Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:34

Кыргызстан: Мыйзам нугуна кайтуу аракети


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда саясий туруктуулуктун бузулушуна жана бийликтин алмашуусуна жеткирген октябрь окуяларынан соң үч айдан кийин өткөн мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо бир тур менен жыйынтыкталды.

10-январдагы шайлоонун жыйынтыгы бийлик алмашуудан кийин экономикалык жана саясий белгисиздик өкүм сүрүп турган өлкөгө туруктуулук алып келеби?

«Агроөнөржай комплексин өнүктүрүү» ассоциациясынын жетекчиси Темирбек Ажыкулов - октябрдагы кризиске себепчи болгон парламенттик шайлоого катышкан талапкерлердин бири. Ал жаңы бийликти кескин сындап, кадамдарынан күмөн санап келет.

10-январдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын Ажыкулов элдин тандоосу катары тааныш керек экенин айтып, алгачкы кадамдардын негизгилери боюнча ой бөлүштү:

«Биз, өзүбүздү либералдар жана прогрессивдүүлөр деп эсептегендер, элден бир топ эле алыстап калыптырбыз. Элдин талабын көрдүк, шайланып келди. Эми өлкө ичиндеги нааразылыкты жөнгө салып, кадр тандоо туура болсо, биринчи көрсөткүч болот. Экинчиси – сот системасында кандай өзгөрүү болору бизнес үчүн маанилүү. Үчүнчүсү – жакынкы кошуналар, Кытай, Казакстан, Өзбекстан менен мамилени жөнгө салып беришсе өтө чоң жардам болот.

Албетте, саясий куугунтук болобу-жокпу деген да маселе турат. Бири-бирин камамай, чукумай болсо, мунун баары билинбегени менен бизнеске бир топ эле таасирин тийгизет. Текшерүүлөргө мораторий киргизип коюшту, бирок Мамлекеттик салык кызматы «Бюджетте акча жок. Жардам бергиле» дегени же андан башка коркутуп-үркүтүү болуп жатканын угуудабыз. Бул нерселер кантип токтой турганы биз үчүн чоң маселе, ачык айтканда.

Жаңы келген команда Мамлекеттик салык кызматынын, Финансы полициясынын ишин жөнгө салат деген үмүтүбүз бар. Финпол «чекесинен баарын камай беребиз» деген өзүнчө жазалоочу орган болуп алды. Укуктук өлкөдө жашагандан кийин сот деген бар. Бизнестин ичинде да мыйзам бузгандар, туура эмес иштегендер болушу мүмкүн. Бирок сот чечим кабыл алганга чейин бирөөнү күнөөлөгөн риторикадан алыс болсок деген сураныч бар. Ошондойду алыстатса эле «бизнеске, инвесторго ачык экен» деген жакшы сигнал болот эле».

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров Кыргызстан мыйзам нугуна октябрда эле түшкөн деп эсептейт. Ал да өлкөнүн жаңы жетекчилиги биринчи кезекте экономиканы колго албаса, абал оор экенин белгилеп, салык туура чогулса, тагыраагы, ар бир жаран көрүп тургудай ачыктык камсыз болсо Кыргызстан бир жылда 6 миллиард долларга чейин таба аларын айтууда:

«Өтө оор. Чек аралар ачылат деген катуу үмүт жок. Пандемия дагы 2-3 жылга созулат окшойт. А биздин экономика жалаң соода-сатыкка көнгөн жана импорттон көз каранды. Алты миллион эл бекер алып жаткан жери жок, соода-сатыкпы же тейлөөбү, ар бир баанын ичинде салык бар. Ошол салык казынага жетпей калып жатат.

Биринчи кезекте контрабанданы толугу менен жоюшубуз керек. Кыргызстанга канча товар кирет, кайсы баада, канча салык төлөндү - ар бир жаран билиши керек. Тегеректеги өлкөлөрдөн биз эле калдык, салык чогултпаган. Мисалы, аймагы биздин Ош облусундай болгон Армения 3 миллиард доллардан ашык салык чогултуп жатат. Жаныбыздагы Тажикстан 2,4 миллиард долларга жеткирди. Ал эми биз 1,6 миллиард доллардын тегерегинде эле жүрөбүз. Биз 3 миллиард долларды жөн эле чогулта алабыз, эгер туура чогултсак. Ал эми артыкчылыктарды туура коюп, жаңы жумуш орундарын түзүп, кендерди жана гидроэнергетиканы өзүбүз иштетип, пайдасын көрсөк, 6 миллиард долларга чейин чогулстак болот. Бул акча тышкы карызды тейлегенге да, элди да тың бакканга толук жетет».

Шайлоо-2021: Талапкерлер эмне дейт?
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:45 0:00

Президенттик шайлоо өткөнү менен бул жараян Кыргызстанды туңгуюктан чыгарып кетеринен күмөн санаган пикирлер да кездешет. «Замандаш» партиясынын мурдагы жетекчиси Жеңиш Молдокматов 10-январдагы шайлоого эл аз катышканына көңүл буруп, жеке өзү мамлекеттик башкаруу формасы боюнча референдумду тааныбай турганын жана Кыргызстан дагы эле укуктук нукка түшпөгөнүн билдирди:

«Кыргызстандын эгемендик тарыхында шайлоочулардын катышуусу биринчи жолу ушундай төмөн болду. Бул өтө ойлондура турган нерсе, себеби шайлоочулардын үчтөн бири гана катышты, калгандары ишенбей калган. Президенттик шайлоодо көпчүлүк добуш алгандан кийин баш ийүүгө туура келет, бирок жеке мен жана биздин команда референдум боюнча тандоону тааныбайбыз. Себеби аны легитимсиз парламент чыгарган жана референдумга коюлган суроолордун өзү туура эмес.

Укуктук нукка келдикпи? Жок, келген жокпуз. Укуктук нукка түшүш үчүн биринчи парламенттик, андан кийин президенттик шайлоо өтүшү керек болчу. Эмне кылышы керек, азыркы президент? Биринчи кезекте экономикага көз салышы керек. Себеби экономика өтө начар деңгээлде, жакырчылык 80% ашып кетти. Орусия пенсия менен жөлөкпул төлөөгө бөлүп берген 20 миллион долларды январда төлөйт, а февралда эмне кылабыз? Азык-түлүк кымбаттады. Биз укуктук нуктан чыгып кеткенбиз. Жыл аяктаганча шайлоолор болуп, жылдын аягына чейин абал оор болот деп божомолдойм».

Шайлоонун жыйынтыгы, Жапаровдун жеңиши
please wait

No media source currently available

0:00 1:05:14 0:00

Кыргызстандын шайланган президентин Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин куттуктады. Анын куттуктоосу Кремлдин расмий баракчасына жарыяланды. Ага чейин Жапаровду Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев телефон аркылуу куттуктаган. Казак президентинин расмий сайтына 11-январда жарыяланган кабарга ылайык, Токаев менен Жапаров эки тараптуу кызматташууну мындан ары бекемдөөнү сүйлөштү. Ак ордонун маалыматында казак лидери Жапаровду расмий сапар менен барууга Казакстанга чакырып, Жапаров мамлекет башчы катары биринчи сапарын Казакстандан баштай турганын айтканы белгиленет.

Шанхай Кызматташтык Уюму (ШКУ), Түрк тилдүү Мамлекеттердин Кызматташтык Кеңеши сыяктуу уюмдар шайлоонун жыйынтыгын тааныганын жарыялашты.

Ички маселелерден тышкары Кыргызстандын тышкы саясаты кандай болору азырынча так эмес. Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Талант Кушчубеков мында эки багытка көңүл буруу зарыл деп эсептейт:

«Экиге бөлсөк болот. Коңшу өнөктөш өлкөлөр шайлоону Кыргызстандагы абалды кайсы бир деңгээлде жөнгө салып жаткан кадам катары жакшы кабыл алып, керек болсо Казакстандын президенти жаңы шайланган президентибизди телефон менен куттуктады. Бул кайсы бир деңгээлде далил деп айтсак болот. Экинчи тарап – Батыш өлкөлөрү. Алар бир аз башкача карайт болушу керек. Мындан ары кандай саясий өзгөрүүлөр болорун, кандай маанайда өтөрүн, багыты кандай болорун дагы бир аз күтүп, изилдеп, карап турушу мүмкүн.

Жаңы шайланган президент өзүнүн интервьюсунда Кыргызстандын тышкы саясаты абдан эле радикалдуу түрдө өзгөрбөй турганын, коңшу өнөктөш өлкөлөр, стратегиялык өнөктөшүбүз Орусия менен карым-катнашты мындан ары да жакшы деңгээлде кармоо эң чоң максаттардын бири экенин айтты. Кызматташтык эки тараптын кызыкчылыгын тең камсыздоо менен өнүксө Кыргызстан дайым даяр деген оюн айтты. Бул классикалык туура позиция деп эсептейм, себеби Кыргызстан эгемен өлкө болгондон кийин дайыма өз кызыкчылыгын ишке ашырышы керек. Тышкы саясат белгилүү нормалар менен жүрсө, бир тараптуу болбосо Кыргызстан тышкы саясатын ишенимдүү алып кетет деген ой бар».

Саясий туруксуздук коронавирус пандемиясынан жабыркап турган Кыргызстан үчүн өзүнчө сокку болгонун айткан жарандык активист Бурул Макенбаева өнүккөн өлкөлөр жергиликтүү бийликти күчтөндүрүүгө көңүл бурарын айтып, жаңы бийлик ошого маани берсе деген тилегин айтты:

«Биз тамды чатырынан баштабайбыз да. Азыр эски саясатчылар чатырын эле баштап, борбордук бийликти бөлүштүрүп жатышат. Андай болбойт. Тамды фундаменттен баштагандай эле, мамлекетти да жергиликтүү өкмөттөн баштоо зарыл. Муну мен коронавирус шартында дарыгер катары да көрдүм. Биринчиден, айыл өкмөттү жана мэрди эл өзү түз шайлашы керек. Экинчиден, каражат маселеси. Ошондон коррупция жана мамлекеттик чоң аппарат болууда. Бизде азыр каражаттын 88% борбордун колунда, а жергиликтүү бийликте 12% эле, эл өнүкпөй жатат. Бул аябай коркунучутуу, ошондуктан аймактар өнүкпөй турат. 50% кем болбошу керек. Европанын кээ бир өлкөлөрүндө каражаттын 70% жергиликтүү өкмөттүн колунда».

Соңку расмий маалыматтарга караганда, 10-январда президенттик шайлоодо Садыр Жапаров 79% көбүрөөк добуш алды. Референдумдагы добуштардын 80% ашууну президенттик башкаруу формасын колдоду.

XS
SM
MD
LG