Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:24
Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

УКМК төрагасы Ташиевдин экинчи жыйыны өттү

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге экинчи маалымат жыйынын өткөрдү. Анда ал сырткы күчтөр, криминалдын таасири, коррупцияга каршы күрөш, Райымбек Матраимовдун иши жана анын мамлекетке төккөн акчасы тууралуу маалымат берди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) Камчыбек Ташиев жетекчи болуп 16-октябрда президенттин милдетин аткара баштаган премьер-министр Садыр Жапаровдун буйругу менен барган.

12:54 24.12.2020

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында кармалып отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу анча жакшы эмес. Бул тууралуу 24-декабрда Бишкекте журналисттердин суроосуна жооп берип жатып УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди:

«Ачык айтсам, анын ден соолугу анча жакшы эмес. Мен аны менен жума күнү жолугам деп убада бергем. Эгер ден соолугу анча эмес болсо мен чечим кабыл алып, ал мыйзам алдында жооп берүүгө саламатта болушу үчүн ооруканага же башка жайга которобуз».

Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу 11 жылга эркинен ажыратылган. Алгач ал УКМКнын тергөө абагында кармалып, кийин Бишкектеги №47 колонияга которулган. Кийин кайра УКМКнын тергөө абагына жеткирилген. Батукаевдин ишинен тышкары анын үстүнөн азыр башка да кылмыш иштери боюнча сот уланууда.

Быйыл жайында Атамбаев пневмония болуп, ооруканага жатып чыккан. Туугандары жана жактоочулары анын кан басымы төмөн экенин айтып келишет.

12:50 24.12.2020

12:30 24.12.2020

12:28 24.12.2020

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG