Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:12

Конституциялык реформа, мыйзамдык талаш


11-январь, 2021-жыл.
11-январь, 2021-жыл.

Мамлекеттик башкаруунун түрүн аныктоо боюнча референдумда добуш бергендердин 81% президенттик башкарууну колдоду. Ага ылайык, шайланган президент Садыр Жапаров алдыдагы эки айда конституциялык реформа жүрүп, мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизиле турганын жарыялады.

Юристтер менен саясатчылар арасында азыркы Баш мыйзам боюнча шайланган президенттин жаңы Конституция боюнча мөөнөтү көбөйүп, ыйгарым укуктары кеңейгенде конституциялык түзүлүштүн принциптерине ылайык кайра шайлоо өткөрүү маселеси көтөрүлдү. Ал эми башка бир юрист-саясатчылар жаңы Баш мыйзам бекигенден кийин кайрадан шайлоо өткөрүүгө негиз жок экенин айтып, өз жүйөлөрүн келтиришти.

Конституциялык түзүлүш өзгөрөт

Президенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгы боюнча эң көп добуш алган талапкер Садыр Жапаров 10-январда басма сөз жыйынын өткөрдү. Анда ал жакында жаңы Баш мыйзам кабыл алынса, референдумдун жыйынтыгы боюнча президенттик башкарууну колдогон көпчүлүк жарандардын эркине ылайык, тең салмактуу мамлекеттик башкаруу тутуму түзүлө турганын айтты.

Садыр Жапаров жаңы Конституцияга ылайык башка мыйзамдарга дагы өзгөртүүлөр киргизилерин билдирди:

«Азыр биз жаңы Баш мыйзам кабыл алынганга чейин, алдыдагы эки айда эски Конституция менен жашайбыз. Жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин жаңы башкаруу тутуму түзүлөт. Анан ал жерде жалгыз эле президенттик башкаруу болуп, президентке эле бийлик берилбейт. Парламентке да бийлик берилет. Тең салмак болуп туруш үчүн экөөнө бирдей болот. Конституциянын жаңы долбооруна Курултай тутуму да киргизилип жатат. Ал да бийликке сунуштарды берип турат. Жаңы Баш мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңеш, президент, сот тутуму, жергиликтүү бийлик жана курултай боюнча бардык мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилет».

Мамлекеттик башкаруу түрүн аныктоо боюнча референдумда добуш бергендердин 81% президенттик башкарууну колдоду. Эми ага ылайык, президенттик башкарууга ылайыкташкан Баш мыйзамдын долбоору толук иштелип, референдумга коюлат.

Айрым саясатчылар менен юристтер арасында азыркы Баш мыйзам боюнча шайланган президенттин мөөнөтү менен ыйгарым укуктарынын жаңы Конституцияга шайкештиги талкууга түштү. Мурдагы премьер-министр Феликс Кулов «Фейсбуктагы» баракчасына: «Жаңы Конституция кабыл алынганда иштеп жаткан президенттин ыйгарым укуктары автоматтык түрдө кеңейбейт, ошондуктан ал кайра шайланышы керек» деген пикирин калтырган.

Азыркы Баш мыйзам боюнча президент алты жылга, бир гана мөөнөткө шайланат. Ошондой эле анын аткаруу бийлигине байланыштуу ыйгарым укуктары чектелген.

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев конституциялык түзүлүш өзгөрүп жаткан соң парламенттик шайлоо анын талабына жараша өтүп, президент да кайра шайланышы керек экенин белгиледи:

«Эгерде конституциялык реформа болсо, анда кайрадан шайлоо болушу керек. Анткени бүгүн Садыр Жапаровго добуш бергендер ага азыркы Баш мыйзамда каралган ыйгарым укуктары менен шайлашты да. Жаңы Баш мыйзам кабыл алынып, анын ыйгарым укуктары кеңейтиле турган болсо, анда кайрадан президенттик шайлоо өтүүгө тийиш. Анткени бул жерде мамлекеттик түзүлүш толугу менен өзгөрүп жатпайбы. Президенттин ыйгарым укуктары кеңейтилип, анын шайлануу мөөнөтү беш жылдан эки жолкуга өзгөрүп жатат. Булар референдумга коюп, аларды автоматтык түрдө эле узарта коёбуз деген ойдо турушат. Андай болбойт. Себеби шайлоо деген шайлоо, референдум деген референдум. Бирок булар ошондой жолго барышат го. Референдумга чыккан Баш мыйзамдын долбоорунун бир жерине «Садыр Жапаров ушул ыйгарым укуктар менен шайланган деп эсептелсин» деп кыпчый коюшуп, болду, ошону менен алып өтүп кетишет. Конституциялык түзүлүштүн принциптери ушундай. Бирок акыркы учурда бизде укуктук принциптерди уруп ойнобой калбадыбы».

