Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 11:29

Референдум: үч багыттагы үгүтчү топтор


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын башкаруу ыкмасын аныктоо боюнча референдумга карата үгүт жүргүзө турган он чакты топ катталды. Алардын ичинде президенттикти жактагандар да, парламенттик системаны колдогондор да, экөөнө тең каршылар да бар.

Айрым топторду президенттикке талапкерлер менен депутаттар жетектемей болду. Бирок алардын натыйжалуулугу жана башка жагдайлары суроо жаратууда.

Үч позицияны карманган топтор

Референдумга байланыштуу үгүт топтору Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) 21-декабрдан тартып кайрыла баштаган. Ушул күнгө карата тогуз топ катталды.

БШКнын өкүлү Мээрим Кубанычбек кызы бул жөнүндө «Азаттык» радиосуна мындай маалымат берди:

«2020-жылдын 24-декабрына карата «президенттик республика» формасына «макул» деген төрт үгүт тобу, «каршы» деген бир үгүт тобу катталды. «Парламенттик республика» формасына «макул» деген эки үгүт тобу, «баарына каршы» деген вариантка эки үгүт тобу катталды. Ошондо жалпысынан тогуз үгүт тобу болду».

Мунун ичинде президенттик башкарууну жактаган топтордун ичинде белгилүү саясатчылар байкалбайт. Бирок топ башчылар коомчулукта ар кайсы тармактарда иш алып барган жарандар бар экени көрүнөт.

Маселен, 11 адамдык топту Коррупцияга каршы ишкер кеңештин башкы катчысы Нурипа Муканова жетектесе, 53 адамдык топту уран казуу тармагында иш алып барган Марс Токтоназаров, 28 адамдык топту ишкер Бибинур Бектурова баштап жатат. 18 адамдык топко «Кыргыз Транспорт» фирмасынын директору Тилек Саликеев башчылык кылат.

Саликеев анын тобу ушул позицияны жактаган ыктыярчылардан турарын маалымдап, эч бир саясий топ же саясатчылар менен байланышы жок экенин ортого салды:

«Азыр каттоонун жоболорун толук аткарып бүтө элекпиз. Себеби атайын эсеп ачылыш керек экен, кайсы бир жакка акча керек болсо ошондон жумшашыбыз зарыл. Ошонун баары бүткөндөн кийин үгүт ишин баштайбыз. Биз парламенттик башкарууну көрдүк да, баары кызмат талашып, аягында бир да депутат жооп бербей коёт экен. Партияларды да акчага сатып алганын көрдүк. Ошондуктан бир адамга – президентке жоопкерчиликти берип, андан отчёт алышыбыз керек. Ошол себептүү биз президенттик башкарууну жактап чыктык. Кыргыз элинин менталитетине президенттик форма дал келет деп ойлойбуз. Курамыбызда жалаң эле катардагы жарандар, саясатчылар жок. Артыбызда да эч ким турбайт. Өз чөнтөгүбүздөн анча-мынча акча чыгарып иштейбиз. Масштабдуу деле үгүт кылбайбыз, өз тааныштарыбызга, айылдарыбызга барабыз. Маселен мен Нарында, өз тааныштарыма, билген адамдарга үгүт жүргүзөм».

Президенттик башкаруу системасына каршы чыккан бир топтун жетекчиси катары мурдагы депутат, азыр президенттикке талапкер Бактыбек Калмаматов катталган. Анан тобунда 10 киши бар. Калмаматов бул системага каршы экенин жана жаңы сунушталган Конституциянын долбоору авторитардык башкарууга алып барарын буга чейинки маектеринде билдирген. Шайлоого байланыштуу медиадагы кайрылууларында жана шайлоочулар менен жолугушууларда да бул жөнүндө жүйөлөрүн келтирип жатат.

Ушул эле президенттикке каршы позицияны карманган эки топ, жогоруда айтылгандай «парламенттик башкарууну» жактоочу катары жазылып отурат.

Мунун биринин, 11 жарандын башында Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) саясий кеңешинин мурдагы мүчөсү, быйылкы парламенттик шайлоого «Социал-демократтар» партиясынын атынан катышкан Темирлан Султанбеков үгүт жүргүзөт.

13 кишиден турган экинчи топту Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жетектейт.

Бекешев азырынча үгүт иштери онлайн жүрүп жатканын билдирди:

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

«Биз каттоодон дагы эле толук өтүп бүтө элекпиз. Каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүбүз да катталды, бирок эсебибиз ачыла элек. Биз көбүнчө мамлекеттик телеканалдар менен иштейли деп жатабыз, анткени үгүтчүлөргө ошол жакта акысыз убакыт берилет экен. Ал эми менчик телеканалдар өтө кымбат бааны айтып жатат. Ошол себептүү биз үгүт иштерин онлайн баштадык. Бирок убакыт өтө аз калды. Башка топтордо белгилүү кишилер жок экен, алар сыягы ошол акысыз убакытты ээлеш үчүн эле чыгып жаткандай. Биз айтып жатабыз, Кыргызстан эгемендик алган 30 жыл ичинде жалаң президенттик башкарууда жашады. Акыркы он жыл парламенттик башкаруу деп аталганы менен чыныгы парламенттик система болгон эмес. Баары бир президент башкарып келген. Акыркы президент деле Жогорку Кеңешке эки партияны алып келүүнү каалагандан улам, соңунда «октябрь окуялары» чыкты. Чыныгы парламенттик башкарууда бийлик толугу менен премьер-министрге өткөрүлүп, аны Жогорку Кеңеш көзөмөлдөйт. Президент символикалуу гана функцияларды аткарып калат».

Президенттикке да, парламенттик башкарууга да каршы топторду жарандык активист Чынарбек Шабданбек уулу (10 адам) менен коомдук ишмер Рита Карасартова (11 адам) жетектешет. Бул эки топто тең мурдараак «Реформа» партиясы менен Жогорку Кеңешке аттанган талапкерлер көп экени байкалат.

Булар башка системаны жактаганы үчүн эмес, референдум өткөрүүгө таптакыр каршы чыккандан улам «Баарына каршы» деген графага үгүттөгөнү турушат.

Үгүт жүргүзүүгө жетишпей калышат…

Конституцияны өзгөртүүгө жана башкаруу системасын алмаштырууга байланыштуу маселе быйыл октябрда бийлик алмашкандан кийин келип чыкты. Ошол учурда өкмөт башчылыкка келип, кийин президенттик милдетти аркалаган Садыр Жапаров «Кыргызстан президенттик башкарууга өтүшү керек» деген.

Жапаров шайлоого байланыштуу президенттик милдетти парламент төрагасы Талант Мамытовго өткөрүп берип, премьер-министрликти убактылуу токтоткондон кийин депутаттар Баш мыйзамдын жаңы редакциясын алып чыгышты.

80 депутаттын колу менен сунушталган Конституциянын жаңы долбоору жана аны референдумга чыгаруу тууралуу мыйзам долбоору 17-ноябрда коомдук талкууга коюлган. Долбоордо президенттин укуктары кеңейтилип, мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилген.

Ошондой эле депутаттардын саны 120дан 90го кыскартылып, өкмөттү башкаруу президентке жана анын аппаратына жүктөлмөкчү.

Бул долбоордо да референдумду президенттик шайлоо менен чогуу өткөрүү сунушталган. Бирок мындан көп өтпөй бир нече депутат референдум боюнча мыйзам долбооруна кол койбогонун жарыялап, авторлуктан чыгып кеткен. Долбоор коомчулуктун да кескин сынына кабылган. Бир катар саясатчылар долбоорду «ханституция» деп атап, ал кабыл алынса, Кыргызстанда авторитардык бийлик орной турганын эскертишкен.

Буга байланыштуу Садыр Жапаров 23-ноябрда кайрадан билдирүү таратып, анда алгач референдумда мамлекеттик башкаруу системасын гана аныктап алууну сунуш кылган. Натыйжада мурда анын кеңешчиси болгон депутат Акылбек Жапаров декабрдын башында ушуга байланыштуу мыйзам долбоорун парламентке киргизген.

Бул мыйзам 9-декабрда биринчи окуудан, 10-декабрда дароо экинчи жана үчүнчү окуудан өткөн. Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов ага 11-декабрда кол койду.

Ага ылайык, 2021-жылдын 10-январында Кыргызстанда президенттик шайлоо менен кошо мамлекеттик башкаруу системасын тандоочу референдум өткөрүлөт. Анда жарандардын тандоосуна Кыргызстандагы башкаруу формасы: «президенттик», «парламенттик», «баарына каршы» деген варианттар добушка коюлат.

Бирок адистер референдумдун чукул чыгарылышын сынга алып, аны жактагандар да, ага каршылар да үгүт жүргүзүп үлгүрбөй каларын айтышууда.

Мурдагы элчи, дипломат Бактыгүл Каламбекова муну Түркиянын мисалында айтып берди:

Бактыгүл Каламбекова.
Бактыгүл Каламбекова.

«Түркия парламенттик башкаруудан президенттик башкаруу системасына өттү. Бирок аны 2004-жылдан 2018-жылга чейин талкуулашты. Бир системадан экинчи системага өтүүнү 14 жыл талашып-тартышты. Биз азыр эки айда өткөрүп, Конституцияны бир заматта өзгөртөбүз деп жатабыз».

Мурдараак парламенттеги талкуу учурунда депутат Айнуру Алтыбаева кеп болгон мыйзам долбоорунун автору Акылбек Жапаровго «мамлекеттик башкаруу системасын аныктоо референдумга коюлса, үгүт ишин ким жүргүзөрү» тууралуу суроо берген. Жапаров «президенттик шайлоого катышып жаткан талапкерлер жана БШКнын мүчөлөрү үгүт кылат» деп айткан эле. Бирок кийин атайын үгүт топторун түзүү сунушталган.

Арийне, талапкерлер да бул боюнча билдирүүлөрдү жасап жатышат. Ошол эле учурда айрым жерлерде жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана мамлекеттик кызматкерлер үгүткө тартылып жатканы тууралуу кабарлар бар.

24-декабрда Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында премьер-министрдин милдетин аткаруучу, вице-премьер-министр Артем Новиков ушул темага кайрылган.

Артем Новиков.
Артем Новиков.

«Министрлер кабинетинин башкы максаты - алдыда боло турган шайлоодо административдик ресурстун кимдир-бирөө тарабынан колдонулбашы. Мындай фактылар болсо, кабарлап коюңуздар. Өкмөт шайлоону уюштуруу жагын жана техникалык маселелерин эле карайт. Шайлоонун жүрүшүнө түз киришүү болбойт. Купуялык сакталат, ушундан улам козутууга, добуш сатууга жана сатып алууга берилбеңиздер. Үгүт иштерине тартылган тараптарга айтарым - бюджетте иштегендерди мажбурлап добуш берүүгө же үгүт иретиндеги иш-чараларга тартпагыла», - деген эле ал.

Баса, сын-пикирлерден улам 20-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун жарлыгы менен түзүлгөн Конституциялык кеңешме дагы эле иштеп жатат. 80ден ашуун окумуштуу менен коомдук ишмерлерден турган кеңешме ал тургай Конституциянын алгачкы вариантын иштеп чыкканын билдирген.

Бирок бир нече депутат эгер Баш мыйзамдын долбоору жок референдум өтсө, бул кеңешменин ишин токтотуп туруу зарыл экенин айткан. Алар өлкөнүн негизги документи жалпы элдик добуш берүүнүн жыйынтыгына карап жазылышы керек дешкен.

10-январда референдум менен кошо өтчү президенттик шайлоого 18 талапкер ат салышууда.

Референдум демилгеси: колдогондор жана каршылар. 2-декабрь, 2020-жыл.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG