Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:20

Референдумду дайындоо боюнча мыйзам долбоору дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды


Кыргызстандын Жогорку Кеңеши.
Кыргызстандын Жогорку Кеңеши.

Жогорку Кеңеш 2021-жылдын 10-январында мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча бүткүл элдик референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун 10-декабрдагы сессиясында дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алып берди.

Жыйынды алып барган вице-спикер Мирлан Бакиров каттоодон 64 депутат өткөнүн билдирди. Алардын ичинен төрт депутат - Дастан Бекешев, Каныбек Иманалиев, Айсулуу Мамашова жана Наталья Никитенко мыйзам долбооруна каршы добуш беришти. Сессияга катышкан калган 60 депутаттын макулдугу менен мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окуудан өттү.

Мыйзам долбоору добушка коюлардын алдында «Ата Мекен» фракциясынын өкүлдөрү жана башка бир катар депутаттар ага карата сын-пикирлерин айтышты. Депутат Наталья Никитенко кызматташтарын элдин атынан сүйлөбөөгө чакырды. Ал бул долбоор элдин кызыкчылыгына каршы келет деген оюн билдирди.

«Элдин атынан сүйлөп атабыз. VI чакырылыш өзүнө берилген укуктарды колдоно алдыбы? Эгер президенттин катчылыгы болбой, өз милдетин так аткарса эл нааразы болмок эмес да. Биз башка мамлекетте жашамакпыз. Конституцияны күнөөлөп койгон оңой. Азыр президенттик башкаруу эмне, парламенттик башкаруу эмне деп элге түшүндүрдүкпү? Антпей эле сөз менен манипуляция кылып атабыз», - деди Никитенко.

Сессияда мыйзам долбоорунун автору, азыркы башкы прокурор жана мурдагы депутат Курманкул Зулушев документке карата айтылган сынга минтип жооп берди:

«Бул мыйзам май айында сунушталган. Сайтта илинип турган. Үч айдай илинип турган. Эл аябай талкуулаган. Азыр демилгени парламентке алып чыккан Акылбек Жапаровго ыраазычылык билдирем».

Парламенттик же президенттик башкарууну аныкташ үчүн референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров кароого киргизген. Ал долбоорду тиешелүү комитеттин корутундусунан кийин сессияга сунуш кылганын маалымдаган.

Бирок жарандык коомдун жоон топ өкүлдөрү жана бир катар депутаттар Акылбек Жапаров мыйзам долбоорун сессияга алып чыгууда регламент сакталбай, регламент бузулганын айтып жатышат. Алар мыйзам долбоору коомдук талкуудан өтпөй, Конституциялык палатада жана тиешелүү комитетте каралбай туруп мыйзам бузуу менен парламенттин жалпы жыйынына шашылыш киргизилгенин белгилешүүдө.

Акылбек Жапаров мындай сынга «комитетте булар «кворум чогулта албай атабыз, сурамжылоо жолу менен бүтүрөбүз» дешкен. Ошол жол менен бүтүрүштү» деп жооп берген.

Негизи мыйзам долбоору мурдагы депутат, азыркы башкы прокурор Курманкул Зулушевге таандык, ал башка кызматка кеткендиктен азыр ага Акылбек Жапаров автор катары парламентте алып чыкканын билдирген. Бүгүнкү сессияда Акылбек Жапаров «менин мыйзамым элдин тагдырын чечпейт. Баш мыйзамды өзгөртүүгө 80дей депутат добуш берген» деп айтты.

4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоодон кийинки нааразылыктан улам өлкөдө бийлик алмашкан. Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январга белгиленген.

Жогорку Кеңеш 17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Аны талкуулаш үчүн түзүлгөн Конституциялык кеңешменин жетекчилиги бүтүмүн 15-20 күндө чыгарып берерин айткан. Бирок кийин өкмөт башчылык кызматты убактылуу өткөрүп берген жана алдыдагы президенттик шайлоого катышканы жаткан Садыр Жапаров шашуунун зарылчылыгы жок экенин айтып, референдумга башкаруу системасын аныктоо тууралуу суроону гана чыгарса туура болорун билдирген.

Президенттин укуктары кеңейтилген долбоорду колдогондор эгер ал кабыл алынса, Кыргызстанда бийликтин жоопкерчилиги күчөй турганын белгилешүүдө. Ал эми алардын оппоненттери өлкөдө авторитардык башкаруу, диктатура орнойт деп кооптонушууда. Референдумга каршы активисттер жума сайын нааразылык акциясын уюштуруп жатышат.

Мыйзам долбоорун парламент кабыл алгандан кийин президентке жиберилет. Ал кол койсо 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо менен кошо конституциялык референдум өткөрүлөт. (NT)

XS
SM
MD
LG