Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:59

Талапкерлер көбөйүп, шайлоочулар азайды


Кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоочу референдум учуру.
Кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоочу референдум учуру.

10-январдагы президенттик шайлоо Кыргызстандын тарыхындагы эң көп талапкер катышкан, бирок ошол эле учурда жарандардын активдүүлүгү эң төмөн болгон шайлоо болуп калды.

Шайлоо сайын төмөндөгөн статистика

Борбордук шайлоо комиссиясынын 11-январда берген маалыматы боюнча, президенттик шайлоодо добуш берүүгө акылуу кыргызстандыктардын саны 3 563 574 деп айтылган. Алардын 1 409 422си же жалпы шайлоочулардын 39,75% добуш берүүгө келген. 10-январда президенттик шайлоо менен кошо мамлекеттик башкаруу формасын аныктоочу референдум да өттү. Бир күндө өткөн эки өнөктүккө катышкан шайлоочулардын санында аз эле айырма бар.

Кыргызстандагы президенттик шайлоодогу тизмеге катталган жана добуш берген шайлоочулардын саны.
Кыргызстандагы президенттик шайлоодогу тизмеге катталган жана добуш берген шайлоочулардын саны.

Бул статистика менен танышуу учурунда жыл сайын калктын саны менен бирге шайлоочулардын катары да калыңдап жатканын эске алыш керек. Мисалы, 2005-жылдагы шайлоо учурунда Кыргызстандын калкынын саны 5 092 800 адам болчу. Сандар көрсөткөндөй, өлкөдө бийлик мөөнөтүнөн мурда алмашкандан кийинки шайлоодо жарандардын активдүүлүгү байкалат. Буга 2005-жылдагы жана 2011-жылдагы шайлоо мисал.

Кыргызстандагы жетинчи президенттик шайлоо тополоң жолу менен бийлик алмашкандан кийин үч айдан соң өттү. Анда эмне себептен шайлоочулар аз болду? Саясат талдоочу Руслан Акматбек жагдайды мындайча талдады:

Руслан Акматбек.
Руслан Акматбек.

«Биз ар кандай шылтоо айтканыбыз менен, жыл өткөн сайын шайлоочулар азайып баратат. Бул бүгүнкү күндүн чындыгы. Анткени эл бийликке, шайлоого ишенбей калды. Өзгөчө шаар жергесинде жашагандар арасында «баары бир эч нерсе өзгөрбөйт» деген түшүнүк пайда болду. Алар шайлоонун жыйынтыгы алдын-ала чечилерин, бийлик өз билгенин жасай турганын айтып жатышат. Алдыда бул ишенимсиздиктин кесепетин көп тартып калышыбыз толук мүмкүн. Азыр шайлоого катышкандардын азая түшкөнүн №2 формасы менен байланыштырып жатышат. Чуу жараткан бул документ таасир этти. Бирок мурда №2 формасы менен добуш бергендердин бардыгы бул жолу шайлоого катышкан жок деп айтууга болбойт да».

Эми облустардагы көрсөткүчтөргө көңүл буралы. Бул ирет башка аймактарга салыштырмалуу Ысык-Көлдүн тургундары добуш берүүгө активдүү катышты. Аймактагы 307 786 шайлоочунун 143 179у (46,52) 11-январда өз тандоосун жасаган. Ал эми Чүй боорундагы шайлоочулардын көрсөткүчү эң төмөн. Бул облустагы тандоо укугу бар 591 818 адамдын 210 585и (35,58%) гана шайлоого келген.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоочулардын 40% ашпаган санына мындай түшүндүрмө берүүдө:

«10-январда келген шайлоочулардын саны - бул реалдуу сан. Буга чейин добуш сатып алуу көрүнүшү шайлоочулардын активдүүлүгүнө себеп болуп, алардын 10-15% шайлоого келишин камсыз кылчу. БШК добуш берүүчүлөрдүн санын көбөйтүүгө аракет кылып жатабыз».

Жогоруда көрсөтүлгөндөй кезексиз президенттик шайлоого жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоочу референдумга шайлоочулардын 39,75% гана катышты. 2010-жылга чейин шайлоочулардын тизмесине кирген адамдардын жарымынан көбү добуш берген күндө гана шайлоо өттү деп эсептелип келген. Кийин бул мыйзам күчүн жоготуп, анын демилгечилери «өлкөнүн тагдырын шайлоого келген жарандар гана чечет» деп түшүндүрүшкөн. Азыр мындай норма референдумга гана байланыштуу. Ага ылайык, шайлоочулардын 30% келбесе референдум өттү деп эсептелбейт. Ал эми президенттик шайлоонун өтүп-өтпөшү шайлоочулардын санынан көз каранды эмес.

Президентикке талапкерлердин бири Клара Сооронкулова шайлоочулардын үчтөн бир бөлүгү гана добуш берүүгө келгенин кооптуу көрсөткүч катары баалады:

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

«Башка президенттик шайлоолорго салыштырмалуу бул ирет өтө эле аз адам катышты. Шайлоочулардын үчтөн бир бөлүгү гана. Бул дагы бир чоң кооптоно турган көрсөткүч. Демек, 3,5 миллион шайлоочунун үчтөн экиси шайлоого ишенбейт жана катышкысы келбейт. Өнүккөн демократиялык мамлекеттерде шайлоочулардын 50% катышпаса, шайлоо жараксыз деп табылат. Бирок, бизде андай талап жок. Ошол себептүү канча шайлоочу келбесин, шайлоонун жыйынтыгы чыга берет. Бирок биз бара-бара ушуга келишибиз керек. Кандай болгондо да мамлекет башчысы боло турган адамды шайлоочулардын 50% көбү шайлашы керек. Ошондо толук легитимдүүлүк тууралуу сөз кылсак болот».

4-октябрдагы парламенттик шайлоого 1 980 240 адам же шайлоочулардын жалпы санынын 56,2% катышкан. Бирок ал учурдагы ат салышта добуш сатып алуу, №2 формасы менен дарегин өзгөрткөн учурлар да көп болгон эле. Октябрь айындагы элдик тополоңдон кийин №2 формасы жокко чыгарылган. Азыр шайлоочу өзү катталган жерден гана добуш бере алат.

Шайлоочулардын санына байланыштуу сын-пикирге Садыр Жапаров да жооп берди. Ал 11-январда Ала-Тоо аянтындагы тарапташтары менен жолугушуу учурунда мындай деди:

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

«Мына, «40% жакын шайлоочу катышты, аз катышты» деген сөздөр болду. Эл аралык уюмдар да жазып жатат. Бизде 2 миллионго жакын элибиз мигрант болуп жүрөт. Андан сырткары №2 форма деген коррупциялык схеманы жокко чыгарганбыз. Ар бир айылдан райондун, облустун борборуна, Чүйгө келип жашап жаткандар бар. Алар шайлоого катыша албайт. Анткени алар айылдарда катталган. Ошондуктан шайлоого катышкан 40% элди 100% деп эсептей берсек болот».

«Талапкерлерге бирдей мамиле жасалган жок»

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктаган референдум өткөрүү жараянында мыйзам бузууга байланыштуу 112 факт катталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди. Арыздардын 78и 10-январга чейин, 34ү 10-январда (шайлоо күнү) катталган. Анын 102си териштирилип, чечим чыгарылган. Жети фактынын үстүнөн кылмыш катары, үч фактынын үстүнөн жорук катары сотко чейинки териштирүү башталган.

Шайлоонун жүрүшүнө «Жалпы иш» коомдук фонду да көз салып турду. Анын байкоочулары шайлоого чейинки үгүт иштери учурунда жана добуш берүү күнү шайлоо тилкелеринде иш алып барышты. Коомдук фонддун эксперти Арсланбек Өмүрзаков үгүт учурундагы талапкерлерге түзүлгөн шартка басым жасап жатат:

«Шайлоонун кемчиликтери да катталды. №2 формасы жокко чыгарылгандан кийин ага альтернативалык вариант сунушталган эмес. Андыктан көптөгөн адамдар шайлоо укугунан ажырап, добуш берүүгө көп адам келген жок. Мындан тышкары үгүт иштеринин учурунда мыйзам бузулуп, мамлекеттик мекемелер бир талапкердин пайдасына иштеп берди. Ошондой эле Коомдук телерадиоберүү коорпорациясы (КТРК) бардык талапкерлерге бирдей мамиле кылган жок».

17 талапкер катышкан кезексиз президенттик шайлоо 10-январда өттү. Анда жеңип чыккан Садыр Жапаровду Садыр Жапаровду шайлоочулардын 79,19% колдоду. Ага 1 116 028 добуш берди. Экинчи орунда - Адахан Мадумаров. Ага 94 278 киши добуш берген, бул сан шайлоочулардын 6,69% түзөт. Андан кийинки орунда Бабыржан Төлбаев. Аны 33 630 жаран колдоп, жалпы добуштардын 2,39% алды.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG