Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:26

УКМК шайлоо алдында эскертүү таратты


Атайын кызмат саясатчылардын жана президенттикке талапкерлердин жактоочуларынын телефон сүйлөшүүсү делген аудиону экспертизадан өткөрүүдө.

Социалдык тармактарда тараган эки мүнөттүк видеодо президенттикке талапкерлердин биринин тарапташтары экени айтылган кишилер 10-январдан кийин митинг өткөрүп, алар колдогон саясатчыны “такка отургузабыз” деп сүйлөшүп жатканын угууга болот. (Кыргызстанда 9-январь жымжырттык күнү болгондуктан талапкерлердин аты-жөнүн атаган жокпуз.)

Ал эми саясатчы Кеңешбек Дүйшөбаевдин үнү делген киши талапкерлердин бири менен сүйлөшүп, аны колдой турганын айтат. Ошондой эле Дүйшөбаев Алмасбек Шамшиев делген киши менен сүйлөшүүдө делген аудиодо “2021-жылдагы революция биздики болсун" деген сөздөр айтылат.


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жогорудагы аудио жазуулар соттук-фоноскопиялык жана филологиялык экспертизага жөнөтүлгөнүн билдирип, анын жыйынтыгына жараша юридикалык баа берилерин билдирди. УКМКнын басма сөз кызматынын өкүлү Рахат Сулайманов мындай деди.

“Революцияны уюштуруу, Кыргызстандагы президенттик шайлоо жана референдумдан кийин массалык нааразычылык акцияларын өткөрүү жөнүндө диалогдорунун аудио жазууларын жайылтуу боюнча текшерүү жүрүп жатат. Экспертизалардын жыйынтыгында бийликти күч менен басып алууга үндөгөн тараптардын аракетине юридикалык баа берилет”.

Мекеме социалдык тармактарда жана Интернетте чагымчыл билдирүүлөрдү таратуудан алыс болууга жана фактыларды укук коргоо органдарына кабарлоого чакырды.

Мунун алдында Ички иштер министрлиги “айрым кызыкдар тараптар чыр-чатак чыгарууга аракет кылып жатат” деген билдирүү таратып, мыйзамсыз аракеттерге баргандар жооп бере турганын эскерткен. Бирок милиция кызыкдар тарап кимдер экенин ачык жазган эмес.

Интернетте тараган аудиодо аты аталган саясатчы Кеңешбек Дүйшөбаев бийликти "сөздү бурмалап, таратууда" деп айыптады. Ал телефон сүйлөшүүлөр жөнүндө мындай деди:

“Парламенттик шайлоону деле революция деп койсок болот. Жаңы күчтөр, акыйкат күчтөр келсе. Менин жаңы жылдык куттуктоомду контексттен сууруп алып, "революция болсун" деди, төңкөрүш жасайт экен деген маани менен таратып жатышат. Бул мага эмес, коомду үркүтүү үчүн жасалган нерсе. Ал жерде бир эмес, миң экспертиза жасашсын эч нерсе таппайт”, - деди Дүйшөбаев.

Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков кызматын өткөрүп берердин алдында, 15-октябрда Кеңешбек Дүйшөбаевди Коопсуздук кеңешинин катчысы кылып дайындаган.

Бирок ошол кездеги президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров 27-октябрдагы жарлыгы менен Кеңешбек Дүйшөбаевди кызматынан бошотуп, анын ордуна Рыскелди Мусаевди койгон болчу.

Мурдагы УКМКнын башчысы, саясатчы Кеңешбек Дүйшөбаев 6-октябрдагы саясий окуялардан кийин бийликке келгендерди кескин сындагандардын бири. Ал 2010-жылы апрель окуясынан кийин түзүлгөн Убактылуу өкмөттүн мүчөсү.

Кыргызстанда бийликке сын айткан саясатчылардын аудиосу Интернетке тарагандан кийин кылмыш иши козголуп, камалган учурлар буга чейин да болгон.

Алардын бири парламенттин экс-депутаты Бектур Асанов мурдагы президент, учурда абакта жаткан Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин тушунда камалып чыккан.

Асанов жарандардын акыйкаттыкты талап кылып, тынч жыйындарга чогулууга укугу бар экенин белгиледи. Нааразылык акцияларынын болушу бийликтин шайлоо кандай өтө турганына көз каранды деди.

“УКМК эптеп эртеңки шайлоодон кийин нааразылык митингдери чыгып кетет деп аракет кылып жатат. Коркконго кош көрүнөт. Шайлоо таза өтсө, эч кандай нааразылык болбойт. Анын жыйынтыгын баарыбыз таанышыбыз керек. Мыйзамсыз иштерди айтып, чогулууга укугубуз бар, аны эч ким токтото албайт”, - деди Асанов.

Президенттик шайлоону жана референдумду өткөрүү боюнча республикалык штабдын башчысы, вице-премьер-министр Максат Мамытканов 10-январдагы саясий өнөктүктү тынч өткөрүү үчүн күч түзүмдөрү өз милдеттерин так аткарып жатканын билдирди.

Ал социалдык тармактарга тараган маалыматтарды атайын кызматтын текшергенин мыйзам ченемдүү көрүнүш катары баалады.

Максат Мамытканов.
Максат Мамытканов.

Органдар сөзсүз реакция кылышы керек. Кылбай койсо дагы жоопкерчилик болот. Ошондуктан тарап жаткан маалыматтар боюнча укук коргоо органдары өз ишин жасап, жыйынтыгын чыгарат. Айтылгандар аныкталдыбы же жокпу, элге айтышы керек”.

10-январда Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өтөт. Президенттик кызматка 17 талапкер ат салышууда.

Бүгүн, 9-январда өлкөдө жымжырттык күнү жарыяланган. Бул учурда үгүт жүргүзүүгө тыюу салынат.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG