Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:17

Шайлоо алдында коопсуздук чарасы күчөтүлдү


2016-жылдагы шайлоодо тартылган сүрөт.
2016-жылдагы шайлоодо тартылган сүрөт.

Кыргыз милициясын 10-январь - добуш берүү күнүндөгү коомдук тартип менен кошо шайлоодон кийинки жагдай да ойлондурууда.

Президенттик шайлоонун алдында Кыргызстанда коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Бийлик алмашуудагы өткөөл мезгилде коопсуздук маселеси эки эсе маанилүү болуп турат.​

Коомдук абал тыкыр көзөмөлдө

6-январда ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов баштаган милиция кызматкерлери Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүштү. Алар президенттик шайлоонун жана башкаруу тартибин аныктаган референдумдун жыйынтыгына байланыштуу нааразылык жаралса, коомдук тартипти бузбоону, мыйзам чегинен чыкпоону эскертишти.

Урмамбетов чагым уюштурууну көздөгөн күчтөр тууралуу маалымат бар экенин билдирип, бирок кимдер экенин, президенттикке талапкерлердин ага катышы бар-жогун ачык айткан жок:

«Айрым жарандар «WhatsApp» жана башка тиркемелерден тастыкталбаган маалыматтарды таратып атышат. Анын баарын текшерип жатабыз. Азыр Ички иштер министрлигинде ошондой 50 факт катталды».

10-январдагы шайлоодо өлкөдөгү 2426 добуш берүү тилкесин 5400дөн ашуун милиционер кайтарат. Коомдук тартипти 11 миңден көбүрөөк кызматкер көзөмөлдөйт. Андан тышкары бажы, салык кызматтарынын, Финполициянын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жана элдик кошуундар милицияга жардам бермекчи.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кырдаалга мониторинг жүргүзүүчү ыкчам штаб иштеп жатканын кабарлады. 6-январдан тартып атайын кызматтын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү.

Ички иштер министрлигинин шайлоого карата басма сөз жыйыны.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) болсо добуш берүү жараянын мыйзамдуу уюштуруш үчүн техникалык жана адистик даярдык бар экенин билдирүүдө.​

Коопсуздук жоопкерчиликке көз каранды

БШКнын мурдагы мүчөсү Жаркын Бапанова президенттик шайлоо күчтүү атаандаштыкта өтүп жатканын айтты. Анын ою боюнча, жагдайдын курчуп кетиши же бейпилдиктин сакталышы талапкерлерден көз каранды.

Жаркын Бапанова.
Жаркын Бапанова.

«Дебаттарда ой-пикирин айтууга бардык талапкерлерге бирдей мүмкүнчүлүк берилүүдө, - деди ал. - Ким элди өзүнө тарта алса, ишендире алса, ошол жеңет. Азыркы добуш берүү шаймандары менен алдамчылык кылуу мүмкүн эмес. Эл кимди шайласа, так эсептеп чыгарат. Ар бир жаран ойлонуп, татыктуу адамды шайласын. Шайлап алып, бир аз убакыт өткөндөн кийин нааразы боло берүү да туура эмес».

Конституциялык кеңешменин мүчөсү, юридика илимдеринин кандидаты Нурлан Исмаилов шайлоодо коопсуздук чараларынын күчөтүлүшү мыйзам ченемдүү экенин айтты. Ал айрыкча шайлоо же дайындоо менен бекитилбеген, милдет аткаруучу ролдогу бийликтин тушунда бул жагдайга өзгөчө көңүл буруу зарыл экенин эске салды:

Нурлан Исмаилов.
Нурлан Исмаилов.

«Расмий түрдө мамлекет башчысы катары жана Куралдуу күчтөрдүн башчысы катары президентибиз жок, расмий өкмөт башчы жок. Экөөнүн ордунда тең милдет аткаруучулар отурушат. Мөөнөтү бүтүп, узартылган Жогорку Кеңеш иштеп жатат. Ушундай опурталдуу кырдаалда тынчтыкты, туруктуулукту сакташ керек. Абал жеңил деп айта албайбыз».

Нурлан Исмаилов шайлоодо бийлик акыйкатты камсыз кылып бере албаса, күч органдарынын мыйзамдуулукка чакырган эскертүүлөрү суу кечпей турганын белгиледи. Буга ал 2020-жылдын октябрында өткөн, жыйынтыгы нааразылыктарга себеп болуп, бийлик алмашуу менен аяктаган парламенттик шайлоону мисал келтирди.

Максат Мамытканов.
Максат Мамытканов.

Президенттик шайлоону жана референдумду өткөрүү боюнча республикалык штаб 6-январда жыйын өткөрдү. Анда өлкө шайлоону жогорку деңгээлде өткөрүүгө толук даяр экени айтылды. Штабды жетектеген вице-премьер-министр Максат Мамытканов «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» программасында мындай деди:

«Биз жоопкерчиликти мойнубузга алып жатабыз. «Таза, калыстык менен шайлоо өткөрөбүз» деп убада бергенбиз. Убадабыздан тайбайбыз».

10-январда Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өтөт. Президенттик кызматка 17 талапкер ат салышууда.

Ички иштер министрлигинин расмий маалыматына ылайык, шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө 6-январга чейин мыйзам бузуу тууралуу 50 факты катталды. Анын 15и Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине түшүп, териштирүү жүрүүдө. Ал эми 35и тастыкталбагандыктан, «мыйзам бузуу жок» деп табылды.

5-январда «Жалпы иш» коомдук фонду президенттикке ат салышып жаткан айрым талапкерлер мыйзам бузганын, 53 факты бар экенин билдирген. Анын 31и административдик ресурсту колдонууга, 15и добуштарды сатып алууга жана жетөө басым көрсөтүүгө байланыштуу. Арыздар Борбордук шайлоо комиссиясынан координациялык тобуна жөнөтүлгөн.

Президенттик шайлоого даярдык тууралуу «Азаттыктын» талкуусу

XS
SM
MD
LG