Конституциялык укук боюнча адис Сания Токтогазиева да «Фейсбуктагы» баракчасына «Садыр Жапаров жана анын командасы чоң укуктук башаламандык жаратканын, президенттик шайлоо азыркы Баш мыйзамдын эрежеси менен өтүп, эми жаңы Баш мыйзам кабыл алынса, ошого жараша жаңы президенттик шайлоо өтүшү керек экенин» жазды. Бирок ал кайра шайлоо өткөрүлбөй турганын айтып, бул мыйзам бузуу экенин белгилеген.

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

Бирок муну жөн эле илинчек издеп, укуктук түйшүк жаратуу аракети катары карагандар да бар. Мурдагы юстиция министри, Конституциялык кеңешменин мүчөсү Алмамбет Шыкмаматов негизги ченемдерди шайкеш келтириш үчүн жаңы Баш мыйзамга «Өтмө абал тууралуу» беренелерди камтыган укуктук практика бар экенин мисал келтирди:

«Эми Конституция жаңыдан кабыл алынгандан кийин кайрадан президенттик шайлоо өткөрүү деген сөз эч кандай логикага да, укук илимине, анын ичиндеги конституционализм түшүнүгүнө да сыйбай турган нерсе. Анткени эл өзүнүн сөзүн айтты. Эми жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин ага кошумча киргизиле турган анын «Өтмө абалдын» шарттарын камтыган беренелери болот. Ошол жерде президенттин кеңейтилген ыйгарым укуктарын, шайланган убактысы кийинки жаңы Баш мыйзам боюнча биринчи мөөнөт катары эсептеле турганын аныктаган ченемдер киргизилет. Бул жерде бир эле президент эмес, «соттор, айыл аймактарынын башчылары жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары сыяктуу шайланма органдардын бардыгы шайланган мөөнөтүнө чейин иштейт» деген ченемдер конституционализмдин эрежеси боюнча жазылат. «Жаңы Баш мыйзам кабыл алынгандан кийин бардыгын башынан шайлайбыз» деген сөз - жөн жерден эле сенсация жаратуу аракети. Андай болбойт. Анда бардыгы башаламан болуп жатып калбайбы».

Максат Мамытканов.
Максат Мамытканов.

Ал эми вице-премьер-министр Максат Мамытканов аткаруу бийлигине кечиктирилгис милдеттерди коюп, толук иштетиш үчүн өкмөттү мыйзам чегинде бекитүү керек деп билдирди:

«Шайланган президент кызматына киришкенден кийин өкмөттүн курамы кайрадан каралып, бекитилиши керек. Анткени азыркы өкмөт мүчөлөрүнүн көпчүлүгү милдетин аткаруучу болуп жүрө береби? Алдыда жазгы талаа жумуштары, экономика, коопсуздук маселелери, пандемиянын көйгөйлөрү турат. Кечиктирилгис милдеттерди чечиш үчүн өкмөттүн түзүмү менен курамы аныкталышы керек».

Кыргызстанда 10-январда азыркы Баш мыйзам боюнча президенттик шайлоо болуп өтүп, анда шайлоочулардын 79% ашуун добушун Садыр Жапаров алды. Ошондой эле башкаруу формасын аныктоо боюнча жалпы элдик добуш берүүдө жарандардын көбү президенттик башкарууга артыкчылык берди.

2020-жылдын 4-октябрындагы кезектеги парламенттик шайлоодон кийинки нааразылыктан жана элдик толкундоодон улам өлкөдө бийлик алмашкан. Андан кийинки саясий мунасадан улам Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын ыйгарым укуктары июнь айына чейин узартылган. Жаңы бийлик Жогорку Кеңештин кезектеги шайлоосун жаңыдан кабыл алына турган Баш мыйзам боюнча май айында жарым-жартылай партиялык жана мажоритардык шайлоо тутуму аркылуу өткөрүүнү мерчемдеп жатат.

XS
SM
MD
LG