Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:17

Кумтөрдөн курултайга чейинки чакырык жана убада


Мыктыбек Арстанбек, Каныбек Иманалиев, Абдил Сегизбаев, Улукбек Кочкоров, Аймен Касенов жана Имамидин Ташов.
Мыктыбек Арстанбек, Каныбек Иманалиев, Абдил Сегизбаев, Улукбек Кочкоров, Аймен Касенов жана Имамидин Ташов.

Президенттик шайлоого байланыштуу үгүт иштери ортолоп калды. Анын ичинде өлкөнүн башкы телеканалы аркылуу талапкерлердин жеке кайрылуулары аяктады.

28-декабрда болсо Коомдук телерадиоберүү корпорациясында (КТРК) талапкерлердин өз ара дебаттары башталды. "Азаттык" теледебаттарды өзүнчө талдоого алат. Бул макалада талапкерлердин башкы телеканал аркылуу жеке кайрылууларын талдайбыз.

Талапкерлер бул билдирүүлөрүндө өз платформаларын коргосо, айрымдары атаандаштарынын сөздөрүн сынга алышты. Үгүт учурунда ташталган негизги чакырыктарга жана убадаларга токтолобуз.

Биринчи айлампанын соңу

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) эфиринен президенттик талапкерлердин жеке кайрылуулары үчүн берген он мүнөттүк убактылар узаган аптада толук жыйынтыкталды.

Соңкулардан болуп анда Мыктыбек Арстанбек, Каныбек Иманалиев, Абдил Сегизбаев, Улукбек Кочкоров, Аймен Касенов жана Имамидин Ташов чыкты.

Журналист жана коомдук ишмер Мыктыбек Арстанбек саясий жарышка катышуудагы башкы максаты жеңиш эмес экенин кыйытып, өз ойлорун коомго жеткирүү үчүн чыкканын айтты. Ал негизги идеясы катары, эл дагы эле советтик системадагыдай мамлекеттен маяна күтүп жатканын белгилеп, бул туура эмес экенин белгиледи:

Мыктыбек Арстанбек.
Мыктыбек Арстанбек.

«Биз али капиталисттик системада жашап жатканыбызды, мүмкүнчүлүктөр өзүбүздө экендигин түшүнө элек экенбиз. Айлык сурап, мамлекеттен күтөт экенбиз. Тилекке каршы, ар беш жылда мамлекетти бир клан ээлеп алып, элге «иш беребиз, иш беребиз» деп коюшат. Бербейт! Жалган айтат. Иш берсе мамлекетке гана зарыл адистерге берет. Калганын эл өзүн-өзү каржылаш керек, айлыкты ишкерлер бериш керек. Мамлекеттин ролу биздин жашообузда чектелүү гана. Антпесек, ар беш жылда оомат издеген балдар келип, биз көксөгөн образ менен бизди алдап кете берет. Азыр да «кустуруп берет, өч алып берет, тазалап берет» деп жаңы образдарды күтүп олтурабыз».

Башка талапкер, депутат Каныбек Иманалиев кайрылуусунда платформасындагы 12 маселени козгоп, анын ичинде мурдатан айтылып келе жаткан аймактык реформа жана түз шайлоо темаларына кайрылды:

Каныбек Иманалиев.
Каныбек Иманалиев.

«Бизде 40 район, жети облус бар. Анын баарын жөнөкөйлөштүрүп, 20 эле аймак түзүш керек. 453 айыл өкмөтүн ирилештирип, 300 эле айыл өкмөтүн түзүп, аларга көп укуктарды бериш керек. Бизде төрт ирет президенттик институт өзүнүн жөндөмсүз экенин көрсөттү. Келечекте бүт саясий ордо - бул парламент болуш керек. Акыркысы, Бишкек шаары менен Ош шаарынын, келечекте экономикасынын өсүшүнө эң негизги өбөлгө боло турган эки канатыбыздын - эки эгиз шаардын мэрлери эл тараптан түз шайлангыдай болушу керек».

Соңку парламенттик шайлоодо «Биримдик» партиясы менен депутаттыкка ат салышкан Улукбек Кочкоров бул жолу президенттикке талапкер катары социалдык кыйынчылыктарга басым жасады. Мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Кочкоров саясий темаларга да кайрылып, бул үчүн шайлоодогу үгүттөрдү бир эрежеге салыш керек деди.

Улукбек Кочкоров.
Улукбек Кочкоров.

«Эми мына референдум аркылуу президенттик же парламенттик башкарууну тандаганы жатабыз. Менимче, биздин маселе башкаруу системасында эмес. Маселе коррупцияланышкан шайлоо системасында жана анын кесепетинен түзүлгөн жоопкерсиз бийликте. Биздин шайлоо системабыз бийликке жалаң акчалуулар келе турган системага айланып, ал мыйзамдар менен бекитилип калган. Партиялар чыгашаларын жабыш үчүн тизмесинин алдыңкы катарларына жалаң акчалууларды киргизери жашыруун эмес. Анын натыйжасында парламентке келген депутаттар эл өкүлчүлүк функциясын аткара албай, саясий жана коррупциялашкан олигархтык топтордун кызыкчылыгында иш алып барып калды. Ошондуктан шайлоо системасын олуттуу реформа кылып, саясий күрөштө бардыгына бирдей шарттарды түзүп бериш керек. Бул үчүн шайлоодо эбегейсиз акча каражаттарын талап кылган бардык үгүт иштерине тыюу салыш керек. Шайлоо алардын байлыгынын жана бийлигинин атаандашуусунун эмес, идеяларынын жана программаларынын негизинде жүрүшү керек».

Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын мурдагы мүчөсү, менежер Аймен Касенов мамлекет башчылыгына талапкер катары аткара турган иштеринин башында экономиканы көтөрүү турарын маалымдады. Ал бул үчүн санариптештирүү, электрлештирүү жана инновация зарыл экенин билдирди.

Касенов да шайлоо системасына өзгөртүүлөрдү киргизип, ар бир кыргызстандык автоматтык түрдө добуш бере турган технологияны сунуш кылды:

Аймен Касенов.
Аймен Касенов.

«Биздин башкаруу системабыз - кыргызга таандык курултай системасына өтүшүбүз керек. Эски курултай эмес, заманбап санариптик курултайга өтүшүбүз керек. Ар бир кыргызстандык курултайга мүчө болуп, президентти да, сотторду ошол аркылуу шайлай турган болуп калат. Санариптик курултайга өтүш үчүн эки этап керек. Бийликти көзөмөлгө алуу, президент, соттор, парламент кандай иштеп жатат - ошонун баарын телефон аркылуу көрүп, баа берүүгө шарт түзүлөт. Экинчи этапта өзүбүздүн элдик башкаруу системасына өтөтүп кетебиз».

Президенттикке талапкер, ишкер Имамидин Ташов болсо анын программасы «аз жана саз» экенин айтып, үч эле убада берерин билдирди. Анын биринчиси - Кытайдын карызынан кутулуу, экинчиси - чек ара маселелерин чечүү жана үчүнчүсү - коррупцияны түп-тамыры менен жок кылуу.

«Албетте, сиздер мындай маселелерди чечем деген кооз сөздөрдү, кооз программаларды буга чейин уккансыздар. Мага окшогон талапкерлер бул жөнүндө байма-бай айтып, элдин купулуна толбой келди. Келиңиздер, бир кепилдик менен иш кылалы. Эгерде ушул үч маселени үч жылдын ичинде чече албай калсам, үч жылдын ичинде өз каалоом менен президенттиктен кетем. Жөн эле кетпестен, элдин үч жылдык өмүрүн уурдаганым үчүн мыйзамда кандай жаза каралса, ошону жон терим менен тартам», - деди Имамидин Ташов.

Атаандаштарга сын айткандар

21-декабрдагы жеке кайрылууларда президенттикке талапкерлердин ичинен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев атаандаштарынан кескин сыны менен айырмаланды. Ал саясий жарышка чыккан башка талапкерлердин Кумтөр жана Жетим-Тоо кендери жөнүндөгү сөздөрүн сынга алды:

Абдил Сегизбаев.
Абдил Сегизбаев.

«Акыры он жылда бир азамат «Кыргызстанга Кумтөрдү кайтарып беребиз» деп убада берип жүрдү эле. Бүгүн бийликке келгенде бул убадасын унутуп, «Кумтөрдө алтын калган жок» деп чыкты. Бул жалган. Союз учурунда Кумтөрдо 750-800 тоннадай алтын запасы бар деп аныкталган. Бүгүнкү күндө 400 тоннанын тегерегинде алтын казылып чыкты, башкача айтканда жартысы гана алынды. Бирок дагы 400-500 тоннадай алтын калды да. Бул алтын эмеспи? Же бул жөнүндө унутуп калдыкпы? УКМКнын жетекчиси болуп турган учурда мен Кумтөр боюнча бир нече кылмыш ишин козгогом. Ошону аягына чыгарсак, бүгүнкү күндө кеминде 2-3 млрд. сомду Кыргызстандын бюджетине которсок болот. Азыркыга чейин ошол иштерди жылдырбай басып олтурушат. Ал эми Жетим-Тоо деген кен байлыгыбызда, кеминде 70-100 млрд. сомдук темир бар. Ошону бир азаматыбыз «Жетим-Тоону чет өлкөгө берип, карызыбыз үчүн төлөйбүз» деп жатат. Биздин ошол өлкөгө болгон карызыбыз 1 млрд. 700 млн. доллар. Биз эмне, ушул карызды төлөө үчүн 70-100 млрд. долларлык кенибизди беришибиз керекпи?»

Абдил Сегизбаев «азамат» деп тергеген талапкер Садыр Жапаров экени айтпаса да түшүнүктүү болуп турат. Анткени Садыр Жапаров 2012-2013-жылдары Кумтөр кенин мамлекетке алуу боюнча чакырыктары менен таанылып, эки жолу камалып чыккан. Быйыл октябрдын башындагы окуялардан кийин премьер-министрлик кызматты алып, андан кийин президенттин да милдетин аткарып турду.

Бирок ал бийликке келгенден кийинки билдирүүлөрүндө Кумтөрдө алтын дээрлик түгөнүп калганын кеп кылып, аны мамлекетке кайтарып алуунун зарылдыгы жок экенин айткан.

14-ноябрындагы басма сөз жыйынында болсо Садыр Жапаров Кытай мамлекетине болгон карыздан кутулуунун жолу катары Жетим-Тоонун кенин чийки зат катары берүү ыкмасы сөз болгонун айткан. Ошол эле учурда Жапаров тоо өзү коңшу өлкөгө берилбей турганын, карызды төлөөнүн башка жолдору табыларын тактаган. Бул коомчулукта талкууну күчөткөн.

Президенттик милдетти өнөктөшү, Жогорку Кеңештин төрагасы Талантбек Мамытовго өткөрүп берип, премьер-министрлик кызматын убактылуу тапшырып президенттикке аттанган Садыр Жапаров буга байланыштуу талапкер болуп катталгандан кийин жооп берип жатты. Ал өз сөздөрүндө Кумтөр боюнча келишимдер каралып чыгарын айтса, Жетим-Тоо кени Кытайга сатылбай турганын, Кыргызстан өзү иштетерин маалымдады.

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

«Мага «урматтуу Садыр Нургожоевич, Ишенбай Кадырбеков сизди «Жетим-Тоону Кытайга берип салды» деп жатат» деген суроо келиптир. Бул карандай калп нерсе. Жетим-Тоодо беш-он жылга эмес, 500 жылга жете турган чийки зат бар. Бул мамлекеттин, жаштардын келечеги. Мунун бир пайызын да эч кимге бербейбиз. Буга көп акылдын, көп каражаттын кереги жок. Өзүбүздүн күчүбүз менен иштетсек болот, өзүбүз иштетебиз. Кудай буюруп, президент болуп шайланып калсам, аны иш жүзүндө көрсөтөм. Бул биздин экономикалык саздан сууруп чыга турган долбоор болот. Ачык эле айтайын, бул боюнча иш баштап койгонбуз. Премьер-министр болуп шайланган күндөн баштап, балдарга тапшырма бергем. Мамлекеттик ишкана ачылат, анын башына Темир Сариевди сунуш кылгам. Ал экономикалык багыттагы башка балдар менен иш алып барып жатат. Кудай буюрса, келе жаткан жылдын жай же күз айларында иштетип калабыз деген максатыбыз бар. Аны 100% өзүбүз иштетебиз. Бир да инвестордун үлүшү болбойт, бир да чет элдик киши катышпайт. Баарын Кыргызстан өзү иштетет, 2-3 миңдей иш орун түзөбүз, биздин мамлекеттин гана жарандары иштейт», - деген Садыр Жапаров 16-декабрда Токтогул районунда шайлоочулар менен жолугушуу учурунда.

Жапаров өзү КТРКдагы жеке кайрылуусун 17-декабрда жасаган. Бул күнү аны менен кошо башка талапкерлер Рашид Тагаев жана Бабыржан Төлбаев он мүнөттүк билдирүү кылышкан.

Клара Сооронкулова, Садыр Жапаров, Равшан Жеенбеков, Жеңишбек Байгуттиев, Рашид Тагаев.
Клара Сооронкулова, Садыр Жапаров, Равшан Жеенбеков, Жеңишбек Байгуттиев, Рашид Тагаев.

18-декабрда Равшан Жеенбеков, Клара Сооронкулова, Жеңишбек Байгуттиев сөз сүйлөгөн.

Андан мурун 15-декабрда Элдар Абакиров, Курсан Асанов жана Бактыбек Калмаматов, 16-декабрда Адахан Мадумаров, Канатбек Исаев жана Арстанбек Абдылдаев кайрылуусун шайлоочуларга багытташкан.

Алардын билдирүүлөрүн да «Азаттык» өзүнчө талдап берген.

Интригасы аз шайлоо

Үгүт иштери өзү 15-декабрда башталган. Президенттикке талапкер болуп катталган 18 киши ушуну менен КТРКдан акысыз берилген жеке кайрылууларын толук жасап бүтүштү.

Алар мындан сырткары ушул эле каналдан өзү тууралуу репортаждарды бердирип жатат. Анда кээ бир талапкерлер жандуу репортаж жасатса, башкалары маек түрүндө гана чыгууда. Дебаттар да ушул күндөрү башталды.

Негизинен көпчүлүк талапкерлери жер-жерлерде шайлоочулар менен жолугушуп жатат. Бирок анын ичинен негизинен Садыр Жапаровдун, Адахан Мадумаровдун, анан аз-аздан Бабыржан Төлбаевдин кездешүүлөрүнүн видеосу гана көбүрөөк чагылдырылууда.

Бишкек, Ош шаарларында жана аймактарда илинген үгүт баннерлеринде Садыр Жапаровдуку басымдуулук кылат.

Талапкерлердин үгүт өнөктүгүндөгү чоң айырмачылыктарды саясий пиар боюнча адис Азим Азимов мындайча баалады:

Азим Азимов.
Азим Азимов.

«Менин пикиримде бул шайлоодо фаворит Садыр Жапаров болуп жатат. Башка талапкерлер жеңип чыгарына көп ишенбегендиктен үгүт иштерине көп деле каражат коротпой турушат. Ошондуктан интрига өтө аз. Ал эми талапкерлердин көбү президенттик шайлоону кийинки парламенттик шайлоого платформа катары колдонуш үчүн программаларын айтышууда. Андыктан үгүт иштери кызыксыз жана анча жандуу болбой жатат».

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 25-декабрга карата президенттикке талапкерлердин шайлоо фондуна түшкөн каражат тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, 18 талапкердин фондуна жалпысынан 104 463 444 сом которулуп, анын 94 640 746 сому коротулду.

Президенттикке талапкерлердин ичинен эң көп каражат Садыр Жапаровдун шайлоо фондуна чогулду - 51 млн. 461 миң сом. Ал бул акчанын 50 млн. 439 миң 859 сомун чыгымдады.

Бабыржан Төлбаевдин банктык эсебине 14 млн. 224 миң 572 сом которулуп, 9 млн. 264 миң 488 сому шайлоо иштерине коротулду. Президенттикке дагы бир талапкер Имамидин Ташовдун фондуна 4 млн. 924 миң 600 сом топтолуп, 3 млн. 685 миң 510 сом сарпталды. Калган талапкерлердин эсебине 1 млн. сомдон 3 млн. сомго чейин каражат түшкөн.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык президенттикке талапкерлер шайлоо фонддорун ачышкан. Саясий жараяндагы бардык чыгымдар фонддогу каражат аркылуу гана каржыланыш керек.

БШКнын мурдагы төрагасы Мамбетжунус Абылов бул шайлоодогу үгүт өнөктүгүн мындайча мүнөздөдү:

Мамбетжунус Абылов.
Мамбетжунус Абылов.

«Биринчиден, шайлоодо эң көп каражат жумшап жаткан талапкер Садыр Жапаров мынча ири сумманы кайдан тапты деген суроо туруп жатат. Ал эмне, түрмөдө акча чогултуп жүрдүбү? Кайсы акчасына мынча жарнамаларды жайнатып жатат? Буга кошумча биз, өткөн парламенттик шайлоодо «Мекеним Кыргызстан», «Биримдик» партиялары үчүн иштеген топтор бул шайлоодо Жапаровго иштеп жатканына күбө болуп жатабыз. Бири баннерин илет, бири жолугушуусун уюштурат, бир дагы бирдемесин жасап жатат. Алар акча чачкандан башка жолду билбейт. Экинчиден, менимче башка талапкерлер бул шайлоодо башкача тактика колдонуп жатат. Алар акчасын ашыкча чачпай, баннер же башка жарнактарын илбей эле, теледебаттарга даярданышууда. Алар жеңүү же утуп чыгуудан мурда өз чындыгы, өз идеясы үчүн күрөшүп, ошол негизги талапкер менен болгон беттеште ойлорун айтып алалы деп жатышат».

Президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун штабы шайлоого байланыштуу ири суммада акча каражатын пайдаланып жатканы тууралуу 29-декбарда түшүндүрмө таратты.

«Акыркы убактарда президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун шайлоо фонду үгүт иштерине баарынан көп акча таратып жатканы жөнүндө сындар айтылууда. Биз башкалардан айырмаланып өзүбүздүн чыгымдарыбыздын бир тыйынын да жашырбайбыз жана болгонун болгондой көргөзүп жатабыз. Үгүтчүлөр жана ишенимдүү адамдар менен да ошондой ачык-айкынбыз. Албетте, салык, Соцфондго болгон төлөм жана башка төлөмдөр жалпы чыгымдардан эсептелип алынат. Башкача айтканда, чыгымдардын 40% мамлекетке салык түрүндө кайтып келет. Биздин ачык-айкындыгыбыздан улам ушундай чоң сумма чыгып жатат. Садыр Нургожоевич бизден мурдагы талапкерлер сыяктуу чыгымдарды жашырбоону жана мамлекеттик бюджетке бардык төлөмдөр түшө тургандай аракет жасообузду талап кылган», - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо 10-январда өтөт. Үгүт иштери 8-январь, кечинде аяктайт. 9-январь - жымжырттык күнү.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG