Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:04

Референдумдардын таржымалы


Кыргызстанда мамлекетти башкаруу формасын аныктоо боюнча кезектеги референдум 10-январда өтөт. Бул өлкө эгемендик алган 29 жылдагы сегизинчи жалпы элдик референдум. Мындай элдик добуш берүүлөр буга чейин кандай өткөн жана алардын сабагы кандай?

Кыргызстан 30 жылдык эгемендик тарыхында сегизинчи жолу Баш мыйзамды өзгөртүү үчүн референдум өткөргөнү жатат. Өлкө Конституциясы кабыл алынган 1993-жылдан бери эле бийлик мамлекетти башкаруу эрежесин утур-утур өзгөртүп, аны жарандардын добушу менен бекемдөөнү адатка айландырды.

Бул жылдар аралыгында жалпы элдик добуш берүүдө ар дайым бийлик сунуштаган долбоор өтүп келген. Бирок бул референдумдар үч жолку элдик толкундоолордун жыйынтыгында бийликтин күтүүсүз алмашуусун болтурбай койгон жок.

1994-жыл: «Легендарлуу парламентти» жойгон референдум

Кыргызстандын тарыхындагы Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча алгачкы референдум Конституция кабыл алынгандан бир жарым жылга жетпей 1994-жылы 22-октябрда өткөн.

Анда добуш берүүгө парламенттин курамын эки палатага бөлүү боюнча суроо коюлган.

Кыргызстандагы референдум таржымалы
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:53 0:00

Жыйынтыгында өлкө тарыхында «Легендарлуу парламент» деген аталыш менен белгилүү Жогорку Кеңеш таратылып, анын ордуна Мыйзам чыгаруу жыйыны жана Эл өкүлдөр жыйыны деп экиге бөлүнгөн парламент келген.

Бул референдум өткөрүүдө бийликтин башкы максаты дал ушул «Легендарлуу парламентке» сокку уруу болгонун саясий чөйрөдө белгилешет. Себеби, ошол жылдары ири саясий жаңжалга айланган өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылды деген 2 тонна алтын боюнча депутаттык комиссия түзүлүп, чырлуу ишти иликтеген эле.

Дал ушундай саясий кризис учурунда президент өз укугун кеңейтүүнү көздөгөнүн ошол кездеги парламент депутаты, маркум Мукар Чолпонбаев «Азаттыкка» билдирген жайы бар:

Маркум Мукар Чолпонбаев.
Маркум Мукар Чолпонбаев.

«Мыйзам кайсы жерден бузулду? Конституциябыз 1993-жылы легитимдүү шайланган, легитимдүү парламент кабыл алган Конституция. 1994-жылы Аскар Акаев өзүнүн бийлигин Англиянын ханышасыныкындай эле болуп калыптыр, ошондон улам кеңейтели деп мыйзамсыз референдум өткөрүү жолу менен конституциялык өзгөртүүлөрдү киргизген. Мына ошондон баштап мыйзам бузуулар бүгүнкү күнгө чейин уланып келатат».

«Президенттик бийликти күчөткөн референдумдар»

Эки жыл өтпөй экинчи референдум өткөн. 1996-жылдын февралындагы элдик добуш берүү эки палаталуу парламенттин укугун кыскартып, президент, өкмөт ортосундагы ыйгарым укуктарды тактоого арналган. Тактап айтканда, өлкөдө президенттин бийлиги күчөтүлүп, парламенттин укуктары кыскарган.

Бул жолу да ал кездеги президент Аскар Акаев демилге кылган референдум калктын 90 пайыздан ашуун добушу менен жактырылган.

Акаевдин бийлиги муну менен токтоп калган эмес. 1998-жылы 17-октябрда үчүнчү референдумду өтүп, бул жолу эки палаталуу парламенттеги депутаттардын саны өзгөргөн. Тагыраагы, Жогорку Кеңештин жогорку палатасы саналган Эл өкүлдөр жыйынындагы депутаттардын саны онго көбөйсө, туруктуу түрдө иштеген Мыйзам чыгаруу жыйынынын курамы онго азайган.

Ошондой эле бул палатадагы 15 депутат партиялык тизме менен шайланмакчы болгон. Дагы бир маанилүү жагдай, бул жолку референдумдун жыйынтыгында депутаттардын кол тийбестиги алып салынган. Ушул референдумдан кийин Кыргызстанда толугу менен президенттик бийлик өкүм сүрө баштаган.

Аскар Акаев бийликте турганда акыркы референдум 2003-жылдын 2-февралына дайындалган.

Конституциялык кеңешме түзүлүп, Баш мыйзамдын долбоору иштелип чыккан. Бул жолу өлкөдө Аксы окуясы орун алып, президенттин дарегине карата сын-пикирлер күчөп турган мезгил эле. Элдик добуш берүүгө «Аскар Акаевдин 2005-жылга чейин өлкөнү башкаруусуна макулсуңарбы?» деген суроо чыгарылган.

Экинчи суроо кайрадан эле парламентке тиешелүү болуп, бул жолу 2005-жылдан тартып бир палаталуу 75 депутаттан турган Жогорку Кеңешти түзүү сунушталган.

Бийлик сунуштаган демилге дээрлик 90 пайыз добуш менен жактырылганы расмий кабарланган.

Ал учурда Аскар Акаев «Кыргызстан КМШ мамлекеттеринин ичинде биринчи болуп туруктуу Конституциясын кабыл алды» деп айткан.

Бирок Акаев жаңы курамдагы парламент менен иштешкен жок. Дал ушул парламенттик шайлоодогу мыйзам бузууларга каршы элдик толкундоолор аны бийликтен кулатты. Ал эми жаңы парламент болсо Аскар Акаевдин отставкасын кабыл алып, жаңы президент менен иштешти.

Тарыхчы жана коомдук ишмер Алмаз Кулматов өлкө тарыхындагы референдумдар эгемендиктин алгачкы жылдарынан тартып эле бийликти бекемдөөгө арналганын белгиледи:

«Өткөн референдумдарда бийлик өз бийлигин бекемдөөнү көздөсө, көпчүлүк жарандар Баш мыйзамга эмне өзгөртүү кирери, ал саясий турмушту кантип өзгөртөрүн билбей туруп добуш берип келген. Муну менен плебистардык демократиянын маанисин шек келтирилди. Референдум деген коом менен макулдашуу, пикирин билүү дегендин ордуна өз чечимдерин мыйзамдаштырууга колдонулуп калды жана президенттик бийликти бекемдөөгө арналды».

2007: Оппозицияны алдаган референдум

Дал ушул парламенттин активдүүлүгү жана март ыңкылабынын шарапаты менен өлкө жетекчилигине келген Курманбек Бакиевдин бийликти бекемдөө аракети кийинки референдумдун өтүшүн шарттаган. Элдин толкундоолордон соң эки жыл бою оппозиция Бакиев бийликти бир колго топтоп жатканына каршы болуп, Бишкекте ири митингдерди өткөргөн.

Мурдагы президент Курманбек Бакиев.
Мурдагы президент Курманбек Бакиев.

Алар өлкөдө парламенттик-президенттик башкаруу системасын кабыл алууну талап кылышкан эле. Ал кездеги бийлик оппозициянын айрым талаптарына көнгөнүн жарыялаганы менен 2007-жылы октябрда Курманбек Бакиев жалпы элдик референдумду жарыялаган. Анда Жогорку Кеңештин курамы 90 депутаттын туруп, толугу менен партиялык тизме менен шайлоо сунушталган.

Жыйынтыкта бул референдумда да бийликтин сунушу өтүп, ошол эле жылы декабрда жаңы парламент шайланган. Бул парламенттеги басымдуу көпчүлүктү бийликчил «Ак Жол» партиясы ээлеп, өлкөдөгү кийинки саясий кризисти шарттаган эле.

2010: Парламенттик башкарууну эңсеген референдум

2010-жылдын 7-апрелинде элдик толкундоолордон соң Бакиевдин бийлиги кулатылып, анын ордуна бийликке келген Убактылуу өкмөт биринчи максаты катары конституциялык реформаны ишке ашыра турганын жарыялаган.

Бул үчүн өлкөдө Конституциялык кеңешме түзүлүп, ал иштеп чыккан Баш мыйзамдын долбоору 2010-жылдын 27-июнунда референдумга чыгарылган. Анда өлкөнү парламенттик-президенттик башкаруу формасына өткөрүү сунушталган эле. Президент бир гана мөөнөт алты жылга шайланары жана парламенттик фракциялар коалициялык өкмөт түзөрү каралган.

Кыргызстан Борбор Азияда биринчи болуп парламенттик башкаруу системасына өткөнү жарыяланган. Ошондой эле референдумдун жыйынтыгында кабыл алынган Баш мыйзамды 2020-жылга чейин өзгөртүүгө мораторий киргизилген.

2016: Парламенттик аталган, бирок...

