Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:40

Садыр Жапаров: Дүйшөбаевдин кызматта калууга моралдык укугу жок болчу


Кеңешбек Дүйшөбаев.
Кеңешбек Дүйшөбаев.

Кеңешбек Дүйшөбаев Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштөөгө моралдык укугу болбогондуктан кызматтан алынды. Бул тууралуу президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров Коомдук каналдагы маегинде билдирди. Анын айтымында, Дүйшөбаев 2010-жылдагы апрель жана июнь окуяларынын алдын албаганы үчүн ишмердиги териштирилиши керек.

«Ал жоопко тартыла турган адам. Ал кантип Коопсуздук кеңешинин башында турушу керек эле?» - деп билдирди Жапаров.

Ошондой эле премьер-министр Жапаров Кеңешбек Дүйшөбаевдин акыркы билдирүүлөрүнө комментарий берип: «30 жылдык ишинде коррупцияга каршы күрөшүп, мамлекетке пайда алып келиптирби?»,-деп суроо салды.

Кеңешбек Дүйшөбаев 27-октябрда Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун, кримтөбөл атыккан Камчыбек Көлбаевдин кармалышын «театрлашкан шоу» деп баалаган.

«Биздеги «коррупция жана криминалитет менен күрөшүп жатабыз» деген иш-чаралардын баары эле театрлашкан шоуга айланып калды. Мисалы, коррупция багытында Райымбек Матраимов жөнүндө көп сөз болду эле – 700 миллион доллардын чыгарылып кетиши тууралуу «Азаттык» жүргүзгөн иликтөө, эл аралык жүк ташуудагы ар кандай иштер жана соода тармагындагы көмүскө схема жөнүндө. Жакында эле көрдүңөр, аны кармап, сурактан кийин чыгарышты».

Кеңешбек Дүйшөбаевди Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматтан кетер алдында, 15-октябрда дайындаган болчу. Президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров аны кызматтан алганы 27-октябрда жарыяланды. Дүйшөбаев 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы болуп турган.

XS
SM
MD
LG