Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:51

«АКШда сот президентти да ордуна коёт»


Айзада Марат кызы.
Айзада Марат кызы.

Гарвард университетинен билим алган Айзада Марат кызы Кыргызстанга «Кошмо Штаттардай күчтүү президенттик система орнотобуз» деген жүйөнү такыр орунсуз деп сындады.

АКШда юрист болуп эмгектенген, Гарвард университетинен билим алган Айзада Марат кызы Кыргызстанда октябрдагы окуялардан кийин мамлекет башына келген жаңы бийликтин конституциялык реформага шашылыш киришкенин сындады. Ал ушул тапта бийлик экономикалык, социалдык курч маселелерди чечүүнүн ордуна Баш мыйзамды өзгөртүп, супер-президенттик башкарууга ык алганын белгиледи.

- Айзада, ушул тапта Баш мыйзамдын долбоору талкууланып жатат. Долбоорго көз чаптырып чыккандан кийин кандай ойдо калдыңыз?

- Жаңы бийлик адегенде эле Конституцияны алмаштырууга киришкени мени өкүндүрөт. Баш мыйзамдын долбоору тууралуу айтсам, Манасты атоо, кыргыздарды өзүнчө улут катары бөлүп көрсөтүү, массалык маалымат каражаттарына цензура сыяктуу нерселерди кантип тушүндүрсө болорун билбейм. Дагы бир өтө маанилүү өзгөртүү - президенттин эки мөөнөткө шайланышы. Биз андан өтпөдүк беле? Президент бир гана мөөнөткө шайланат деп чечпедик беле? Биз азыр жаңы президент 16 жылга чейин отурушу мүмкүн деп чочуп отурабыз. Мурдагы президенттер өз бийлигин кандай аянычтуу аяктаганын эстесек, эмне себептен кайра эле ошол жолго баратканыбызды түшүнө албай турам. Бул долбоорду ким качан жазганы да белгисиз. Андыктан Баш мыйзамдын долбоорунун жообунан суроосу көп болуп турат.

- Эмне үчүн, сиз айткандай, жаңы келген бийликке эң оболу конституциялык реформадан ишти баштоо зарыл болду деп ойлойсуз? Мындай зарылчылык эмнеден пайда болду деп эсептейсиз?

- Анын бир гана жообу бар. Бийлик вертикалын бекемдеш керек. Мунун баары келечекте өзүнө керектүү чечимди тез арада кабыл алууну көздөп турганында деп ойлойм. Анткени президент эбегейсиз күчкө ээ болот. Алдыдагы шайлоодо Садыр Жапаровбу же башкабы - ким жеңип келсе да абсолюттук бийликке ээ болуп, анын чечимдери чагылгандай тездик менен кабыл алынат.

Супер президенттик башкаруу формасын жактагандар «Сингапурда кандай болгонун карагыла» дешет. Сингапур - лотереядан утуп алгандай эле мисал экенин белгилегим келет.

Америка - жүз жылдап түптөлгөн бийликтин тең салмактуулугун кармап туруу системасы бар өлкө. Сот системасы президентпи, башкы прокурорбу, конгрессменби – баарын ордуна коёт.

Бирок ошол эле маалда кыйын кезеңге кабылган супер президенттик бийлик орногон башка өлкөлөрдү карасаңар. Сингапурда бул тажрыйба оңунан чыкты, реформалар ийгиликтүү ишке ашты, бирок бизде да дал ошондой болот деп ким кепилдик берет? Эч кимди ынындара албайсыз, туурабы? Мен бул жерде болгону бийлик вертикалык бекемдеп, президенттик кызматка мүмкүн болушунча узакка калуунун аракетин гана көрүп турам.

- Айзада, сиз азыр АКШда эмгектенип жатасыз. Конституциянын долбооруна байланыштуу талаш-тартышта президенттик башкарууну сунуш кылгандар АКШнын башкаруу системасын мисал келтиришет. «АКШда президент аткаруу бийлигин да башкарат. Биз да ошондой системаны түзөбүз» деп жатышат. АКШнын башкаруу системасы, албетте, абдан татаал, башка система. Бирок ошол форманы Кыргызстанга киргизүү канчалык реалдуу?

- АКШнын мамлекеттик башкаруу системасын биздикине салыштыруу такыр эле орунсуз. Анткени Америкада мамлекеттик түзүлүш федеративдик, бул жерде бардык бийлик бутактарын бирдей ооздуктоо жана тең салмактуулукту сактоо системасы таразадай так сакталат. Федералдык өкмөт бир штаттын ички ишине оңой эле кийлигише албайт. Бул жерде ар бир штат өзүнчө «мамлекет». Президент аткаруу бийлигинин башчысы экенине карабастан, эч кимдин ишине аралаша албайт. АКШда 50 штат бар. Ар бир штаттын өз губернатору, парламенти, өз мыйзамдары, айтор толук өз алдынчалыкка ээ.

Андыктан биздин унитардык мамлекетти Кошмо Штаттар менен салыштыруу кыйын. Америка - эбегейсиз чоң, жүз жылдап түптөлгөн бийликтин тең салмактуулугун сактоо темирдей бекем системасы бар өлкө.

Бул жерде сот системасы ушундай күчтүү, президентпи, башкы прокурорбу, конгрессменби – баарын ордуна коёт. АКШда үч бийликтин тең салмактуулугу бузулбайт, ага таасир этүү мүмкүн эмес.

Ошондуктан президент аткаруу бийлигин да өз колуна алса, жашообуз Америкадагыдай болуп кетет деген курулай сөз. Антип салыштырууга кенедей да негиз жок. Кыргызстанга супер президенттик шартта бийликтин өз ара тең салмактуулугун чындап түзүш үчүн дагы көптөгөн жылдар керек. Бирок андай системаны түптөп, калыбына келтирүү өтө чоң жигердүүлүктү талап кылат.

- Сиз АКШда ушул тапта юрист болуп иштеп жатасыз, Гарвард университетинен юридикалык билим алдыңыз. Кыргызстандагы сот системасын беш колуңуздай билесиз. АКШнын сот системасын талдап отуруп, Кыргызстанда кантип көз каранды эмес сот системасын түзсө болорун да ойлосоңуз керек?

- Бул кайсы болбосун биздин президенттин алдындагы эң биринчи жана маанилүү суроо деп ойлойм. Эгер биздин президенттердин акылы жетсе, алар өлкөнү ак ниет, ачык-айкын жана калыс башкарам десе, анда биринчи кезекте сот системасын реформалоодон баштамак. Анткени алардын бийликтеги мөөнөтү бүтөт, президенттик кызматтан кеткенден кийин анын артынан кылмыш иши козголбойт деп ким кепилдик берет? Эгер президент ак ниет иштейм десе, адегенде сот системасын талаптагыдай реформалап койсо андан кийин начар бирөө бийлик башына келип, куугунтук баштаса да, соттор аны актап, кол тийгизбейт эмеспи.

Супер-президенттик башкаруу формасын жактагандар “Сингапурда кандай болгонун карагыла” дешет. Сингапур - лотереядан утуп алгандай эле мисал экенин белгилегим келет.

Мен муну президент канчалык сот системасын өз алдынча жана калыс кыла алса, анын үзүрүн өзү гана көрөт дегенди айткым келип жатат. Бул табигый нерсе. Андыктан президенттер адилет сот системасын курууга кызыкчылыгы болбосо, мен ал президент эмнени көздөй турганынан күмөн санай баштайм.

Кантип өз алдынча сот системасын түзсө болот? Биздин Баш мыйзамда башка өлкөлөрдүкүндөй эле Конституциялык сотту, Жогорку сотту дайындоонун жол-жобосу көрсөтүлгөн. Бул тартип сот системасы менен мактана турган мамлекеттердикиндей эле деп айтаар элем. Менин көз карашымда, маселе системанын эки башка экендигине да барып такалат.

Маселен, Америкада жалпы укук түзүлүшүнө негизделген система үстөмдүк кылат, соттордун чечими мыйзамдык күчкө ээ. Федералдык сотторду эл шайлайт. Сотторду шайлоо бул жерде кыйла татаал.

Кыргызстанда болсо континенттик укук түзүлүшү. Соттун чечими сөзсүз аткарылышы керек болгону менен мыйзам деп саналбайт. Маселен, Америкада президент кандайдыр бир жардык чыгарса, ал мыйзамдык күчкө ээ. Конституциялык сот аны жокко чыгарып, кандай чечмелесе ошондой мыйзамдык макамга ээ болот. АКШда Жогорку сотко конституциялык соттун ыйгарым укуктары берилген жана Жогорку сот кандай чечсе, ошондой мыйзам деп саналат.

Бизде болсо облустук же аппеляциялык соттор окшош иштерди караганда да ар кандай чечим чыгарышы мүмкүн. «Соттор мындай чечим чыгарды, силер да ошондой чечим чыгарышыңар керек» деп айта албайсыз. Бизде соттордун бирдиктүү тажрыйбасы жок, ар бир сот өзү ынангандай чечим чыгарат.

Биздин соттордун моралдык принциптери да төмөн экени көңүл чөгөрөт. Анткени алар өз тагдыры үчүн кооптонот. Маселен, супер президенттик системада судьяларды президент Сотторду тандоо кеңешинин сунушу менен Жогорку Кеңешке сунуш кылып, депутаттарынын үчтөн экисинин добушу бекитсе да, биздин соттор өздөрүн коопсуз сезбейт.

Бийликке жакпаган кандай гана чечим болбосун, аларды эртең эле парламент президенттин бир сөзү менен кызматтан оңой эле алып коёт. Конституцияда Жогорку соттун же Конституциялык соттун судьясын алып салуунун жол-жобосу татаал.

Парламенттик система гана жаш, акылдуу, прогрессивдүүлөргө жол ачат. Алар бир мандаттуу округдан эч качан шайлана албайт. Бир мандаттуу округдан таасирдүүлөр, акчалуулар, көпөстөр гана өтөт. Жогорку Кеңештен жаңы жүздөрдү көрбөй калабыз.

Бирок иш жүзүндө президентте эбегейсиз бийлик болсо сотту кызматтан алып коюу өтө жеңил. Андыктан сотторго чындап кепилдик жок. Президенттин колунда УКМК менен Башкы прокуратура турганда, сотторго кайдагы чыныгы кепилдик болсун? Андыктан супер президенттик башкарууда соттордун өз алдынчалыгын камсыз кылыш үчүн бул эки мекемени президенттин колунан алуу зарыл. УКМК менен Башкы прокуратура да көз каранды эмес органдар болушу зарыл.

Ошондо гана Америкадагыдай көз каранды эмес сот системасын түзүүгө болот. Анткени АКШда соттор аларды кызматтан эч ким ала албай турганын билет. Аларды президент, Конгресттин эки палатасы бекиткени менен соттор президентке каршы чечимдерди зарыл болсо жөн эле чыгарып коюшат. Аларды эч ким тигил же бул чечими үчүн кызматтан алып коё албайт. Андыктан соттордун башка мамлекеттик органдардан көз карансы эместигин камсыз кылганда гана сот чындап өз алдынча бийлик болот.

- Кыргызстан Борбор Азияда биринчилерден болуп, көп партиялуу системаны киргизип, парламенттик башкарууга өткөнүн 10 жыл мурда жарыялаган. Бирок Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда партиялык системага сын көп айтылып, азыр аралаш системаны киргизебиз деген сунуш бар. Кыргызстанга саясий партияны «бизнес долбоор» менен салыштыргандар чыгат. Буга сиздин ой-пикириниз кандай?

- Биздин саясатчылар эмне себептен бул болду жана анын кесепети кандай деген суроо жөнүндө толгонушпайт деле. Биз өзүбүздүн депутаттарды карап туруп эле парламенттик же пропорционалдык система начар деп кесе айта албайбыз. Биздин депутаттардын деңгээли, кесипкөйлүгү эми башка сөз деңизчи. Шайлоодо адамдар өз добуштарын сатып, анын аркасы менен партиялар парламентке өтүп келип жатса ал пропорционалдык система начар дегенди билдирбейт.

Тескерисинче, келечекте Кыргызстанга ар бир округдан депутаттар шайланган бир мандаттуу система ылайыксыз. Андыктан парламенттик система гана жаш, акылдуу, прогрессивдүүлөргө жол ачат. Алар бир мандаттуу округдан эч качан парламентке өтүп келе албайт. Бир мандаттуу округдан таасирдүү, акчалуулар, жергиликтүү көпөстөр гана шайланат. Ошентип биз Жогорку Кеңештен жаңы жүздөрдү көрбөй деле калабыз.

Соңку ыңкылап парламенттик шайлоонун айынан болгону мени кубандырган. Бул деген парламент өлкө турмушунда маанилүү роль ойной баштаганын далили да. Биз парламентаризмдин жолуна түшүп, беш жылда эле парламенттик мамлекет болдук. Система сааттын жебесиндей иштеп кетет деген ойдон алыс болсок. Бул узак жана эң туура жол экенин эстен чыгарбасак. Бул жолу шайлоо «Реформа», «Ата Мекен», «Бир Бол» партиялары кандай прогрессивдүү курам менен шайлоого чыкты. Бул мезгилдин жана элдин талабы болду.

Эгерде күчтүү партиялар болбой, бардыгы бир мандаттуу системага өтсө президентке парламентке басым жасаганга онөй болот. Эгер күчтүү партиялар келсе ага жол беришпейт. «Азыркы парламент жалаң саясий буйрук аткарып жатпайбы?» деген суроо турат деңизчи. Бирок мен келечекте партиялык тизме менен күчтүү депутаттар келерине ишенем. Карасаңыздар, өткөн шайлоодо эле жогоруда мен атаган партиялардын тизмесинде кандай өз позициясы бекем, жалындуу жигиттер, кыздар турду эле? Алар парламенттин күчүн көрсөтүп, мыйзам чыгаруу бийлигинин өз алдынчалыгын камсыз кылууга салым кошмок.

Биз сыяктуу чакан өлкөгө бир мандаттуу системанын кереги жок. Анда кландар, жердешчилик күчөп, аялдарга, жаштарга, башка улуттардын өкүлдөрүнө орун тийбейт. Анткени парламентке шайланып келүүгө жаштар менен аялдардын акчасы, ал эми улуттук азчылыктардын мүмкүнчүлүгү жок болору айдан ачык.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG