Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:25

Жапаров: Мыйзамдын диктатурасын орнотобуз

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум 10-январда өттү. БШКнын сайтында электрондук үкөктөрдөн автоматтык түрдө саналган добуштардын пайыздык көрсөткүчү жарыяланууда.

Талапкерлердин арасынан Садыр Жапаров атаандаштарынан кыйла алдыда. Саат 21:00дөгү маалыматка караганда аны шайлоочулардын 79% көбүрөөгү колдоду.

Адахан Мадумаров - 6,60%, Бабыржан Төлбаев - 2,31%, Мыктыбек Арстанбек - 1.66%, Абдил Сегизбаев - 1.46%, Имамидин Ташов - 1.19%, Клара Сооронкулова - 0.98%, Аймен Касенов - 0.91%, Улукбек Кочкоров - 0.69%, Канатбек Исаев - 0.57%, Бактыбек Калмаматов - 0.50%, Курсан Асанов - 0.50%, Элдар Абакиров - 0.50%, Равшан Жээнбеков - 0.19%, Каныбек Иманалиев - 0.16%, Жеңишбек Байгуттиев - 0.09%, Арстанбек Абдылдаев - 0.08%. Баарына каршы - 1,32%.

Ал эми мамлекеттик башкаруу формасын аныктаган референдумда президенттик башкарууну колдогондор - 81% ашат. Парламенттик башкарууну жактагандар 10,78%. Экөөнө тең каршылар 4,41%.

Бул акыркы эсеп эмес, сандар улам жаңыланууда. Буга кошумча, кол менен санай турган бюллетендер да бар.

3 563 574 жаран добуш берүүгө укуктуу. Алардын 1 581 569у шайлоого катышты.

17:27 11.1.2021

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров оппоненттеринин кеп-кеңешин, сынын угуп, кызматташууга даяр. Ал бул тууралуу бүгүн, 11-январда Ала-Тоо аянтында шайлоочуларына ыраазычылык билдирип жатып айтты. Жапаров туура эмес кетсе сындап, туура жолго салып, кеп-кеңешин берип туруусун шайлоочуларынан сурады:

"Бирок туура эмес иш кылбайбыз. Улуттук долбоор деңгээлинде иш баштайбызбы, кандай гана иш болбосун ачык болот. Кимде-ким эгер каршы чыга турган болсо, өкмөт үйүндө иш болуп турган жерге чакырып, ачык-айкын ар бир ишти көрсөтүүгө, алар менен талкуулоого даярбыз. Мындан ары көчө оппозициясы болбой, оппоненттер биздин кабинеттерге келип, оюн айтуусуна шарт түзүп беребиз. Мурункудай бир бөлмөгө жашынып алып, бир адамдын кызыкчылыгы үчүн иштөө болбойт".

Садыр Жапаров шайлоого эл аз катышты деген сын-пикирлерге жооп берип, муну ички, тышкы миграция жана №2 форманын алынып салынганы менен байланыштырып, 40% шайлоочуну 100% деп эсептөөгө болот деген пикирин айтты.

17:07 11.1.2021

"10-январда кыргызстандыктар мамлекет башчысын жана өлкөнүн мындан аркы өнүгүү жолун тандады". Бул тууралуу президенттикке талапкер Садыр Жапаров Ала-Тоо аянтында шайлоочуларынын алдында сүйлөп жатып билдирди.

"Оор жүктүн салмагын сезип турам. Мага Кыргызстан оор убакытта тийди. Өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө демилгелерим бар, саясий эрким да жетет. Карызга баткан өлкөбүздү мекен үчүн деп каржала иштеп, өнүктүрүшүбүз керек. Кыргызстан бизге ата-бабалардан мураска калган".

Жапаров президенттик шайлоодогу атаандаштарына да ыраазычылык билдирип, алардын саясатта кадыр-баркы, тажрыйбасы бар экенин белгиледи. Ал атаандаштарын мекенди өнүктүрүү максаты үчүн сыйлай турганын айтып, ар бир атаандашы менен кеңешип, баарлашууга чакырарын билдирди.

Бүгүн, 11-январда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун жеңишин майрамдаган иш-чара өтүп жатат. Анда айрым эстрада ырчылары концерт беришүүдө.

16:46 11.1.2021

15:53 11.1.2021

Ушул тапта Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтында көчмө сахна орнотулуп, музыка ойнотулууда. Аянтка президенттикке талапкер Садыр Жапаров келип, шайлоочуларына ыраазычылык сөзүн айтарын талапкердин штабынан "Азаттыкка" 11-январда кабарлашты. Аянтта ошондой эле айрым эстрада ырчылары концерт берери айтылды.

Буга байланыштуу Ала-Тоо аянты аркылуу өткөн Чүй проспекти 11-январда саат 13:00дөн тартып убактылуу жабыларын шаардык кайгуул-күзөт кызматы да маалымдады.

10-январда өткөн Кыргызстандын президентин кезексиз шайлоодо талапкер Садыр Жапаров 79% көбүрөөк добуш алган.

Экинчи орунда - Адахан Мадумаров. Ага 94 278 добуш берген, бул сан шайлоочулардын 6,69% түзөт.

Андан кийинки орунда Бабыржан Төлбаев. Аны 33 630 жаран колдоп, жалпы добуштардын 2,39% алды.

Президенттик шайлоо менен чогуу өткөн мамлекеттик башкаруу формасын тандоо референдумундагы добуштардын 80% ашууну президенттик башкаруу формасын колдоду. Парламенттик башкарууну колдогондор 11% жакын.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG