Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:25

Унутулган сабак же талапкерлерге күмүш сырга


Бишкек, 6-октябрь.
Бишкек, 6-октябрь.

Алмандардын айтылуу ойчулу Гегел «Тарых философиясы» деген эмгегинде жаамы дүйнөлүк тарыхты изилдеп отуруп «тарых баарын эле окуткандай болот, бирок аны бирөө да кулагына илип албайт» деп көңүл тойбос бүтүмгө келген экен.

Ага мисалды алыстан издебей эгемен Кыргызстандын соңку 30 жылдык тарыхын алдыга жайсак болот. Чоң өкүнүч менен белгилей кетчү жагдай - соңку парламенттик шайлоо, аны улай чыккан нааразылык ансыз да бекем таканчык ала элек тежемел өлкөбүздүн учурдагы абалы менен келечеги калпыс экенин адырайтып ачыкка чыгарып койду.

Кезексиз президенттик шайлоо менен конституциялык реформа боюнча референдум алдында буга чейин айтып келген айрым ойлорумду алдыга жайып, ага соңку окуялардан улам чыккан жаңы жагдайлардан жаралган сунуштарымды кошо кетсемби деп турам. Мунум буга чейинки жасаган-эткендерибиздин эмнесинен жаңылдык, андан кутулуунун жолдору кандай, проблеманы чогуу-чаран чечүүгө көмөгү тийип калабы дегенден улам чыгып отурат.

Учурдагы жагдай

Эгемендиктин 30 жылдык тарыхында Кыргызстан ушуну менен тогузунчу ирет президенттик шайлоону өткөргөнү туру. Баш мыйзам – Конституцияны 11-ирет жаңылаганы жатабыз (А. Акаевдин тушунда беш ирет, К. Бакиев заманында үч, Р. Отунбаева кезинде бир, А. Атамбаев турганда бир, жаңы бийликте дагы бир жолу).

Баарына жарашпаса деле конституциялык деген түс берип, жалпы элдик референдум шааниси кылып өткөрүп келатабыз, дагы өтмөкчү.

Конституцияга каршы келерине карабастан, үч ирет парламенттик шайлоо өттү (А. Акаев, К. Бакиев, Р. Отунбаеванын тушунда), эми болсо Конституцияга караманча каршы келерине карабай парламенттик шайлоону өткөрөбүз деп алакан ушалап турабыз.

Өкмөт 32 ирет (!) алмашылды (А. Акаев тушунда – сегиз, К. Бакиевде – беш, Р. Отунбаевада – эки, А. Атамбаевде – алты, С. Жээнбековдун үч жылында – эки ирет).

2005-жылдан кийин парламент төрагалары кол жоолуктай эле алмашты. Мунун баары чогулуп келип Кыргызстан өз алдынчалык тушунда такай саясий туруксуз, кадрлар башаламандыгында, аягы көрүнбөгөн эксперименттер шартында жашаганыбызды билдирет. Булар аз келгенсип өлкө 1990-жылдан бери түштүктө эки кан төгүлгөн улут аралык каршылашууну, үч жолку революцияны башынан кечирди, өлкөдө башаламандыктан четте калган бир да жер калбады окшойт.

Мунун баары элдин социалдык туюмуна таасир этип, экономиканын эңшерилишине алып келди. Бул багыттагы көңүл тойгузбас «көрсөткүчтөргө» көз салалы: ИДӨнүн көлөмү боюнча КМШ өлкөлөрүнүн эң артындагы орундан жыла албай отурабыз, ИДӨнүн киши башына эсептелчү көлөмү боюнча дүйнөдөгү кедей өлкөлөр катарындабыз – 146-орун, ал эми глобалдык атаандаштык индекси боюнча 111-, жемкорлукту кабылдоо жагынан 136-орундабыз. А. Акаевден баштап биздеги президенттердин баары күрөштү жемкорлуктан баштай турганын айтып келет, абалыбыз болсо бул.

Швециялык эркин изилдөөчү Йохан Энгвалл атайын китебинде туура белгилегендей, иш жүзүндө Кыргызстан - жемкорлуктун торунан чыга албай калган кедей өлкө. Мамлекет өзү инвестициялык базарга айланып, мыйзамсыз акча табуунун булагына айланып калган, «көмүскө экономика» ИДӨнүн 40-50% түзөт. Мамлекеттик мүлк менен жерди жабыла менчиктештирип алуу, бийлик башында турган аткаминерлердин калкалоосу же катышы менен четтен келген насыяларды, гранттарды уялбай эле уурдап алуу, алтын казылчу Кумтөр, Жерүй, Талды-Булак сол жээк, Макмал, Солтон-Сары, Иштамберди, Бозымчак, Терек-Сай, Чаарат жана башка кендердин айланасындагы аягы көрүнбөгөн талаштар менен жаңжалдардын чыгыш себеби мына ушуга барып такалат.

Чын-чынына келгенде ушу тапта Кыргызстандын бардык жери түбү көрүнбөгөн кара туңгуюкка– экологиялык апааттын аймагына айланып калды, четтен келгендер жерди аябай казып, тоону жексен, мөңгүлөрдү тыптыйпыл кылууда.

Ошол эле учурда горбачевдук «кайра куруудан» (1985) бери Кыргызстандын өз күчү менен бир да ири өнөр жай объекти же коомдук имарат курула элек. Жеке менчик ээлеринин зыңгыраган жылтырак курулуштары (ресторандар, тойканалар, чайканалар, соода борборлору, кымбат турак үйлөр) Бишкек менен облустук борборлордун архитектуралык ыраатына коошпой турат. Анан да ар кимиси каалаган жерине туш келди, башаламан салынган, баарынан жаманы - курулуш түшкөн жердеги бак-дарактар аёосуз кыйылып, коммуникациялык тармактардын талкаланганы.

Абалды мүнөздөчү дагы бир жагдай - жаңыланып жаткан автожолдорду, электр линиялары менен Бишкек ЖЭБин, ал түгүл мамлекеттик резиденцияга барчу жолду кытай адистери менен жумушчулары өз гранты менен насыяларынын эсебинен оңдоп беришкендиги. Кыргызстан жарандары болсо бул жерден жакшы жумуш, акча таба албай айласы кеткенде алыскы Австралия, Канада, Түркия, АКШ, Орусия, Казакстан, дүйнөнүн дагы башка өлкөлөрүнө иш издеп кетүүдө.

Эгемендиктин алгачкы жылдарында «Кыргызстан экинчи Швейцария болот, Бишкек чөлкөмдүн финансы борборуна айланат, «Манас» аба майданы эл аралык каттамдын чоң көпүрөсү болуп, Батыш менен Чыгышты байланыштырып, ортолук өтүмдүү жай катары жамы дүйнөнү кызыктырып турат» деп мактанчубуз.

Чейрек кылымдан бери өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн байланыштырчу катнашты, кыргыз-кытай темир жолун куруш керек экенин айтып, ал бүтсө Азия менен Европанын байланышы кыскара турганын ырастап келатабыз. Аныбыз азырынча сөз жүзүндө гана, башталды деген иш жок.

Алар го оголе оор, татаал долбоорлор дейли. Өзүбүзгө өтө керектүү Камбар-Ата ГЭСтерин, Орусия менен 2003-жылы макулдашылган Нарын дарыясынын жогорку алабында курулчу станцияларды эмнеге эмдигиче баштай албай отурабыз?!

Коңшулаш Казакстанды, Өзбекстанды, Тажикстанды, Түркмөнстанды, алардын борборлорун караңыз, социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүн, инфратүзүмдүк жана индустриалдык долбоорлорун салыштырып, архитектуралык ыңгайын карап туруп уялып кетесиң. Бир чети ичиң күйөт, анан уяласың!

Баарынан өкүнүчтүүсү - бул аралыкта биз Өзбекстан, Тажикстан менен чек ара маселелерин чечүүгө жетише албадык, чектерибизди аныктап, тактаганга буямабыз келбей жүрөт. Анын айынан чек арада такай жаңжалдар, талаштар болуп турат.

Андай маанилүү иштерге караганда биз саясатты аябай сүйгөн өлкөгө айландык (шайлоо менен референдумдар тез-тез өтүп турат, Гиннестин рекорддор китебине кирчүдөй болуп 260 партия катталган, 20 миңден ашуун өкмөттүк эмес уюм, диний 3 миңге жакын уюм менен мекеме бар), опсуз бюрократия (28 миң мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер) жайылып кеткен, буларга кошумча бийликтин кур сөөлөтү (жансакчылар, кымбат машинелер, топураган коштоочулар, дагы башкалар), артыкбаш шаан-шөкөттөр басып калды.

Биздин президенттердин дагы бир эриктирбес эрмеги бар. Алар экономикалык жактан негизделбеген, андай болгон соң аткарылышы арсар ар кыл программалар менен стратегияларды жарыя кылууну аябай жакшы көрүшөт. Тээ СССР заманынан бери андай жел сөз демилгелер кагазда гана калып, ишке ашырыла элек.

Бизге эмне жетпейт?

Биринчи иретте Конституция менен мыйзамдарды сактоо жетишпейт. Баарыбыз – катардагы жарандан баштап президентке чейин. Президенттердин Конституцияны апыл-тапыл өзгөртүп ийиши жаңылык деле болбой калды.

Айталы, Баш мыйзамга каршы келгенине карабай А. Акаев 1995-жылы мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышып, 2000-жылы үчүнчү ирет Кыргызстандын президенти болуп кайра шайланды. К. Бакиев дагы 2009-жылы мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо чакыртып, шайланып алды. Аны менен эле тим болбой, Конституция нормаларына кайчы келгенине карабай Коопсуздук кеңешин, мамлекеттик катчы кызматын жоюп, Конституцияда жок органдар менен түзүмдөрдү иштетип салды.

Р. Отунбаева, А. Атамбаев, анан С. Жээнбеков 2010-жылкы жаңы Конституцияга ылайык өзүнүн штаттык кызматтык милдеттерин өзгөртпөй, мамлекеттик органдарды дайындоо тууралуу жарлыктарын жоюшпады (Улуттук статистикалык комитет, Мамлекеттик кадр кызматы, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы, Депозиттерди коргоо агенттиги), Жогорку Кеңеш менен өкмөттүн ыйгарым укуктарына кирчү тышкы жана ички саясатка байланышкан, өзгөчө социалдык-экономикалык, каржылык, чарбалык жана маданий-гуманитардык маселелерге кийлигишип, Конституция тыюу салганына карабай сот бийлигинин прерогативасына аралашып кетишти.

Президенттин ыйгарым укугу кайсы жерден башталып, кайсы жерден аяктары Баш мыйзамдын 64-беренесинде ачык жазылган. Андан чыгып кетүү, бийликтин башка бутактарынын милдетине кирчү иштерге аралашып алуу Конституция менен мыйзамдарды сыйлаган укуктук өлкөдө жол берилгис нерсе, непадам андай аракет жасалса мыйзам алдында жооп беришет. А бирок андай иштердин ушу кезге чейин Кыргызстанда болуп жатканы – А.Акаев менен К. Бакиевдин супер президенттик башкаруусунан бери келе жаткан көнүмүштүн күчү. Экинчи жагынан Жогорку Кеңеш, өкмөт менен сот бийлигинин өзүнө тиешелүү ыйгарым укуктарын колдоно албаган мажирөөлүгү.

Экинчи олчойгон оор проблема – сот бийлигинин ушу кезге чейинки күнкорлугу: бу бийлик мурда деле, азыр да президенттин, анын аппаратынын чечимдерин жетекчиликке алып иштөөнү гана жактырат, ушинтип иштейт. Сот бийлиги АКШ менен Европа өлкөлөрүндөгүдөй чыныгы өз алдынчалыкка жетмейинче, бизде укуктук мамлекет тууралуу кеп кылбай койгонубуз оң.

Үчүнчүсү. Кыргызстанда ачык-айкындык маанайы орной элек. Ушу кезге чейин бизде менчиктештирүү кандай жүргөнү, мамлекеттик ишканалар менен өлкөнүн мүлкү кимдин колуна өтүп кеткени, азыркы ээлери кимдер, ошол менчикке чыгарылган ишканалардын учурдагы абалы кандай, анын ээлери кайсы негизде ушунча байлыкка ээ болуп алган, менчиктештирилген ишканалар ушу тапта натыйжалуу иштеп жатабы деген сыяктуу суроолор ачыкка чыгарылбай, жабылып-жашырылып келатат. Буларга улай чет өлкөлөрдөн келген насыялар менен гранттар кимдердин колуна түшкөн, алар кандай пайдаланылды, кайрымжысы кандай болду экен, каражаты кайтарылып жатабы деген суроосу такталып, кылдат иликтенип, буга байланышкан материалдар ачык айтылышы керек.

Мына ушул маселелерди кылдат, калыс иликтөө көп иштердин башын ачат эле. Конституция менен мыйзамдар тыюу салганына карабай эмнеликтен саясат менен бизнес аралашып кеткени ачыкка чыкмак. Кыргызстандын элинин шору экен, мурдагы президенттер менен алардын үй-бүлө мүчөлөрү, парламенттин көптөгөн депутаттары, министрлер, губернаторлор, башка аткаминерлер, алардын үй-бүлөлөрү таламандын тал тушунда эч кимден коркпой-үркпөй, көпчүлүктүн көз алдында бизнесин өркүндөтүп, кызматынан кыянат пайдаланып, тилекке каршы ушу азыр деле ошол иштерин улантып жатышат. Азыр деле апачык иштөөдө.

Төртүнчү. Кылмышкерлер менен жемкорлорду чет өлкөгө качырып ийүү жосуну бийлик менен мыйзам коргоо органдарынын бетине сүртүлгөн көө болуп калды. Буга мисалдар толтура. Мурдагы президенттер А. Акаевдин, К. Бакиевдин, А. Атамбаевдин жакын адамдарынын, чогуу иштешкен айрым кызматташтарынын сыртка чыгарылып кетиши, айтылуу кримтөбөл А. Батукаевдин мыйзамсыз бошотулуп, сыртка тоскоолдуксуз чыгып кетиши ошондой мисалдардын бири гана. Баарысын каратып туруп чет жерге мурдагы премьер-министр Н. Танаев, Д. Үсөнов, С. Исаков, мурдагы биринчи вице-премьер А. Шадиев, күч түзүмдөрүнүн мурдагы жетекчиси - Б. Табалдиев, О. Опумбаев, К. Жунушалиев качып кетишти. Мунун баары чогулуп келип мамлекеттин бутуна бекем тура элек мажирөөлүгүн, ачык айтканда, шалтуруктугун көрсөтчү белги эмеспи?!

Бешинчи. Кыргызстан 1990-жылдардан тартып Борбор Азиядагы «демократия аралчасы» атын алгандан бери А.Акаевдин башкаруу учурунан, айрыкча К. Бакиев менен А. Атамбаевдин тушунда саясий атаандаштарды куугунтукка алуу, эркин маалымат каражаттарына кысым көрсөтүү токтобой койду. Демократиядан четтөөнү көрсөтчү ушул жосундан бийлик эгедерлери кутула албай келатышат.

Алтынчы. Мурдагы президенттердин баары убада берген административдик-аймактык реформа маселеси ушу кезге чейин ордунан жыла элек. Ошондуктан аймактарда (облус, район, айыл аймактарында) азырга чейин ар кыл кайчылаштыктар (каржылык жана башкаруу жаатында) сакталууда.

Жетинчи. Жаңы Конституция менен жашаганыбызга он жыл толду. Баш мыйзамыбыз жалпысынан алганда демократиялык талаптарга жооп берчү, айрыкча жаран менен адам укуктарын, эркиндигин аныктоо жана коргоо жаатында бир топ алдыга жылган. Анткен менен анда практика көргөзгөндөй, бийлик бутактарынын ыйгарым укуктары менен компетенциясынын бөлүштүрүлүшү аябай так жана оптималдуу болбой калган. Ачык эле айтайын, ушунун айынан Кыргызстанда бийлик жоопкерсиз, натыйжасыз, колдон-колго өтөр бирдеме болуп калды. Баарынан да кыжырды кайнатчу нерсе - парламентке келген партиялардын жоругу. Булар борбордук кызмат орундарынан тартып айыл аймактарынын башчыларына чейин папка бөлүштүрүүдөн бошобой койду. Анын натыйжасында иш токтоп, ортодо майда талаш-тартыш, кутумчулук күчөп, турмушту жакшыртуу, эл үчүн иштөө унутта калды. Кийинки жылдардын эң жаман жосуну деле айрылбастай жүргөн эки достун саясий каршылашуусу - мурдагы президент А. Атамбаев менен С. Жээнбековдун тиреши аягында адам өлүмүнө алып келди. Кой-Таштагы кайгылуу окуя - О.Опумбаев менен К.Жунушалиевдин иш билбестигинин гана натыйжасы. Ал экөө саясий гана эмес, кылмыш жоопкерчилигине да тартылышы керек деп ойлойм.

Эмне кылыш керек?

Албетте, биринчи иретте татыктуу, иш көзүн билген башкаруучуну, ага улай депутатты тандаш керек: бул жерде бир адамдын үлгүсү өзгөчө маанилүү. Андай болгон соң биринчи жетекчилер, жогорку кызмат адамдары, ошондой эле парламент депутаттары кызматка киришип жатып, андан кийин жыл сайын өзүнүн, үй-бүлөсүнүн, жакындарынын мал-мүлкү менен кирешелерин бир тыйынына чейин жарыя кылсын. Тек кожо көрсүнгө кайсы бир кагазды толтура койбой, караламан калк алдында ачык ырастап берсин.

Экинчиден, алар деле башка жарандар сыяктуу Конституция менен мыйзам эрежелерин так сактап, бузбай, кызматынан кыянат пайдаланбай, абийирине балта чаппай туура жашасын.

Үчүнчүдөн, конституциялык реформаны кыйгап өтө албай калдык окшойт, андыктан башкаруу формасын (режимди) так аныктап алалы: аныбыз парламенттикпи, президенттикпи же аралаш системабы? Андайда француздардын же түштүк кореялыктардын Баш мыйзамына окшош түзүмдү алууга туура келет. Мындай ишти жасабасак, азыркыдай башаламандыктан башыбыз чыкпайт – кожо көрсүнгө коюлган үч бийлик, иш жүзүндө барып-келип эле президенттик башкаруу, башка бийлик бутактарынын үстүнө отуруп алып, каалагандай тескөө улана берет. Мен өзүм мындай реформаны алдыдагы президенттик, парламенттик шайлоону өткөрүп алып жүргүзүүнү туура көрүп турам. Ашыкпай, оппозицияны катыштырып, кызыккан тараптардын баарынын катышуусу менен тийиштүү долбоорду талкуудан өткөрүп анан элге сунуш кылуу туурабы деп ойлойм.

Төртүнчүдөн, саясат менен бизнести бири-биринен так ажыратуу зарыл. Муну жасабасак кайра эле олигархтар менен жемкорлуктун күнү тууйт. Ар бири өз жумушун кылсын: саясатчылар саясатын жөндөсүн, бизнесмендер – бизнесине кетсин.

Бешинчиден, мамлекеттик жана муниципалдык кадр саясатында меритократия принцибин бекем сактоо абзел. Таланттуу, жөндөм-шыгы башкарууга жараган компетенттүү кадрларды кимдир-бирөөлөрдүн жакшы көргөнүнө же жаман көргөнүнө карабай, туугандыгын, жердештигин, достугун же партиялаштыгын эсепке албай, иш кызыкчылыгынан гана чыгып кызматка коюш керек.

Алтынчыдан, Кыргызстандын өнүгүү стратегиясынын туу башында билим, илим жана инновация турушу кере. Калкынын саны менен ээлеген жеринин кендигине карабай алдыга озуп кеткен өнүккөн өлкөлөрдүн жолоюна түшүп технологиялык артыкчылыкка басым жасоо зарыл.

Жетинчиден, жаңы президент менен өкмөттүн алдындагы биринчи иретте COVID-19 апаатына каршы күрөш, экономиканы кургуйга кулап кетүүдөн сактоо (азыр экономикалык төмөндөө 8,1% түзөт), аны мурдагы калыбына келтирип алдыга сүрөө, калктын аялуу катмарынын социалдык турмушун жакшыртуу милдети турушу керек.

Сегизинчи. 2010-жылдан бери Кыргызстандын саясий жетекчилиги эл менен Жогорку Кеңештин алдында стратегиялык билдирүүлөр менен чыкпай, ири улуттук форумдар жана курултайларды өткөрбөй калды. Андай жыйындарда элдин, мамлекеттин маанилүү маселелери талкууланчу. Ошондон жалпы эл өлкө кантип жашап жатат, анын башын кандай проблемалар оорутат, алдыда кандай максаттар коюлду, келечек багытыбыз кандай болот деген маселелерден четте калууда. Кыргыздардын жалпы дүйнөлүк курултайы 18 жылдан бери өтө элек. Кыскасын айтканда, жалпы улуттук диалогду – ортолук пикир алышууларды калыбына келтирүү зарыл.

Ушундан улам, эми соңку тогузунчуга улай өзгөчө маанилүү бир маселени козгой кетсемби деп турам.

Мурдагы СССР аймагы эле эмес, социалисттик лагерге кирген өлкөлөрдүн бирөөндө да чет өлкөдө качып-бозуп жүргөн президенти, премьер-министри жок. Бул жагынан Кыргызстан гана өзгөчөлөнүп туру. Дагы бир президент (А. Атамбаев) менен өкмөт башчы (Ж. Сатыбалдиев) Кыргызстандын өзүндө абакта отурат. Туура, мыйзамдар менен Конституцияны бузганы үчүн темир тор артында отурушат, кылмыш кылгандан кийин кызматына, кадыр-баркына карабай баары жооп бериши керек. Бирок ошол эле учурда мына ушул чиешкен татаал маселенин тарыхый, саясий, улуттук жана эл аралык жактары бар. Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасынан сыгылып чыккан айрым тарыхый жана саясий өнөгөлөрүн эске сала кетейин.

Өкүмдар Франко өлгөндөн кийин 1976-1977-жылдары Испаниянын каршылышкан жана эки тарабына кошулбай ортодо турган саясий күчтөр улуттук мунасага келип «Монклоа пактын» кабыл алышкан. Ушуга окшош иштер коммунизм кулагандан кийин Борбордук жана Чыгыш Европа өлкөлөрүндө болуп өткөн.

Кытайда Мао-Цзэдундан калган мурасты кайрадан карап чыгышты. Анын башкаруусунун тушунда ачарчылык менен саясий репрессиялардан ондогон миллион адамдар кырылган. Ошентсе да анын ишмердигинин 70% жарамдуу, калган 30% жарамсыз деп баалашты. Түштүк Африка Республикасында түрмөдөн чыккан Нелсон Мандела актар менен каралардын улуттук жарашуу саясатын жарыя кылып, аны ишке ашырган. Бул чиеленишкен, татаал маселени калыс, ар тараптуу иликтөө үчүн епископ Д.Туту башында турган комиссияны түзгөн.

1994-жылы Орусиянын Мамлекеттик Думасы СССР ГКЧПнын бардык жетекчилерине, Орусия Федерациясынын вице-президенти А. Руцкойго, Жогорку Советинин төрагасы Р. Хасбулатовго мунапыс берген.

Ошентип, эл аралык тажрыйбаны эсепке алып Кыргызстандын шайлана турган президенти менен парламенттин жаңы курамына ушундай эле мамилени мурдагы президенттер А. Акаев, К. Бакиев менен А. Атамбаевге карата колдонууну сунуш кылар элем. Эгер алар улуттук мунасага келүү жана ынтымакта жашоо үчүн кетирген кемчиликтери менен кылмыштуу иштери үчүн Кыргызстан элинин алдында башын ийип, кечирим сурашса, айыпты мойнуна алып макул болушса мындай ишти жасаш керек. Анын үстүнө келерки жылы баарыбыз өлкөбүздүн өз алдынчалыгынын 30 жылдыгын белгилейбиз. Мындай жарашуу акты буга чейин азаптан башы чыкпай келген кыргыз мамлекетинин ыкчам өнүгүшүнө дем берип, калк биримдигинин бекемделишине багытталган айкөлдүктүн, гумандуулуктун, адамгерчиликтин көккө серпилген бийик үлгүсү болуп калар эле. Ошондо биздин өлкөбүздө түндүк-түштүккө бөлүнүү, акаевчилер, бакиевчилер, отунбаевачылар, атамбаевчилер, жээнбековчулар, а мүмкүн жапаровчулар деген жикчилдик токтолор беле деп ойлойм.

Абдыганы Эркебаев, коомдук ишмер, Улуттук илимдер академиясынын академиги

(Автордун көз карашы «Азаттыктын» көз карашын чагылдырбайт)

XS
SM
MD
LG