Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:20

Үгүт ишиндеги ажырым суроо жаратты


Парламенттик шайлоо. 4-октябрь, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Парламенттик шайлоо. 4-октябрь, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоонун үгүт иштери башталганына бир жума болду. Бул убакыт аралыгында талапкерлердин үгүт өнөктүгүндө бир топ ажырым байкалды. Айрымдары аймактарды түрө кыдырып, стадион толо эл чогултса кээ бири ушул күнгө чейин көзгө уруна элек.

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоо жана андан кийинки саясий окуялардын илеби кайта электе президенттик шайлоонун үгүт иштери жүрүп жатат. Өлкө жетекчиси болом деген 18 талапкердин ичинен жандуу өнөктүктү саналуулары гана жүргүзүүдө.

Премьер-министрлик кызматты убактылуу токтоткон, октябрь окуялары учурунда тарапташтары түрмөдөн бошотуп алган Садыр Жапаров Талас, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарын кыдырып, стадион толо эл чогултууда. Анда программасы тууралуу айтып берип шайлоочулар менен суроо-жооп кылып жатат. Жолугушуулар «YouTube» порталындагы бир нече каналдан түз алып берилүүдө.

Аймактарды албаганда да Бишкек шаарындагы билборддордун басымдуу бөлүгүн Садыр Жапаровдун сүрөттөрү ээледи. Бирин-серин жерде гана президенттикке дагы бир талапкер Бабыржан Төлбаевдин баннерлери бар.

Талапкерлердин үгүт өнөктүгүндөгү чоң айырмачылыктар ар кандай бааланууда. Бул тууралуу саясий пиар боюнча адис Азим Азимов төмөнкүлөрдү айтты.

Азим Азимов.
Азим Азимов.

«Менин пикиримде бул шайлоодо фаворит Садыр Жапаров болуп жатат. Башка талапкерлер жеңип чыгарына көп ишенбегендиктен үгүт иштерине көп деле каражат коротпой турушат. Ошондуктан интрига өтө аз. Ал эми талапкерлердин көбү президенттик шайлоону кийинки парламенттик шайлоого платформа катары колдонуу үчүн программаларын айтышууда. Андыктан үгүт иштери кызыксыз жана анча жандуу болбой жатат».

Президенттик шайлоого баш-аягы 18 талапкер ат салышууда. Алардын арасынан акыркы күндөрү Адахан Мадумаров, Курсан Асанов, Абдил Сегизбаев, Элдар Абакиров, Аймен Касенов аймактарды кыдыра баштады. Равшан Жээнбеков, Каныбек Иманалиев, Бактыбек Калмаматов социалдык тармактарда үгүт материалдарын чыгарып жатат.

Үгүт иштеринде кандай айырмачылык болсо шайлоо фонддорунда да ушундай эле. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) президенттикке талапкерлердин шайлоо фондундагы каражаты тууралуу маалыматы боюнча, 18-декабрга карата эң көп акча Садыр Жапаровдун шайлоо фондуна чогулган - 47 млн. 404 миң сом. Андан кийинки орунда Бабыржан Төлбаев 9 млн. 352 миң сом топтогон. Дагы бир талапкер Имамидин Ташовдун шайлоо фондунда 4 млн. 924 миң сом жыйналган. Калган талапкерлердин капчыгында 1 млн. сомдон 3 млн. сомго чейин каражат бар.

Журналисттер Шайырбек Абдырахман уулу менен Ибраим Нуракун уулу ушул күндөрү президенттикке талапкерлерди социалдык тармактарда түз эфирге чыгарып суроолорду берип жатат. Абдырахман уулу шайлоодогу акча жана мүмкүнчүлүктөр тууралуу мындай деди:

«Телеге чыкчу жарнама өтө эле кымбат. Менин угушума караганда, шаардагы жарнак такталарынын бирөө эле 200-400 миң сом турат экен. Бирок бул сумма так эмес. Мындай шартта акчага таянган гана талапкер өз сунушун элге жеткире алат. Ал эми нагыз лидер, жакшы сунушу бар, бирок акчасы жок адам шайлоочуга үнүн жеткире албайт».

Шайлоого эң көп каражат короткон Садыр Жапаров шайлоо өнөктүгүн жүргүзүүгө коротуп жаткан акча элден келгенин айтып жатат. Ал 21-декабрда Баткенде шайлоочулар менен жолугушууда суроолорго жооп берип жатып буларды билдирди:

«Талапкерлик фондумда сарпталган акчанын бүт баары элден келип жатат. Пенсионерлер пенсиясынан берип жатышат. Мобу турган плакаттарды да эл өзү жасап атат. Мен түрмөдө отурганда да акчасын, тамак-ашын, кийим-кечени көтөрүп жүрүп, мени эл бакты. Үч жыл бою эл, силер бактыңар».

4-октябрдагы парламенттик шайлоого «Мекенчил» партиясы менен катышкан саясий серепчи Төлөгөн Келдибаев болсо Жапаровдун аймактардагы шайлоо штабдары тууралуу маселеге көңүл бурду.

Төлөгөн Келдибаев.
Төлөгөн Келдибаев.

«Мурда «Биримдик», «Алга Кыргызстан», «Мекеним Кыргызстан» деген партияда жүргөндөр ар бир айылда Садыр Жапаровдун штабдарын ачып алышты. Жапаров аларга «штаб ачкыла» деп деле айткан жок. Көчө-көчөгө чейин бөлүп алып иштеп жатышат. Аларды иштетпеш керек болчу. Садыр Жапаров «шайлоону өткөрүп алгандан кийин алардан тазаланабыз» деди. Шайлоо бүткөндөн кийин алардан тазалана албай калат».

Ал тапта социалдык тармактарда талапкерлердин шайлоодогу программасы артта калып, минген аттары жарышка түштү. Талапкерлер Садыр Жапаровдун, Адахан Мадумаровдун, Курсан Асановдун, Аймен Касеновдун шайлоочулары мингизген аттарын Интернет колдонуучулар кызуу талкуулап жатышат.

«Борборазиялык барометр» уюму Кыргызстанда 10-январда өтө турган президенттик шайлоо жана референдум боюнча эл арасында сурамжылоо жүргүзүп, жыйынтыгын 21-декабрда жарыялады.

Жарыяланган маалыматка караганда сурамжылоого катышкандардын 58% быйыл 5-октябрдагы бийлик алмашууну толук колдой турганын, 73% келерки жылдын 10-январындагы шайлоого барарын билдиришкен.

Сурамжылоого катышкандар, эгер президенттик шайлоо бүгүн өтсө 64% Садыр Жапаровго, 3% Адахан Мадумаровго, 1% Бактыбек Калмаматовго добуш берерин билдирип, 17% кимди тандоону билбей жатканын айтышкан. Пикирин билдиргиси келбегендер 8%, баарына каршылар 4%, башка себептерди айткандар 3% болгон.

XS
SM
MD
LG