Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:19

Жээнбековдор Жогорку сотко чакырылды


Сүрөттө: Абдылда Капаров, Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков жана Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков.
Сүрөттө: Абдылда Капаров, Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков жана Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков.

Жогорку сот Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков менен анын иниси, Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековду сотко чакыруу жөнүндө өтүнүчтү канааттандырды. 

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы, Жээнбековдун доосу боюнча түрмөдө отуруп чыккан Абдылда Капаровдун арызынын негизинде башталган сот жараянында ушундай өтүнүч келтирилди. Жогорку сот Абдылда Капаровдун ишин кароону 12-январга жылдырды.

Сооронбай Жээнбековдун арызы боюнча камалган Ош облустук ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы, милициянын полковниги Абдылда Капаров быйыл октябрь окуяларынан кийин түрмөдөн чыккан. Ал эркиндикке чыккандан кийин өзүн төрт жылга соттогон Ош облустук сотунун чечими туура эмес болгондугун айтып, Жогорку сотко кайрылган.

Абдылда Капаров тарапташтары менен Жогорку соттун имаратынын алдында. Бишкек, 16-декабрь, 2020-жыл.
Абдылда Капаров тарапташтары менен Жогорку соттун имаратынын алдында. Бишкек, 16-декабрь, 2020-жыл.

Капаров 16-декабрдагы биринчи соттук отурумда анын ишинде жабырлануучу болуп саналган Кыргызстандын мурдагы президенти Сооронбай Жээнбековду жана анын иниси, Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековду сотко чакыруу тууралуу өтүнүч келтирди. Соттук коллегия бул өтүнүчтү канааттандырды.

«Ага-ини Жээнбековдор сөзсүз жоопко тартылат. Булардын жоопкерчилигин тез арада караш керек. Эмне үчүн «Раим миллион» миллиарддап төлөп атат? Эмне үчүн булар уурдатып жибергендиги үчүн жооп бербейт? Бул бир эле менин маселем эмес, бул - бүт кыргыз элинин маселеси. Мени мыйзамсыз буюртма менен каматкан, жасалма кылмыш иштерин түптөткөн. Булардын буйругу менен жөн эле төрт жыл өмүрүмдү бердим».

3 млн. доллар жана Жээнбековдордун кадыр-баркы

Абдылда Капаров 2010-жылы коогалаң учурунда Ош облустук ички иштер башкармалыгын жетектеген. Ал кезде Сооронбай Жээнбеков Оштун губернатору болуп турган.

Сооронбай Жээнбеков губернатор болуп турган учурда тартылган сүрөт. 2010-жыл, август айы.
Сооронбай Жээнбеков губернатор болуп турган учурда тартылган сүрөт. 2010-жыл, август айы.

Капаров кийин «июнь окуяларында Сооронбай жана Асылбек Жээнбековдор 3 миллион АКШ долларын уурдаган» деп айтып чыккан. Бул билдирүүнү курулай доомат деп эсептеген Сооронбай Жээнбеков анын кадыр-баркына шек келтиргенин айтып, Абдылдаевди сотко берген.

Абдылда Капаров Сооронбай Жээнбековдун арызынын негизинде беш жылга созулган соттошуудан кийин 2017-жылы Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренеси («Улуттук, расалык, диний же аймак аралык кастыкты козутууга багытталган уюшкан иш-аракет») жана 338-беренеси («Соттун өкүмүн, соттун чечимин же башка соттук актыны аткарбай коюу») менен камалган.

Жогорку соттун аларды жараянга чакырууну канааттандырган өтүнүчү тууралуу пикир алыш үчүн Жээнбековдордун өздөрү менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. «Азаттык» алардын үнүн угууга даяр.

«Сөзсүз жооп беребиз»

Ал эми Жогорку сотто Жээнбековдордун кызыкчылыгын коргогон жактоочу Советбек Закиров азырынча комментарий бере албай турганын, бир нече күндөн соң кагаз жүзүндө жооп берерин айтты:

«Азыр эч нерсе деп айта албайм. Жазуу түрүндө жооп жазып берели. Кийин сөзсүз жооп беребиз».

Абдылда Капаров.
Абдылда Капаров.

2010-жылдан 2015-жылга чейин Ош облусун башкарган Сооронбай Жээнбеков кийин өкмөт башчы, ал эми 2017-жылы алты жылга президент болуп шайланган. Бирок ал быйылкы октябрдагы шайлоодон кийинки элдик толкундоодон улам мамлекет башчылык кызматынан кетүүгө аргасыз болгон. Ал эми Асылбек Жээнбеков 2010-жылдан бери Жогорку Кеңештин депутаты. Ал буга чейин Жогорку Кеңештин спикери да болгон.

Асылбек Жээнбековдо депутаттык иммунитети, ал эми Сооронбай Жээнбековдо экс-президент макамы бар. Парламент депутаты Сайдулла Нышанов Сооронбай Жээнбеков экс-президент макамынан улам сотко чакырылбай турганын айтты:

«Бул киши «ушулардын көрсөтмөсү менен камалдым, эми алар да сотко келсин» дегендей ишарат кылып жатат да. Алар каалааса келиши мүмкүн. Депутат Жээнбековду билбейм, экс-президент Сооронбай Жээнбековду зордоп алып келүүгө жол берилбейт. Өзүнүн каалоосу болсо, келип көрсөтмө бериши мүмкүн».

2014-жылы болгон Ош шаарындагы митинг.
2014-жылы болгон Ош шаарындагы митинг.

Абдылда Капаровдун иши боюнча кийинки соттук териштирүү эми 2021-жылдын 12-январында өтмөкчү. Жогорку сотто жабырлануучулар келбесе да иш карала берет.

Абдылда Капаров 2005-жылы ошол кездеги президент Аскар Акаевди кетирген ыңкылапка да катышкан. 2010-жылы Сооронбай жана Асылбек Жээнбековдорду "жоокерлердин тамак-ашына бөлүнгөн каражатты уурдаган" деп айыптап жүргөн. 2013-жылы Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматовду колдоо митингде президент Алмазбек Атамбаевдин сүрөтүн өрттөгөн.

Беш жылга созулган соттошудан соң Абдылда Капаров Жалал-Абадда Текебаевди колдогон митингдерге катышып жүргөн кезде, 2017-жылы 25-мартта кармалып, Ош шаардык сотунун чечими менен тергөө аяктаганча камакта калган.

XS
SM
MD
LG