Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:00

Коопсуздук кеңешинин катчысы алмашты


Коопсуздук кеңешинин жаңы дайындалган жана кызматынан бошотулган катчылары Рыскелди Мусаев жана Кеңешбек Дүйшөбаев.
Коопсуздук кеңешинин жаңы дайындалган жана кызматынан бошотулган катчылары Рыскелди Мусаев жана Кеңешбек Дүйшөбаев.

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кезектеги жарлыктары менен Коопсуздук кеңешинин катчысы Кеңешбек Дүйшөбаевди кызматынан бошотуп, анын ордуна Рыскелди Мусаевди дайындады. Бул тууралуу президенттин сайты 27-октябрда жазды.

Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматын өткөрүп берер алдында Кеңешбек Дүйшөбаевди дайындаган. 5-6-октябрдагы тополоңдон кийинки кыска аралыкта Коопсуздук кеңешинин катчысынын милдетин анын орун басары Өмүрбек Суваналиев аткарып турган.

Ал эми 2018-жылдан бери бул кызматты аркалап келаткан Дамир Сагынбаевди Жээнбеков кызматынан 10-октябрда бошоткон.

Ачык маалыматтарга караганда жаңы дайындалган катчы Рыскелди Мусаев генерал-майор чениндеги аскер кызматкери, Коргоо министрлигинде, Чек ара кызматында, Аскер институтунда жетекчи кызматтарда иштеген. Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Кең-Суу айылында төрөлгөн, 60 жашта.

Кеңешбек Дүйшөбаев 2010-жылкы апрель ыңкылабынан кийин Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти башкарган.

Сооронбай Жээнбеков өзү кызматтан кетерин 15-октябрда кабарлап, 16-октябрда парламент жыйынында ишин расмий түрдө өткөрүп берген. Президенттин милдетин андан бери өкмөт башчылыкка шайланган Садыр Жапаров аткарууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG