Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:08

Үчүнчү дебат: УКМК жана саясий куугунтук


Бабыржан Төлбаев, Курсан Асанов, Равшан Жээнбеков, Жеңишбек Байгуттиев, Улукбек Кочкоров жана Абдил Сегизбаев.
Бабыржан Төлбаев, Курсан Асанов, Равшан Жээнбеков, Жеңишбек Байгуттиев, Улукбек Кочкоров жана Абдил Сегизбаев.

Коомдук телерадиоберүү корпорациясындагы (КТРК) теледебаттардын биринчи турунун үчүнчү күнүндө президенттикке аттанган алты талапкер беттешти.

Алар Бабыржан Төлбаев, Курсан Асанов, Равшан Жээнбеков, Жеңишбек Байгуттиев, Улукбек Кочкоров жана Абдил Сегизбаев.

Таймаш салыштырмалуу суз өттү, бирок айырмаланган жагдайлар болду.

Башкаруу системасы, УКМК жана саясий куугунтук

30-декабрь күнкү дебатты анын алып баруучулары Алмаз Касымалиев менен Светлана Акматалиева мамлекеттик башкарууга байланыштуу тема менен ачты. Тагыраагы, алар талапкерлерден кайсы форманы жактай турганын сурашты.

Биринчи катышуучу Бабыржан Төлбаев парламенттик башкаруу системасын жактай турганын айтып, бирок ага өтүүгө эл азыр даяр эмес экенине токтолду.

Талапкер Жеңишбек Байгуттиев да ушундай оюн айтып, өзгөчө азыркыдай экономикалык кризисте системаны алмаштырбай туруу керек деди.

Курсан Асанов болсо бардыгы башчыдан көз каранды экенин белгилеп, кантсе да «хандык башкарууга жол бербеш керек» деген позициясын шардана кылды.

Абдил Сегизбаев «аралаш системаны» колдой турганын айтса, Улукбек Кочкоров мамлекеттик башкаруу системасын «анын артында турган олигархтар, кландар жек көрсөтүп жатат» деген оюн ортого салды.

Саясатчы Равшан Жээнбеков болсо көз карашын мындайча бөлүштү:

Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

«Жакыр өлкөнүн президентинин падышалардай жашаганга укугу жок. Мына үч президентти кууп кетирдик, бирөө түрмөдө отурат. Ушунун баары президенттик кызматты азабы болуп эсептелет. Азыр келип жаткан бийликтегилер дагы президенттик бийликти пайдаланып жансакчыларды, резиденцияларды, ишканаларды ээлеп жатышат. Президенттин жансакчыларына азыр жылына 400 млн. сом кетиребиз, президенттин иш башкармалыгына 550 млн. сом чыгым кылабыз. Бизге ушуга окшогон президенттик бийликтин кереги барбы? Менин оюмча, президенттик кызматты жоюш керек. Келечекте толук парламенттик башкарууга өткөн оң. Дүйнөдөгү 20 өнүккөн мамлекет болсо, ошонун 17си парламенттик мамлекет»,-деди ал.

Журналисттер коомчулукта «Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана башка күч органдары саясий буюртма аткарып жатат» деген айыптоолор жөнүндө өзүнчө собол узатып, аларды кантип реформалоо керектигин такташты.

Буга биринчилерден болуп атайын кызматты 2015-2018-жылдары башкарган Абдил Сегизбаев жооп берди. Ал өзү башкарган мезгилден башка мисалдарга токтолуп, УКМКнын азыркы жооптуу кызматкерлерин айыптады.

«2005-2010-жылдарды, Бакиевдин убагын эстеңиздерчи. 60тай саясий буюртма менен өлүмдөр болгон, мунун көбүнө күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери тартылган. 2018-2020-жылдары улуттук коопсуздук органдары дарыгерлерди кечирим суратып жүргөн убакты эстетип койгум келет. Мунун баарын алар каалаганы үчүн жасашпайт, аларга буйрук берген. Ушундай эле кадрдык саясат улана берсе ал жакта тартип орнобойт. Маселен, азыр Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын журналист Сыргак Абдылдаевге кол салууга көрсөтмө берген киши жетектеп жатат. УКМКнын жашыруун кызматын мыйзамсыз куугунтук боюнча Марат Бакиевдин буйругун аткарган адам башкарууда. 2005-2010-жылдары «бригада» деп аталган бул топко кирген адамдар башкарып турган учурда ушундай эле система улана берет», - деди Абдил Сегизбаев.

Дебат.
Дебат.

Жеңишбек Байгуттиев күч түзүмдөрүндөгү кадрдык саясатты жакшыртуу керек деген оюн айтса, Курсан Асанов бул тармактарга кардиналдуу реформаларды жасоо керектигин билдирди. Бабыржан Төлбаев да ушул пикирлерди толуктады.

Равшан Жээнбеков УКМКны жоюп салып, чалгындоону өзүнчө, тергөөнү өзүнчө мекеме кылууну сунуштады. Ал антпесе мекеме саясий куугунтук менен алектене берерин белгилеп, саясатчыларды аңдуу дале уланып жатканын кошумчалады.

Бул ойго башка бир талапкер Улукбек Кочкоров да кошулду:

Улукбек Кочкоров.
Улукбек Кочкоров.

«Тилекке каршы, үч төңкөрүш бизди эч нерсеге үйрөткөн жок. Укук коргоо органдары кандай саясий буюртма аткарып жүрсө азыр да ошол бойдон калды. Керек болсо ушул күндөрү да сезилип жатат. Менин артымдан түнү-күнү жүргөн атайын кызматтын кызматкерлерин эки жолу кармап алдым. Кааласаңар мен кеңсемден эле бир бөлмө берейин, же өзүм эле отчет берип турайын дедим, арга кеткенде. Жетекчилерине салам жолдоп жибердим. Бирок ага карабай бул жумуш уланууда. Менин кеңсеме келген мамлекеттик кызматкерлерди чакырып эскертүү берип жатышат. УКМК, прокуратура жана башка органдар саясий буюртма аткарбашы керек. Бул органдар президентке эмес, парламентке баш ийгидей болгону жакшы. Аларды ачык-айкын иш жүргүзө турган деңгээлге жеткирүү зарыл. Жоюп салууга макул эмесмин, болгону контораны өз багытында гана колдонуш керек. Тагыраагы, террордук топтор менен күрөшүү жана улуттук коопсуздукту сактоо менен гана алектенсин».

Айыл чарба, азык-түлүк жана ЕАЭБ

Үчүнчү суроо экономикага, анын ичинде айыл чарбага байланыштуу болду. Анда Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) кошулганы жана Евробиримдик Бишкекке «ВСП+» - Жалпы жеңилдиктер системасын бергенине карабай экспорттук потенциал артпай жатканы кеп болду.

Бул жөнүндө талапкер Бабыржан Төлбаевдин сөзүн берели.

Бабыржан Төлбаев.
Бабыржан Төлбаев.

«Кыргызстан ЕАЭБге киргени жакшы болгон. Бирок жакшы аткаруучулар болбосо бизде эч нерсе алдыга жүрбөйт. Кыргызстандын потенциалы өзгөчө айыл чарбада, мал чарбада чоң. Мисалы, биздин коңшубуз Өзбекстан этти Пакистандан сатып алат экен. Совет маалында Кыргызстандын эт экспорту аябай жогору болгон. Мен президент болсом, ушул Өзбекстандын президенти менен сүйлөшүп, алардан инвестиция алып келмекмин. Жайлоолорубузду максаттуу пайдаланмакмын. Экинчиден, дүйнөдө IT технологиясы өнүктү. Кыргызстан ушул боюнча экспортун жандантсак болот. Жеке мен өзүм ишкер катары, үч IT компаниясын колдогом, алар үч миңдей кишиге жумуш беришти. Мындан сырткары текстил тармагын жандантып, ушул потенциалыбызды пайдалансак болот. Мен Кыргызстандын тарыхында финансылык тармакка эң ири сумма – 100 млн. доллар инвестиция алып келгем. Азыр сырттан дагы көптөгөн ири компаниялар кызыгып, менден көп сурашат. Мен азыркы жагдайды айла жок, ачык айтам. Эгер туура лидер болсо ошол инвесторлор бизге чоң акча салмак».

Башка бир талапкер Курсан Асанов да Төлбаевдин пикирине үндөшкөн кеп куруп, Кыргызстандын Айыл чарба министрлигинин сунушу менен быйыл 19-ноябрда малды сыртка экспорттоого чектөө киргизилгенин айыптады.

Курсан Асанов.
Курсан Асанов.

«Кечээ күндөрү, Нарында шайлоочулар жолугушууга барган учурда ушул маселени көтөрүштү. Элибиз негизинен мал чарбачылыгы менен алектенет, ошондон киреше табат, бирок чет жакка сата албай калды. Жаш айыл чарба министрибиз буга тыюу салып койду. Бүгүнкү күндө эмне болуп жатат? Мал баары бир аткезчилик жол менен сыртка чыгарылып жатат. Биз өзүбүздүн атамекендик ишкерлерди колдоого басым жасашыбыз керек. Ошол эле убакта сырттан келген инвесторлордун укугун коргошубуз керек. Муну үчүн укук коргоо органдарында жана жалпы эле мамлекеттик мекемелерде темирдей тартип керек. Ишкерлерге толук эркиндик берүү керек жана мамлекеттик текшерүүнү азайтуу абзел».

Равшан Жээнбеков да бизнес чөйрөнү текшерүү соңку жылы үч эсе өскөнүн белгилеп, кепти кайрадан эле укук коргоо жана сот органдарын реформалоого алып барып такады. Ал ушул жагдай улана берсе келерки жылы салык кескин кыскарарын эскертти.

Жеңишбек Байгуттиев бул темада да кадр маселесине токтолсо, Улукбек Кочкоров экспортко багытталган ишканаларды колдоону жана Улуттук банктын функциясын өзгөртүүнү демилгеледи. Абдил Сегизбаев бул темада жалпылаштырган сөздөр менен чыкты.

Дебатка түшкөн талапкерлердин төртүнчү темасы азык-түлүк коопсуздугу болду. Мындагы көйгөй өзгөчө быйыл коронавирус пандемиясынын айынан киргизилген чектөөлөр учурунда ачык көрүнгөнү кеп болду. Беттешке чыккандар бул жөнүндөгү өз сунуш-пикирлерин шайлоочуларга жеткиришти.

Аталган темада мурда экономика министри болгон Жеңишбек Байгуттиевдин сөзүн өзүнчө бөлүп берели:

Женишбек Байгуттиев.
Женишбек Байгуттиев.

«Азык-түлүк коопсуздугун сактоо үчүн бизде өнүктүрүү институттары болушу керек. Бул эмне деген? Бул ресурстарды берүүчү институттар. Дүйнө жүзүндө айыл чарбасы кошумча колдоого алынган тармак болуп саналат. Керек болсо бакубат рыноктук экономикасы бар Европада да ошондой. Бизде дагы азык-түлүк коопсуздугу зарыл десек анда айыл чарбасын каржылык жактан колдоп турушубуз кажет. Тилекке каршы бул үчүн атайын адистештирилген «Айыл банкка» окшогон мекемелер милдетин так аткара албай жатат. Алар фермерлерге жеңилдетилген насыяларды берип, жыл сайын түшүмдү камсыз кылууга көмөктөшүүсү керек. Андан кийин өлкөдө жашылча-жемиштерди, азык-түлүктөрдү сактаган кампаларды көбөйтүү керек. Ошондо кайсы бир бөлүктү экспорттоп, калганын өзүбүздө жыл бою сактап кала беребиз. Ошол эле убакта мен жайыттарды эске албаганда биздин жерлерибиздин 6% гана айыл чарбага ылайыктуу экенин айтып коюшум керек. Башкача айтканда биз жердин көлөмүн да көбөйтүүгө, ошол эле убакта түшүмдүүлүктү арттырууга көңүл бурушуз зарыл болот».

Сегизбаевдин чуулуу билдирмеси

Бири-бирине суроо берүү бөлүгүндө да соңку беттештин катышуучулары мамлекеттик башкаруу, экономика, укук коргоо органдарына байланыштуу талаштарга кайрылып жатышты. Анда мындан сырткары билим берүү, коррупция менен күрөшүү, 2020-жылдын 5-6-октябрындагы окуялар сөз болду.

Президенттикке талапкер Абдил Сегизбаев экинчи раундда айрым гана суроолорго жооп берип, убактысын үнөмдөп турду. Соңунда ал бул дебатта жок талапкер Садыр Жапаровго бир нече суроо узатты.

Абдил Сегизбаев.
Абдил Сегизбаев.

«Мен менен дебатка чыгуудан качып жүргөн талапкерге кайрылайын дедим эле. Ар кайсы жерде «Сегизбаев кылмышкер» деп жүрөсүң, менин кылмышым кандай экен, айтчы уялбай, же дебатка бетме-бет келчи. А мен сенин кылмыштарыңды айтып берейин. Максим Бакиев менен Жаныш Бакиев менен эч кандай мамилем жок деп жүрөсүң, мына сүрөттөр. Бул жерде Жаныш Бакиев тоюна эң жакын 100 адамын чакырган, ошонун ичинде сен жүрөсүң. Сен кылмышкерсиңби, же мен кылмышкерминби? Биринчи суроом, 2001-жылы «Ысык-Көл Инвест» банкынан алдың беле, ошону кайра төктүңбү? Экинчиси, ушул банкты бир тууганыңды алып барып басып алдың беле? Ошол банк аркылуу 5 млрд. долларды Максим Бакиевге «жууп» бердиң беле? Үчүнчү суроом, Жыргалаң шахтаны итбекер алып, талкалап, Кытайга сатып, өткөзүп бердиң беле? Төртүнчү суроом, Киев-74 дарегиндеги имаратты мародерлордун колунан 500 миң долларга сатып алдың беле? Алтынчысы, 2009-жылы 30-апрелде Кумтөрдү сатканга демөөрчү, колдоочу болуп жүрдүң беле? 2009-жылы Жетим-Тоону Максим Бакиев менен Кытайга өткөрүп бердиң беле? Эмне үчүн ал жөнүндө унчуккан жоксуң. Максим Бакиев Кыргызстандан 3 млрд. долларды алып чыгып кеткенде Кыргызстандын Коррупция боюнча башкы комиссары болуп туруп эмне үчүн эч нерсе деген эмессиң? Бүгүнкү күндө жарнамаларга миллиондогон долларларды кетирип жатасың? Кимден алдың, Максим Бакиевденби? Мен ушул суроолорго жооп алайын дедим эле. Эгерде эркек болсоң, бетме-бет сүйлөшөлү. Качпаңыз».

Сегизбаев сүйлөп жаткан учурда Садыр Жапаров менен УКМКнын азыркы төрагасы Камчыбек Ташиевдин тойдо түшкөн сүрөттөрүн колуна алып, көрсөтүп жатты. КТРКнын оператору аны ири план (крупный план) менен берди.

Садыр Жапаров шайлоочулар менен жолугушууда.
Садыр Жапаров шайлоочулар менен жолугушууда.

Бирок дебат бүткөндөн кийин таймаштын видеосу телеканалдын YouTube каналында жоголуп кетти. Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары муну Абдил Сегизбаевдин так ушул билдирүүсү менен байланыштырышты.

Садыр Жапаровдун дарегине карата сындар мурдагы дебаттарда да айтылган. Бирок ал буга байланыштуу билдирүү бере элек.

Жапаровдун штабынын өкүлү Канат Тургунбеков Абдил Сегизбаевдин айыптоолорун курулай доомат деп атады.

