Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 09:55

Дүйшөбаев: Кызматка кирише элекмин


Кеңешбек Дүйшөбаев, Коопсуздук кеңешинин катчысы.

Бүгүн, 15-октябрдагы Коопсуздук кеңешинин катчылыгына дайындалган Кеңешбек Дүйшөбаев кызматын аткарууга толук кирише элек. Бул тууралуу Дүйшөбаев өзү «Азаттыкка» билдирди:

«Жарлык чыккан, жамаатка тааныштырышты. Бирок жумушка толук киришкенге жетишкен жокмун. Ызы-чуу болуп кеткенин көрүп жатпайсыңарбы. Ал эми президенттин кызматтан кеткени жөнүндө анын расмий сайты жарыялады. Ошондуктан кантип ишенбей коесуң?» - деди Дүйшөбаев.

Кыргызстанда 5-октябрдан бери саясий кризис чечилбей турат. Ал учурдагы башаламандыктан соң Коопсуздук кеңешинин төрагасы Дамир Сагынбаев жумуштан кетип, анын ордуна 15-октябрда гана Кеңешбек Дүйшөбаев дайындалганы белгилүү болгон.

Президентке караштуу president.kg сайты 15-октябрда Сооронбай Жээнбековдун кыргызстандыктарга кайрылуусун жарыялады. Анда Жээнбеков кызматтан кетүү тууралуу чечим кабыл алганын билдирген.

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG