Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:45

Социалдык тармактар: Талкуулоо же талкалоо


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүнкү күндө эң талаштуу маселелердин бири - Конституцияны өзгөртүү жана референдум өткөрүү. Бул бир гана юристтерди, серепчилерди жана саясатчыларды эмес, коомчулукту да тынчсыздандырат. Дээрлик көп коомдук талкуулар социалдык баракчаларда жүргөндүктөн, медиа серепчилер Интернеттеги кызуу талкууланган постторду талдашты.

Кыргызстанда 3 миллиондон ашык интернет катталуучу бар. Алардын 2,5 миллиону социалдык тармактарды колдонот. Өлкөдө эң көп колдонулган - "Youtube" порталы. Кыргыз "Youtube" колдонуучулары Баш мыйзам тууралуу кандай талкууларга катышат? Аларды маселенин кандай өңүттөрү тынчсыздандырат? Деги ушул тема боюнча кандай ойлор, кандай сөздөр камтылган? Иликтөөнүн авторлору бул суроолорго жоопту компьютердик программалар жана контент-анализ аркылуу издешти.

Жогорудагы темалар жана саясатчылардын талаштуу ойлору социалдык тармактарда кандай талкууланып жатканын видеолордун алдына жазылган комментарийлер көрсөтөт. Конституцияны өзгөртүү жана референдум өткөрүү жөнүндө актуалдуу саясий темадагы эки популярдуу видеотасма тандап алынды. Эки видео тең Садыр Жапаров менен Өмүрбек Текебаевдин референдум, Конституцияга байланыштуу интервьюларын камтыйт. Иликтөө күтүлбөгөн жыйынтыктарды көрсөттү. Социалдык тармактардын көпчүлүгү кимдер, аларды эмне кызыктырат? Саясатка тийиштүү комментарийлердин мазмуну кандай? деген суроолорду пайда кылды.

Бомба ЖАРЫЛДЫ. Садыр Жапаров ТҮЗ эфирге ЧЫГЫП Текебаев жана КОНСТИТУЦИЯ боюнча СУРООЛОРГО жооп БЕРДИ” деген аталышы таш жарган видео 23-ноябрда жарыяланып, 186 миңден ашык көрүлгөн. Видеону жарыялаган “Акыркы кабарлар” каналынын 1 миллион 360 миңден ашуун жазылуучусу бар. (Кийин бул видео каналдан өчүрүлүп калган)

Экинчи видеону 300 миңге жакын адам көргөн. Жапаровду мактап, Текебаевди сындаган “ТЕКЕБАЕВДИН БЫЛЫГЫ ЧЫКТЫ! САДЫР ЖАПАРОВ АЧЫК АЙТТЫ! ТЫ НИКТО” деген аталыш менен 20-ноябрда “Кабар Медиа” каналында жарыялаган. Жалпысынан 6799 комментарий жазылган. Эң активдүү колдонуучулардын ар бири 10дон 22ге чейин пикир калтырышкан.

Иликтөөнүн авторлору бул видеолордун алдындагы бардык комментарийлергe статистикалык контент-анализ жүргүзүшкөн.

Биринчи көп колдонулган сөздөр аныкталды. Комментарийлерде көп кездешкен сөздөрдүн булуту түзүлдү. Алгач текст-анализ үчүн ат атоочтор жана аталыштар кошулган жок. (“мен, сен”, “ал”, “бул”, “бар” ж.б.).

Комментаторлор эң көп жазган сөздөр
Комментаторлор эң көп жазган сөздөр

Көрүнүп тургандай, көпчүлүк комментарийлер эки саясатчынын жеке атына, инсандык сапаттарына тиешелүү. Мындан тышкары, “эл”, “Аллах”, “кудай” деген сөздөр көп колдонулган. Жалпысынан "эл" деген 1600дөн ашык жолу жазылып, колдонуу жыштыгы жагынан саясатчынын атынан кийинки экинчи орунда турат. Эң кызыгы, эң көп колдонулган 100 сөздүн арасында "Конституция", «мыйзам» деген сөздөр таптакыр кездешпейт. Комментарийлерде "референдум" деген сөз такыр жок. Эң көп лайк басылган комментарийлер диний же кастык мүнөздө. Мисалы:

Садыр Жапаров президент болот, иншшаллах, тахажутта дуа кылыңыздарчы сураныч”.

Садырды көрө албагандар, кысып эле жүрсөңөр, ээ, чимкириктер”.

Кластеризация ыкмасы
Кластеризация ыкмасы

Дагы бир ыкма визуалдаштыруу. Бул эң көп колдонулган сөздөрдүн бири-бирине байланышы, кластеризация. Анын жардамы менен комментарийлердеги сөздөрдүн ассоциациясын аныктаса болот. Андан көрүнүп тургандай, эки саясатчынын инсандык сапаттарына каршы чыгып, “Жапаров", "эл” деген сөздөр удаа колдонулуп, улам-улам кайталанат. Бул шилтеме Жапаровдун биринчи видеодогу сөзүнө ылайык келип, анын кайра-кайра кайталаган “эл”, “элдин талабы”, "элдин тандоосу", "элдин эрки" деген сөздөргө байланышы бар. Эң кызыгы, Жапаровду колдогон комментаторлор Текебаевди оозго алгыс сөздөр менен каралап, жаманатты кылып жазышкан.

Төмөндө эң көп колдонулган сөздөр жана алардын колдонулуш жыштыгы келтирилген.

Эң көп колдонулган сөздөрдүн жыштыгы
Эң көп колдонулган сөздөрдүн жыштыгы

Контент-анализ көрсөткөндөй, комментарийлерде Конституцияга жана референдумга байланыштуу идеяларды жана темаларды талкуулоо жок. Жалпы логика жана аргумент Жапаров менен Текебаевдин инсандык сапаттарына, "эл" жана "Аллах" сөздөрүнө басым жасоого багытталган. Иликтөө көрсөткөндөй, баш мыйзамга, референдумга байланыштуу сөздөр жок.

Kомментарийлер бири-бирине мазмуну жагынан окшош, кайталанма сөздөр менен жазылган. Комментаторлор Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча бир да идеяларды, бир да сунуштарды талкуулабай, тескерисинче, интернет-троллдордун жүрүм-турумуна дал келген Жапаров менен Текебаевдин атына басым жасашкан. Ошондой эле видео интервьюлардын алдына жазылган диний комментарийлер орчундуу орунда.

Фейктер же троллдор - социалдык тармактарда атайылап жалган, акылга сыйбаган же мазмунга тиешеси жок билдирүүлөрдү жайгаштырган активдүү аккаунттар. Изилденген эки видеонун алдындагы комментарийлердин басымдуу бөлүгү троллдорго таандык ыкманы колдонушкан. Алардын талашы конкреттүү идеялар эмес, Жапаровго каршы чыккандарды бутага алуу менен чектелген.

КОРУТУНДУ: Баш мыйзамга байланыштуу Жапаров менен Текебаевдин видео интервьюларынын алдына жазылган 6799 комментарийден мыйзам, референдум, Конституцияга байланыштуу пикир табылган жок. Иликтенген талкуулардa троллдордун ыкмасындагы каралоо, чагымчылдык орун алган.

Авторлор башында коюлган суроолорго жооп издеп жатып, төмөнкүдөй тыянакка келишкен:

1. Чектелген тематикалык комментарийлер

2. Логикалык аргументтердин жоктугу

3. Жеке адамдарды кемсинтип, каралоо

4. Бирөөнү мактап, башканы басынтуу

5. Каргап, коркутуу

Бул көрсөткүчтөр Интернет айдыңында уюшулган троллинг жүрүп жатканын ашкерелейт. Ошондой эле фейк-аккаунттардын саны арбып, саясий нукта элди козутуу максатына колдонулуп жатканын көрсөтөт.

Авторлор: Гүлзат Баялиева, санарип антрополог

Жанетта Жакыпова, дата-аналитик

P.S. Иликтөөнүн жыйынтыгы «Азаттыктын» көз карашын чагылдырбайт

XS
SM
MD
LG