндаган Жапаров.

Мурдагы президенттерге байланышкан суроолорго Жапаров «Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы башаламандыкты уюштургандыгы үчүн камакта отурарын» айтты. Сооронбай Жээнбековду кызматтан кетүүгө көндүрүү «оңой эмес болгонун», эл муну талап кылганын айтып, Жээнбеков парламенттик шайлоону көзөмөлдөй алган эмес, ошон үчүн кызматтан кетиши керек эле деп эсептей турганын кошумчалады.

Кабарчылар Бакиевдер боюнча да бир нече суроо узатышкан. Жапаров Курманбек Бакиевге «кандай өкүм чыкканынан кабары жок экенин, деги эле ага кызыкпаганын, тарых өз баасын берерин», күнөөлөрү далилденсе, аларды Кыргызстанга кайтаруу иши уланарын айтты. Ошондой эле ал 2010-жылдагы кан төгүү үчүн Бакиев менен катар анын оппоненттери да күнөөлүү деп белгиледи. «Элди көтөргөн болсоң, сен ар бири үчүн жооптуусуң», - деди Жапаров. Ал эми артында Бакиевдер турат деген сөздөрдү четке какты.

Тышкы мамилелер маселесине кайрылып: «Бардык чоң оюнчулар өз тарабына тартууга аракеттенишүүдө. Бирок аларга моюн сунбайбыз. Бизге Орусия эң көп жардам берүүдө. Америка жана Кытай менен эки тараптын тең кызыкчылыгына төп келген шартта кызматташабыз», - деп жооп берди.

«Nikkei Asia» октябрдагы парламенттик шайлоодон айырмаланып, жекшемби күнкү добуш берүү тынч өткөнүн жазды. «Шайлоо - Жапаровдун саясий сапарынын эң жеңил бөлүгү, эми анын алдында экономикалык кыйынчылыктар, негизги эки өнөктөш - Орусия жана Кытай менен мамиле-алака түзүү өңдүү оор маселелер турат» деп белгилейт сайт.

Макаланын автору харизматикалык улутчул саясатчы өзүн «эл ичинен чыккан» адам көргөзүп, саясий элитадан, бийликтеги коррупциядан чарчаган салттуу, консервативдүү шайлоочулар арасында популярдуулукка ээ болгонун жазат.

Бул басылма да сентябрда эле түрмөдө отурган саясатчынын ушундай ылдамдык менен бийлик сересине көтөрүлгөнүн белгиледи.

«Nikkei Asia» Жапаров коронавирустан жабыркаган экономиканы мурастап алганын, Азия өнүгүү банкынын божомолуна ылайык, Кыргызстандын экономикасы былтыр 10% төмөндөгөнүн, бул Борбор Азиянын орточо көрсөткүчүнөн көп экенин да маалымдады.

XS
SM
MD
LG