Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:34

Жаңы президентти сыначу жагдайлар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

10-январда мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоо Кыргызстанда экономикалык жана саясий кризистин шартында өткөнү жатат.

Өкмөт бул жылы коронавирус илдетине байланыштуу түзүлгөн кырдаал жөнгө салынып экономика калыбына келет деп болжолдогону менен чек аралар толук ачылып, ишканалар жанданып кете элек. Буга кошул-ташыл өлкөдө саясий абал олку-солку болуп турат. Алдыда конституциялык реформа, парламенттик жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо бар.

Эңшерилген экономика, жаңы бийликке артылган үмүт

Улуттук статистика комитетинин эсебине ылайык, Кыргызстанда коронавирус кризисинде ар бир кожолукта бери дегенде бир адам жумушсуз калды. Илдеттин күчү азыр да кайта элек, күн куру эмес өлүм-житим катталууда. Талдоочулар 2021-жыл өткөн жылдагыдай эле өлкө үчүн экономикалык жана саясий жактан оор болот деп боолголоп жатышат.

Мына ушундай шартта 10-январда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо менен кошо мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча референдум өткөнү турат.

Президент болом деген 17 талапкер үгүт ишинин жүрүшүндө айыл-апаны кыдырып экономиканы көтөрүү, жумуш орундарын түзүү сыяктуу кат-кат убадаларды берип жаткан кези. Коомчулукта: «Жаңы шайланган президент ишти эмнеден башташы керек? Кечиктирилбей чечиле турган кайсы маселелер турат?» деген суроолор берилүүдө.

«Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси, экс-депутат Чолпон Жакупова «ИнтеллигенТV» «YouTube» каналындагы маегинде ушул темага көңүл бурду:

Чолпон Жакупова.
Чолпон Жакупова.

«10-январда биз президент кылып шайлаган адамдын эң башкы атаандашы саясатчы эмес, экономика болот. Азыр эле айлык, социалдык төлөмдөрдү төлөш үчүн Орусия 20 млн. доллар берип атат. Бул эмнени билдирет? Бизде эч нерсе калган жок, кризис. Ошондуктан алдыда бизди оор күндөр күтүп турат. Эми ушундай оор экономикалык абалда билимдүү, мамлекеттик кызматта башкаруучулук жөндөмү бар адамдар иштеши керек».

Чолпон Жакупова айтып жаткандай Кыргызстан 2020-жылдын 30-декабрында бюджеттик мекемелерде иштегендердин маянасына, пенсия жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, саламаттык сактоо тармагын каржылоого Орусиядан 20 млн. доллар алды.

Ушул жерден быйылкы жылдын бюджетине токтоло кетели. 2021-жылга карата республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 172,9 млрд. сом, чыгашасы 181,3 млрд. сом деп бекитилген. Дефицит 8,5 млрд. сомдон ашат деген божомол бар. Өкмөт салыктан 90 млрд. сомго жакын, Мамлекеттик бажы кызматынан 52 млрд. сомдон көп акча чогулат деп күтүп жатат. Бирок коронавирус илдетине байланыштуу жабылган ишканалар ишин толук жандантып, чек аралар ачыла элек. Ушундан улам салыктан түшчү киреше өкмөт эсептегендей чогулбай калышы да мүмкүн.

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Акылбек Жапаров да быйыл экономикалык абал оор болот деген оюн айтып, аны бир нече мисалдар менен негиздеп берди.

Анын сөзү боюнча, Кыргызстандын 80% импортко көз каранды экономикасына чек аралардын ачылбай турушу бир топ эле түйшүк жаратат. Ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 50% ашыгын түзгөн тейлөө, соода тармагы да пандемиядан улам толук иштебей турат. Жапаров кырдаал тууралуу мындай деди:

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

«Сөзсүз дасыккан адистер керек. Азыр тааныш-билиш, партиялашым деген түшүнүк болбойт. Ар бир тармакта пайда алып келе турган адамдарды чогултуп, экономиканы сактап калыш керек. 2020-жылы тышкы карызды араң-араң эле төлөдүк. Эми карызды төлөш үчүн бөлүнчү акча жыл сайын көбөйө берет. 2025-жылы тышкы карызды төлөө 402 млн. долларга чыгат. Быйыл тышкы карызга эле 150-180 млн. доллар кетет. Ал эми доллардын куну кандай болот? Бул да өзүнчө маселе. Анткени биз карыздын баарын доллар, евро менен алганбыз».

Саясат кызыган жыл

Быйылкы жыл саясий окуяларга да бай болот. Жыл башында эле президенттик шайлоо жана референдум өтөт. Конституциялык реформа, парламенттик жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо бар.

Кыргызстанда былтыр 12-апрелде беш шаардык жана 25 айылдык кеңешке депутаттарды шайлоо өтмөк. 18-мартта өлкөдө коронавирус жуккан бейтаптар аныкталып, шайлоо белгисиз мөөнөткө токтотулган.

4-октябрдагы парламенттик шайлоо митингдер менен коштолуп, анын баштапкы жыйынтыгы жокко чыгарылган. Октябрь окуяларынан кийинки саясий кризис азыр да конституциялык реформага байланыштуу талаш-тартыш менен уланып келатат.

«Замандаш» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов алдыдагы саясий иш-чаралар жана анын мындан аркы өнүгүшү боюнча пикири менен бөлүштү:

Жеңиш Молдокматов.
Жеңиш Молдокматов.

«Кыргызстанда ички саясий чыңалуу күчүндө. Бул дагы күчөйт. Анткени буга чейинки бир да президенттик шайлоодо президент боло электе эле бир талапкерге каршы саясий күчтөр топтолгон учур боло элек. Референдумдан кийин бириккендер да болот. Себеби, парламентаризмди колдогон саясатчылар биригет. Ал парламенттик шайлоодо күчүнө кирет».

Президенттикке ат салышып жаткан 17 талапкердин ичинен Клара Сооронкулова, Адахан Мадумаров, Каныбек Иманалиев жана Канатбек Исаев эгер шайлоонун экинчи айлампасы өтө турган болсо арасынан бирдиктүү талапкерди колдоп чыгуу боюнча келишим түзүшкөн. Юридика илимдеринин доктору Асел Дөөлөткелдиева референдум саясий абалды курчушуна шарт түзөрүн билдирди.

«Эгерде 10-январда президенттик гана шайлоо өтсө саясий абал турукташмак. Бирок ушул эле күнү референдумдун да болушу кырдаалды курчутат», - деди Дөөлөткелдиева.

Тооруган тышкы саясат

Ички саясат кайнап жатканда өлкөнүн тышкы саясаты да жаңы шайланган президент үчүн сыноо болгону турат. Октябрдагы башаламандыктан кийинки окуялар Кыргызстандын тышкы саясаттагы абалын даана көрсөттү.

Эл аралык мамилелер боюнча эксперт, дипломат Аскар Бешимов шайлоодон утуп чыккан жаңы башчы жана анын командасы тышкы мамиле боюнча кандай иштеши керек экенин айтты:

Аскар Бешимов.
Аскар Бешимов.

«Шайлоо өтөт. Ким эмне дебесин, чет мамлекеттер шайлоонун жыйынтыгын тааныйт. Бирок алар бизге куттуктоо жөнөткөндөн башка да диалогго келип, биз менен сүйлөшөбү деген маселе бар. Ошондуктан тышкы саясатта өзгөрүү болушу керек. Биз бир мамлекетти дос тутуп, экинчисине салкын мамиле кылбашыбыз керек. Эгерде аны ишке ашыра албасак тыштан жардам ала албайбыз. Биз Казакстан менен бир эле маселе боюнча – биздин машинелерди чек арадан өткөрүү боюнча сүйлөшөт экенбиз. Өзбекстан, Тажикстан менен чек арага тиешелүү эле маселе каралат. Орусиядан каржылык жардам, анан мигранттарга жеңилдик сурайбыз. АКШ, Европа мамлекеттерине кыргыз жарандары виза ала албай калды».

10-январда референдумда жарандарга үч суроо коюлат. Ага катышкандар президенттик же парламенттик башкаруу формасын колдой турганын, болбосо бардык варианттарга каршы экенин билдириши керек.

Ушул күндөрү Конституциялык кеңешме президенттик башкарууга багытталган Баш мыйзамдын жаңы долбоорун талкуулап жатат. Аны Жогорку Кеңеш 17-ноябрда коомдук талкууга чыгарган.

XS
SM
MD
LG