Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:13

«Мыйзамдуулук үчүн» жүрүшкө чыккандардын талабы


«Мыйзамдуулук үчүн» жөө жүрүшкө чыккандар. 3-январь, 2021-жыл.
«Мыйзамдуулук үчүн» жөө жүрүшкө чыккандар. 3-январь, 2021-жыл.

Бишкекте жекшемби күнү «Мыйзамдуулук үчүн» деген акция уланды. Бул жолку иш-чара Кыргызстанда башкаруунун формасын аныктоо үчүн референдум жана мөөнөтүнөн мурун өтчү президенттик шайлоого бир жума калганда болду.

Акцияга чыккандар буга чейин кайталап келатышкандай эле Конституцияны өзгөртүүгө каршы экенин билдиришип, парламентаризмди колдой турганын айтышты.

Максат Жаныбеков Бишкекте ар жекшемби сайын өтүп жаткан «Мыйзамдуулук үчүн» акциясына достору менен келген. Ал өзү Германияда жашай турганын, өлкөдө мыйзамдуулукту талап кылган тынч жөө жүрүшкө биринчи жолу катышып атканын айтып берди.

«Алыста болсок да Кыргызстанды карап турабыз. Өлкөдө сөз эркиндиги кысымга кабылып, мыйзам иштебей жатат. Бийликке келген саясатчылар мыйзамдарды, Конституцияны өздөрүнө ылайыкташтырып жаза башташты. Биз ошого каршы болуп келдик. Биз да балалуу болобуз. Кийин алардын алдында уят болбойлу деп акцияга чыктык».

«Мыйзамдуулук үчүн» жөө жүрүш Кыргызстанда октябрь окуяларынан кийин келген бийлик Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесин көтөргөндө башталган. Бул жолку акция тогузунчу ирет уюштурулду жана 10-январда мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоо менен башкаруунун формасын аныктоо тууралуу референдумга бир жума калган убакытка туура келди.

Ар жекшемби сайын ондогон адамдар бийликтен Баш мыйзам, референдум, президенттик шайлоо, сөз эркиндиги сыяктуу маселелерде мыйзамдардын сакталышын талап кылып келатышат. Жөө жүрүшкө келген Элнура Нуралиева парламентаризмди жактагандардын бири.

«Бир башка караганда эки баш пайдалуурак. Ошондуктан мен парламенттик башкарууну колдойм. Себеби, биз бир эле кишинин айтканын аткарууга мажбур болгубуз келбейт. Бардык маселе көпчүлүккө салынып чечим кабыл алынса жакшы болот жана биз ошону талап кылабыз».

«Мыйзамдуулук үчүн» жөө жүрүшүндөгү чакырыктардын бири. 3-январь, 2021-жыл.
«Мыйзамдуулук үчүн» жөө жүрүшүндөгү чакырыктардын бири. 3-январь, 2021-жыл.

Жөө жүрүш мурдагыдай эле Бишкектеги темир жол бекетинен башталып, Эркиндик гүлбагы аркылуу өтүп, борбордук Ала-Тоо аянтында аяктады.

Жогорку Кеңеш мамлекеттик башкаруунун түрүн аныктоо боюнча референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун шашылыш түрдө, 10-декабрда экинчи жана үчүнчү окуудан кабыл алып, президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов ага кол койгон. Долбоор парламенттин кароосуна 9-декабрда гана чыгарылып, ошол эле күнү биринчи окуудан чукул өткөн.

Парламенттеги айрым депутаттар жана юристтер коомчулугу документ «Референдум тууралуу» конституциялык мыйзамдарды бузуу менен, талап кылынган жол-жоболордон өткөрүлбөй туруп, бир кишинин кызыкчылыгы үчүн шашылыш жазылып, чукул кабыл алынды деп сындап келишет. «Мыйзамдуулук үчүн» жөө жүрүшкө чыккан мурдагы акыйкатчы Кубат Оторбаев да ушундай эле пикирде.

Кубат Оторбаев.
Кубат Оторбаев.

«Эл 10-январда эйфорияга алдырып эмнеге добуш берип жатканын билбей да калышы мүмкүн. Негизи бул маселени бардыгын мыйзамдуу жолго алып келип, андан кийин гана чечиши керек болчу. Азыркы аракеттер шашылыш, бийликке эптеп эле жетүүнүн амалы катары жасалып жаткан иштердей көрүнүүдө», - деди Оторбаев.

Жогорку Кеңеш Баш мыйзамдын жаңы долбоорун 2020-жылы 17-ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башта ал долбоорду 10-январда президенттик шайлоо менен чогуу референдумга коюу сунушу берилген. Коомчулуктун сынынан кийин парламент 10-январда башкаруунун гана түрүн аныктоо боюнча бүткүл элдик добуш берүүнү өткөрүү мыйзамын кабыл алган.

Канткен менен президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытов 20-ноябрда түзгөн Конституциялык кеңешме ушул күндөрү Баш мыйзамдын жаңы долбоорун талкуулап жатат. Ал ишин качан жыйынтыктары белгисиз.

Президенттин укуктары кеңейтилген долбоорду колдогондор эгер ал кабыл алынса, Кыргызстанда бийликтин жоопкерчилиги күчөй турганын белгилеп жатышат. Конституциялык кеңешме алтургай Баш мыйзамдын долбоорунун биринчи варианты иштелип чыкканын кабарлаган. Кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев кеңешме азыр юрист жана лингвист адистерден турган эксперттик топ иштеп жатканын билдирди.

«115 берененин баарын жалпы жыйынга алып чыкканда өтө татаал болот экен. Ал жердеги 100гө жакын киши бири-биринин сөзүн укпайт. Ошондуктан биз биринчи вариантты секцияларга чыгарып атабыз. Секцияларда болсо 20-30дан киши бар», - деди Бөрүбашев.

Ошентип, Кыргызстан 2021-жылды эң чоң саясий окуялар - президенттик шайлоо жана башкаруунун формасын аныктоо боюнча референдум менен баштаганы жатат. «Үмүт 2020» саясий кыймылынын мүчөсү Нурсултан Акылбек бул өлкөдөгү саясий кризисти тереңдетет деген пикирде.

Нурсултан Акылбек.
Нурсултан Акылбек.

«Октябрь айынан бери биз саясий кризис батып эле баратабыз. Эгерде референдумда парламенттик башкаруу жеңсе, кайра референдум дайындалабы? Андан тышкары президенттик шайлоодо негизги талапкер жеңип чыкса, аны оппозициялык маанайдагы талапкерлер кандай кабыл алат - бул да чоң маселе. Менин оюмча бизди чоң саясий кризис күтүп жатат. Ага экономикалык кризисти кошкондо бул жыл өтө эле оор болот».

Президентик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов «Кабар» улуттук маалымат агенттигине «Мыйзамдуулук үчүн» акциясы тууралуу комментарий берди. Ал президенттик шайлоодо бардык талапкерлерге бирдей шарт-мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн айтып, айрым күчтөр өлкөдө абалды курчуткусу келип жатканын билдирген.

Кыргызстанда 10-январда мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоого 17 талапкер ат салышып жатат.

XS
SM
MD
LG