Бирок иш жүзүндө кийинки он жыл ичинде мораторий да бузулуп, президенттин чектелген укугу иш жүзүндө иштеген жок. Алты жыл өтпөй парламенттик системага карабай таасирин арттырган ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев 2016-жылы кайрадан референдум дайындады. Баш мыйзамды өзгөртүүлөр премьер-министр жана парламенттин ыйгарым укуктарын өзгөртүү деген түшүндүрмө менен болсо да өлкөдө саясий тең салмактуулуктун бузулушуна алып келгенин адистер белгилешет.

Жалпы шайлоочулардын 42 пайызы катышкан бул элдик добуш берүүдө Баш мыйзамга өзгөртүүлөр 79 пайыз добуш менен жактырылганы жарыяланган.

Эми андан беш жыл өтпөй кайрадан Кыргызстанда референдум өткөрүлгөнү жатат. Жаңы референдумду 2020-жылдын 5-октябрындагы окуялардан кийинки кырдаал шарттады. Элдик толкундоонун шарапаты менен бийликке келген Садыр Жапаров баштаган бийлик өлкөнүн башкаруу формасын аныктоо боюнча элдик добуш берүүнү 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо менен бирге өткөрүү чечимин кабыл алды.

Дал ушундай жол менен Кыргызстанда сегизинчи жолу референдум өтүп, Баш мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгени жатат. Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, саясатчы Абдыганы Эркебаев бул добуш берүүлөрдүн негизги мүнөзү да бийликти бекемдөөгө багытталганын айтууда:

Абдыганы Эркебаев
Абдыганы Эркебаев

«Эгемендиктин 30 жылдык тарыхында Кыргызстан ушуну менен сегизинчи ирет президенттик шайлоону өткөргөнү турат. Баш мыйзамды – Конституцияны 11-жолу жаңылаганы жатабыз (А. Акаевдин тушунда беш ирет, К. Бакиев заманында үч, Р. Отунбаева кезинде бир, А. Атамбаев турганда бир, жаңы бийликте дагы бир жолу). Баарына жарашпаса деле конституциялык деген түс берип, жалпы элдик референдумдун шааниси кылып өткөрүп келатабыз, дагы өтмөкчү».

Бирок бул жолу башкаруу формасы боюнча түз суроо коюлганы турат. Буга чейин референдумдардын көпчүлүгүндө дал ушул суроо түз берилбесе да, маселенин айланасында болуп келген.

Акыркы Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча Конституциялык кеңешменин төрагасы, юрист Бекбосун Бөрүбашев өлкөдө биринчи жолу башкаруу боюнча суроо жарандарга берилерин айтып, аны өзгөчөлүк катары сыпаттады:

Бекбосун Бөрүбашев
Бекбосун Бөрүбашев

«Буга чейинки референдумда ар ким өз бийлигин бекемдөөгө аракет кылып келишти. Бирок азыркы референдум элдин ой-пикирин суроого арналган жатат. «Кайсы башкарууну каалайсың?» деп түз суроо коюлат. Парламенттик башкарууну көрдүк. Партиялык башчылар байышты, эч кимге отчет берген жок жана жоопкерсиздик орун алды. Эми элдин тандоосуна жараша, парламенттик же президенттик башкарууну камтыган Конституция кабыл алынышы керек. Муну менен добуш берген жарандардын да жоопкерчилигин сездире алабыз».

Кыргызстанга кандай башкаруу формасы керек?
please wait

No media source currently available

0:00 0:46:05 0:00

Бирок Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев соңку референдумду бир кишинин бийлигин бекемдеген саясий акттын уланышы катары атап жатат:

Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

«Кыргызстанда референдумдар жеке бийликти бекемдөө үчүн колдонуп келген. 2010-жылы гана коллективдүү бийлик, элдик көзөмөлдү уюштурганга добуш берүү өткөн. Эми өтчү референдум да өлкөдө жеке бийликти юридикалык жактан каттап коюш үчүн болчудай. Буга чейин конкреттүү мыйзам долбоор элге сунушталса, бул жолу сурамжылоо формасында гана болгону жатат. Референдум директивдүү императивдик мүнөздө болушу керек. Бул жолу сөзсүз күчкө ээ болбой калышы мүмкүн».

Ошентип, Кыргызстанда кийинки жылдын 10-январында элдик добуш берүү аркылуу өлкөдөгү башкаруу формасын тандайт. Андан соң көпчүлүк добуш берген башкаруу формасына ылайыктап жазылган Баш мыйзам боюнча дагы бир жолу элдик добуш берүү өтүшү мүмкүн.

Жалпы элдик добуш берүүгө чыгаруу менен бийлик мөөнөтүн узартуу постсоветтик өлкөлөрдүн көбүнө таандык көрүнүш. Буга чейин Беларус, Казакстан жана Тажикстан сыяктуу өлкөлөрдө дал ушундай тажрыйба колдонулган.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG