Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:39
Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

УКМК төрагасы Ташиевдин экинчи жыйыны өттү

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге экинчи маалымат жыйынын өткөрдү. Анда ал сырткы күчтөр, криминалдын таасири, коррупцияга каршы күрөш, Райымбек Матраимовдун иши жана анын мамлекетке төккөн акчасы тууралуу маалымат берди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) Камчыбек Ташиев жетекчи болуп 16-октябрда президенттин милдетин аткара баштаган премьер-министр Садыр Жапаровдун буйругу менен барган.

10:16 24.12.2020

10:24 24.12.2020

Камчыбек Ташиев: Райымбек Матраимов бажыдагы кылмыштуу иштерди башка өлкөлөрдөгү өнөктөштөрү менен жасашы мүмкүн. Биз аны иликтейбиз. Райымбек Матраимов ушу күнгө чейин мамлекетке 2 млрд. сом төктү. Анын 1 млрд. 400 млн. сому акча түрүндө, калган 600 млн. сому мүлк түрүндө алынды. Анын баары мамлекеттин эсебине өтөт. Бир соода борбору, тогуз квартира. Тогуз квартиранын ичинен бирөөнүн аянты чоң, ал социалдык объектке айланат. Калганы УКМК кызматкерлерине берилет.

10:35 24.12.2020

Кемин районундагы тогуз жаштагы кыздын кайрылуусу боюнча. Мен өзүм бара албадым. Бирок кызматкерлерди жибердим. Үй-бүлөгө материалдык жардам көрсөтүлдү.

Жалал-Абаддагы курортту басып алуу боюнча. Бир адамдар менин атымдан барышкан экен. Мен аларды кармап, жоопко тартууга буйрук бергем. Алардын эч кимиси бошотулбайт. Эч ким бирөөнүн мүлкүн уруксаты жок басып албайт. Бул адамдар кармалып Жалал-Абад ОИИБсинде кармалып турат.

10:45 24.12.2020

Бир карыш да жер башка мамлекетке берилбеши үчүн иштеп жатабыз. Абдан кылдат иштеп жатабыз.

Шайлоодон кийин башаламандык болушу мүмкүнбү? Болушу мүмкүн. Биз мунун баарын иликтеп атабыз. Шайлоодон кийин жоопко тартабыз. Айрым талапкерлер үгүт жүргүзгөн жок. Алар башаламандык уюштурууну пландап жатат.

Шайлоо элдин эрки менен өтүшү керек. Эч ким шайлоонун жыйынтыгына таасир этпеши керек. Элге өз президентин тандап алууга мүмкүнчүлүк берүү керек.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG