Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:24

№2 форма кайрадан талкууга түштү


Шайлоочулардын тизмеси. Кыргызстан. Иллюстрациялык сүрөт.
Шайлоочулардын тизмеси. Кыргызстан. Иллюстрациялык сүрөт.

Соңку он күндүн ичинде шайлоочулардын тизмесине дагы 12 миндей адам жаңы кошулду.

Ушуну менен парламенттик шайлоого салыштырганда добуш берүүчүлөр 30 миңге көбөйүп, 3,5 миллиондон ашып жатат.

Бирок адистер мурдагы №2 формасы жоюлгандыктан булардын көбү шайлоого катыша албай каларын эскертүүдө. Себеби көпчүлүгү катталган жеринде жашабайт. Мындан сырткары биометрикалык маалымат тапшырбагандар да добуш бере албайт.

Жаңыланган тизме

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) парламенттик шайлоодон кийин толукталган шайлоочулардын тизмесин 10-ноябрда кайрадан жарыялаган. 8-декабрга чейин ага 20 849 адам кошулуп, добуш берүүчүлөр 3 544 403 болгон эле.

Соңку тизме 18-декабрда жаңыланып, буга дагы 12 461 адам кошулду. Натыйжада жалпы шайлоочулар 3 556 864 болду.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бул тизме дагы он күнчө толукталарын айтты:

Нуржан Шайлдабекова.
Нуржан Шайлдабекова.

«Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мен шайлоочуларга кандайдыр бир катачылыктар болсо же тизмеден чыкпай калса, өзү катталган жерлердеги добушканаларга арыз менен кайрылууга чакырам. Арыздар ошол күндү кошкондо 29-декабрга чейин кабыл алынат. Тизме 2-январга чейин актуалдаштырылып, акыркы версиясы ошол күнү tizme.gov.kg сайтына жайгаштырылат. 4-январдан тартып бардык шайлоо тилкелерине илинет».

Кеп болуп жаткан сайттагы талдоо көрсөткөндөй, шайлоочулардын ичинен аялдар – 1 857 633 (52,23%), эркектер – 1 699 231 (47,77%).

Акыркы эсептөөгө ылайык, шайлоочулардын саны 2020-жылдын 4-октябрында болгон парламенттик шайлоого салыштырганда 33310 адамга, 2017-жылы президентти шайлоого караганда 531 094 адамга, 2015-жылы Жогорку Кеңешке болгон шайлоого салыштырмалуу 795 567 адамга көбөйдү.

БШК шайлоочулардын көбөйүшүн калктын арбыганына, биометрикалык маалыматтарды жыйноо боюнча туруктуу иштерге жана башка факторлорго байланыштырып жатат.

Нуржан Шайлдабекова шайлоого карата соңку даярдыктар боюнча «Биринчи радиодогу» маеги. 22-декабрь, 2020-жыл.

Бирок ошентсе да биометрикасын тапшырбаган жана ага негизделген паспортторду ала элек жарандардын шайлоого катышуусу дагы эле мүмкүн эмес.

«Биометрикалык маалыматтары жок көптөгөн жарандар тизмеге кирбей калышты. Же өздөрүнүн паспорттук маалыматтарын тактабай жаткан жарандардын да шайлоого катышпай калуу коркунучу бар. Мындан сырткары Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамга ылайык, бул жолу форма №2 ыкмасы жокко чыгарылды. Атайын арыз менен шайлоо дарегин өзгөртүү ыкмасын мурдагы шайлоолордо партиялардын, талапкерлердин добуш сатып алышына негиз болгону үчүн ушундай саясий чечим кабыл алынды. Ошондуктан бул жолу №2 формасы Кыргызстандын ичинде колдонулбайт. Сырттагы мигранттар гана ушул ыкманы колдоно алышат», - деди Нуржан Шайлдабекова.

Соңку маалыматтарга ылайык, 4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоодо 500 миндей адам №2 форма аркылуу добушканаларды алмаштырган. Бирок шайлоонун жыйынтыгында жапырт добуш бурмалоого эл каршы чыгып, 5-октябрдан тартып өлкөдө ири нааразылык акциялары башталган. БШК анын баштапкы жыйынтыгын жокко чыгарып, Кыргызстанда бийлик алмашты.

Кийин бир нече депутат шайлоо босогосун, күрөөнү азайтуу жана №2 форма менен добуш берүү ыкмасын жокко чыгаруу боюнча мыйзам сунуш кылып, ал Жогорку Кеңеште кабыл алынган.

Демилгечилердин бири, эл өкүлү Алтынбек Сулайманов муну мындайча түшүндүргөн:

Алтынбек Сулайманов.
Алтынбек Сулайманов.

«№2 форма убагында жакшы ойлор менен кабыл алынган. Талаш болгон, бирок ички миграцияны эске алып киргизилген. Ар кайсы аймактардан келгендер Бишкекте 10-15 жылдап жашашат, бирок бул жерде туруктуу каттоодо турбаса, алар кантип шайлоого барат? Аларды укугу кандай болот деген ой менен кирген. Тилекке каршы, аны аша чабуу менен пайдалануу болорун кечээги шайлоодогу окуялар көрсөттү. Азыр деле талаш бар, өзгөчө студенттердин укугу жөнүндө көп ойлор айтылат. Бирок ага карабастан, биз №2 форманы жокко чыгарууга аргасыз экенбиз, ошону турмуш көрсөтүп жатат. Бул 500 миң шайлоочунун кошулганы, ушунун баары бийликчил үч гана партиянын «чөнтөгүнө» түшкөн. Андан сырткары административдик ресурс, акча жана башка факторлор да иштеген».

«Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу бул мыйзамга 11-ноябрда, ошол учурда президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон. Ал өзү кийин президенттик шайлоого аттанган.

«Башка жолдорду табыш керек»

Бирок кийинки убакта айрымдар бул ыкма жоюлгандан улам миңдеген шайлоочулар добуш берүүгө бара албай кала турганын айтып жатышат. Анын ичинде БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев келерки президенттик шайлоодо 200 миңдей адам добуш бере албай кала турганын эскертти.

Коомдук ишмер Жаныбек Түлкүнов да ушул жөнүндө ой бөлүшүп, шайлоочу катары анын да укугу бузулуп жатканын белгиледи. Ал көпчүлүк тургундар ар кандай шарттардан улам ири шаарларда жашай турганын белгилеп, алар шайлоо сайын айылына барып турууга мүмкүнчүлүгү жок экенин билдирди:

Жаныбек Түлкүнов.
Жаныбек Түлкүнов.

«Бизде бардык жакшы нерсени жаман жагына пайдаланабыз да. Бийликтин партиялары шайлоочуларды автобус менен ташып барып, каттоого тургузуп, муну ашыкча колдонуп жиберишти. Болбосо №2 форма бул жарандардын укугун эле камсыз кылып берген нерсе да. Негизи биометрика менен да жарым миллиондой адам шайлоого катыша албай келбеди беле? Эми болсо дагы ушунча киши шайлоо күнү каттоосу бар жерге бара албаганы үчүн добуш бере албай калып жатпайбы. Бул укук дегенди таптакыр тебелеп-тепсөө эмеспи. Мисалы, мен азыр Бишкек шаарында жашайм, көптөн бери, бирок каттоом айылда турат. Мага эми айылга барууга туура келип жатат, ага мүмкүнчүлүгүм да болбой калат да. А көпчүлүк 2-3 миң сом же андан да көп акча коротуп атайын айылга баргысы келбейт да. Бул канча ыңгайсыздык жаратат. Шаарда каттоого туралы десе, ушунча кишини ким тургузмак эле? Ал да өзүнчө көйгөй».

№2 форма - арыздын үлгүсү. Шайлоочу анын негизинде каттоосу жок, бирок өзү жашаган аймактагы шайлоо тилкесине кайрылып, тизмеге кирет. Шайлоо күнү ошол жерден добуш берет.

Бирок шайлоолордо кайсы бир аймактан добуш алгысы келген талапкерлер өз тааныштарын же акча берген кишилерди конкреттүү бир добушканага каттоого тургузууну адат кылып алышкан.

Укук коргоочу Азизбек Ашуров бул шайлоодо болбосо да, келерки шайлоолордо каттоого негизделбеген жаңы ыкмалар киргизилиши керек экенин айтты:

Азизбек Ашуров.
Азизбек Ашуров.

«Муну адам укугун бузуу деп атай албайбыз, бирок бул адам укугун чектөө десек болот. Себеби мүмкүнчүлүктөр чектелди да. №2 форма ички мигранттарга, турмуш шартка байланыштуу убактылуу ар кайсы аймактарда жашап, иштеп жана окуп жүргөн адамдарга мүмкүнчүлүк берчү. Эми каттоого турган жерине барып шайлоого катышса болот, бирок ал кошумча каражатты талап кылат. Бизде, Кыргызстанда транспорттук байланыш кыйын, өзгөчө азыркыдай кыш мезгилинде узак жол жүрүү да түйшүк. Негизи менин оюмча, шайлоочулар каттоосуна карабай, №2 форма да толтурбай, каалаган шайлоо тилкесине кирип, добуш бере тургандай шарт түзүш керек. Анткени жалпы электрондук тизме бар да, биометрика да бар. Жаран кайсы бир тилкеден кирип добуш берсе, кийинки жерге барса базадан ал «шайлоого катышты» деп чыгып калыш керек. Азыркы технологиялар ушуга жол берет. Мен ушул боюнча маселе көтөргөнүмдө, БШКнын өкүлдөрү «адамдар көбүрөөк барып алган добушканада бюллетень жетишпей калса, биз ашыкча бере албай калабыз» деп жооп беришкен. Анткени «бюллетень шайлоочуларга ылайыкталып чыгарылат, ар бир аймакка да ошол боюнча таратылат» деп. Бирок бул маселени да чечсе болот. Маселен, аймактарга ашыкча бюллетендерди кармап турган хабдарды түзүш керек да, жетпей калган тилкеге заматта жеткирип берүү жагын камсыз кылыш керек. Натыйжада шайлоочу туура келген, каалаган тилкесине кирип добуш бере берет, анын шайлаганын система каттоого алып турат».

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Үгүт өнөктүгү 15-декабрда башталган, ал 9-январга чейин уланат. Шайлоодо 18 талапкер ат салышууда.

Ушул эле шайлоо менен чогуу мамлекетти башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өтөт.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG