Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:19

Шайлоо коопсуздугунун «коңгуроосу»


7-октябрь, 2020-жыл
7-октябрь, 2020-жыл

Коопсуздук кеңешинде президенттик шайлоодон кийинки өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды сактоонун чаралары талкууланды.

Ал арада Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев өткөргөн басма сөз жыйынында айрым президентикке талапкерлер шайлоодон кийинки кырдаалды курчутууну пландап, күч топтоп жатканы боюнча маалымат бар экенин жарыялады.

Камчыбек Ташиев «митингге чыгып, башаламандык уюштургусу келгендерди саны боюнча ашып түшкөн адамдардын тобу аларды ордуна коюп коюшу мүмкүн экенин» эскертти.

УКМК төрагасынын чуулгандуу билдирүүсү

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев президенттик шайлоодон кийин өлкөдө коомдук-саясий кырдаалды курчутуп, башаламандык уюштурууга кызыкдар күчтөр бар экенин билдирди. Атайын кызматтын башчысы президенттикке талапкерлер арасында бийликти күч менен басып алууга даярдык байкалганын айтып, бирок алар кайсы талапкерлер экенин ачык айтып, аттарын атаган жок.

Камчыбек Ташиев аларга каршы жетиштүү күч топтолушу мүмкүн экенин эскертти:

«10-январдан кийин кайсы бир күчтөр элди чогултуп, чоң бир дүрбөлөң жараткан митингдерди уюштурабыз же болбосо бийликти алабыз деген ойлору бар экен. Митингге чыкканга ар бир жарандын укугу бар. Бирок биз коомдук тартипти бузганга жол бербейбиз. Биз ал талапкерлердин кимдер экенин, алардын кайсы жерде, кимдер менен, эмне тууралуу сүйлөшкөнүнө чейин билебиз. Алардын шайлоодон кийин 11-январга күч топтоп жатканынан бери билебиз. Бирок эгерде алар 1000-2000 же 10 миң адам митингге чыгарса, миллиондогон адамдар келип, аларды өздөрүнүн ордуна коюп коюшу мүмкүн».

Ташиев: Атамбаевдин ден соолугу жакшы эмес
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:26 0:00


Улуттук коопсуздук боюнча адистер атайын кызматтын жетекчисинин мындай билдирүүсүн саясий катачылык катары кабыл алышты.

Мурдагы премьер-министр, мурдагы улуттук коопсуздук министри Феликс Кулов мындай кадам жарандык кагылышка алып келиши мүмкүн экенин белгиледи:

«Адатта шайлоодон кийин эл эмне үчүн митингге чыгат? Биз октябрь айынынын башында эл эмнеге чыкканын көрдүк. Эл шайлоонун жыйынтыгы бурмаланганы үчүн чыкты. Ошондуктан шайлоо мыйзам чегинде, таза, акыйкат жана адилет өтүшүн камсыздоо керек. Шайлоо бурмаланбаса эч ким көчөгө чыкпайт. Атайын кызматтын жетекчиси «эгерде кайсы бир күчтөр адамдарды митингге чыгарса, анда биз дагы миллиондогон тарапташтарыбызды чыгарабыз дегендей коркутуп айтып жатканы такыр туура эмес. Анда эмне атайын кызматтын башчысы «контрмитинг, антимитинг» уюштурабы? Эки тараптан беш миңден эле адам чыкса, алар тирешип, чабышып кетсе, албетте мындай жагдай жарандык кагылышка алып келет. Ар кандай чагымчыл күчтөр уюштурган башаламандыктарды тартипке салуунун мыйзамдуу усулдары бар».

Ал эми УКМК төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков шайлоодо каршылык акциясын уюштурууга бийлик негиз бербеши керек деп эсептейт:

Артур Медетбеков
Артур Медетбеков

«Эгерде чынында эле кандайдыр бир талапкерлер же кайсы бир саясий топтор чагымчылдык менен башаламандык уюштурууну көздөп жатканы тууралуу маалыматтар бар болсо, анда атайын кызмат ошонун бардыгын тактап, аныктап чыгышы абзел. Ошого жараша алдын-алуу чаралары көрүлөт. Алдын алып, чара көрбөсө, кеч болуп калат. Бир тарабы 5-10 миң адам митингге алып чыкса, ага каршы дагы ошончо киши көчөгө чыкса, анан укук коргоо органдары ошолордун бир тарабын алып, чагымчылардын үндөөсүнө кошулуп тараптардын кагылышып кетишине эч качан жол берилбеши зарыл. Укук коргоо органдары мына ошондой нерселерге жол бербөө үчүн түзүлгөн. Ошон үчүн аларга мамлекеттен маяна төлөнөт».​

Өткөндүн сабактарын эскертүү

Президенттик шайлоодон кийинки коомдук-саясий кырдаалды көзөмөлдөө Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында да талкууланган башкы маселе болду.

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов өткөндөн сабак алуу керек экенин айтты:

«Өткөндөн сабак алышыбыз абзел. Анткени 6-7-октябрда мыйзамсыз шайлоонун натыйжасында толкундоо болду. Анын жыйынтыгын билебиз. Ошондон улам бийлик алмашты. Президенттик шайлоо да, референдум да ошол чекиликтерди болтурбоо, элибизге жана мамлекетибизге чоң өзгөртүүлөрдү жасоо максатында өткөрүлүп жатат. Элибиз чоң өзгөрүүлөрдү күтүп жатат. Ошондуктан биздин астыбызда азыр алдыдагы президенттик шайлоонун жана референдумдун таза жана акыйкат өтүшүн камсыздоо милдети турат».


«Республика» партиясынан өткөн парламенттик шайлоого катышкан депутаттыкка талапкер, учурдагы тышкы иштер министри Руслан Казакбаев өткөндөн сабак алуу үчүн ошол катачылыктардан жыйынтык чыгаруу керек болчу деп кыйытты:

«Азыр эми «шайлоочуларды жапырт сатып алууларды көргөнбүз» деп айтып жатасыздар. Бирок биз шайлоо абдан ыплас өткөнү, добуштарды акчага сатып алуулар жүргөнү боюнча жана ошонун негизинде 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча кайрылганда эч кандай жооп болгон эмес. Шайлоодогу мыйзам бузуулар тууралуу Башкы прокуратура, ИИМ унчуккан эмес. Ошол иштер боюнча эмдигиче жыйынтык чыга элек. Ошондуктан алдыдагы шайлоону таза жана адилет өткөрүү зарыл».​

Коопсуздук чаралары

Шайлоодогу коомдук коопсуздукту камсыздоонун абалы боюнча укук коргоо органдары менен күч түзүмдөрүнүн жетекчилери маалымат беришти. Анда күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өткөнү жарыяланды. Ошондой эле шайлоо тилкелериндеги коомдук тартипти көзөмөлдөөгө 11 миңден ашуун милиция кызматкери тартыла турганы айтылды.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков коомдук коопсуздукту камсыздоо чараларын атады:

ИИМ башчысы Улан Ниязбеков коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча жыйын өткөрдү.
ИИМ башчысы Улан Ниязбеков коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча жыйын өткөрдү.


«Шайлоо маалында жана андан кийин ар кандай чагымчыл иштердин алдын алуу максатында ок атуучу куралдарды жана жардыруучу материалдарды колдонууга бөгөт коюу үчүн министрликтин атайын жобосунун негизинде өлкөнүн аймагында алардын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилди. Ошондой эле мергенчилик куралдары менен ок дары саткан дүөндөрдүн ишмердиги токтотулду».

Президенттик шайлоо келе жаткан жылы 10-январга дайындалган. Ага 18 талапкер катталып, шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүн жүргүзүшүүдө. Быйыл 4-октябрда парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгына нааразылык күчөп, анын аягы Ак үйдүн басылып алынышы менен бүткөн. Кийин президент Сооронбай Жээнбеков кызматынан кетип, БШК мөөнөтүнөн мурун президенттик шайлоону дайындаган.

XS
SM
MD
LG