«Тойго барган деп бир сүрөттү көрсөтүп жатат. Тойдогу андай сүрөттөр ар бир кишиде бар да. Сегизбаевдин өзүнүн деле бир тойдо олтурган сүрөтүн алып чыгып Жаныш Бакиевдин тоюна барган дей берсек боло береби? Калган айыптары суу кечпейт, баары жалган кеп. Ал өзү мурда журналист болуп жүргөн, УКМКны жетектеген, Геббельстин «чем чудовищнее ложь, тем охотнее в неё поверят» деген ыкмасын тандап алган өңдөнөт. Ошентип апыртып айтсам, эл ишенип алат деп ойлоп атса керек. Менден качып жүрөт дейт, Садыр Жапаров кечээ дебаттын графигинде ансыз деле жок болчу да. Бирок кантсе да биз анын деңгээлине түшпөйбүз. Бул өзү жалган жалаа жаап, канча адамды камады. Өзү куугунтук кылып жүрүп, эми башкача болуп чыга калыптыр», - деди Тургунбеков.

Жогоруда айтылгандай, Абдил Сегизбаев 2015-жылдан 2018-жылдын апрелине чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти башкарган. Ошол мезгилде камалган саясатчылардын көпчүлүгү аны бийликтин саясий буйругун аткарган деп айыптап келишет.

Саясатчы Алмамбет Шыкмаматов буларга токтолду:

«Абдил Сегизбаев УКМКнын төрагасы катары оор кылмыштарды жасаган. Ал биринчи кезекте Атамбаевдин саясий оппонентерин, Өмүрбек Текебаевди, Аида Салянованы, мени, өзү чагымчыл аракет менен аралашып, кызматын кыянаттык менен пайдаланып, куугунтукка алган. Президентти, КТРКны, баарын аралаштырып, парламентке чейин келип калп айтып, "Белизгейт” деген операциянын башында турган, башы идеологу өзү. Мен юрист катары айтам, бул оор кылмыш, мунун мөөнөтү жок. Эгерде биз УКМКнын мындан кийинки жетекчилерине сабак болсун десек, Абдил Сегизбаевди ушул иш боюнча жоопко тартышыбыз керек. Эгерде жок, ал бүгүнкү бийликти сындап жатат десек, мыйзамдуулукту ордуна келтире албайбыз. Азыр да калп айтып жатат, мен иштеп жатканда саясий куугунтук болгон эмес деп. Так ошол Сегизбаевдин тушунда саясий куугунтук апогейине жеткен. Андан башка да кылмыштары бар. Анан калп айтып, жалаа жапса эле, ошондон кутулуп кетем деп ойлоп жатабы? Андай болбойт. Сегизбаевдин бардык айткандары жалган жана саясий шоу. Жапаровду сындасам мен оппонент болом, анан мага тийбей калат деп, тактикалык коргонуу жасап жатат. Кезинде, Сооронбай Жээнбеков президент болуп турган учурда мен фракция лидери катары ага кирип, «Абдил Сегизбаевди эмне үчүн жумуштан албайсыз?» деп сурагам. Жээнбеков «Сегизбаев Атамбаедви биринчи күнү эле саткан, ал азыр мага керек» деген. Ошондуктан Абдил Сегизбаев Алмазбек Атамбаевди эң биринчилерден сатканын да билип коёлу», - деди Шыкмаматов.

УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев президенттикке талапкер болуп катталгандан кийин ар кайсы платформаларда, анын ичинде «Азаттыкка» курган маегинде да негизги талапкер деп аталып жаткан Садыр Жапаровду жеке дебатка чакырган. Сегизбаев андагы сөздөрүндө да Жапаровдун дарегине карата кескин айыптоолорду жаңырткан. Экинчи тараптан буга да жооп болгон эмес.

Серепчи Айбек Теңизбаев ушундан улам Сегизбаев дебатта жаңы билдирүүлөрдү алып чыкты деп эсептейт:

Айбек Теңизбаев.
Айбек Теңизбаев.

«Садыр Жапаров Бакиевдин тушунда иштеп, карьера жасаганы баарына эле маалым. Ошол себептүү Абдил Сегизбаевдин сөздөрүндө негиз бардай туюлат. Бул жолу ал тургай Сегизбаев толтура фактыларды келтирип, сүрөттү да жарыялап жатат. Мындайча айтканда «көзүрлөрүн» чыгарды. Албетте, бул билдирүүлөр жана сөз толук тастыктама болуп бербейт, анүчүн эми айыптап жаткан талапкер сөзүнө далил катары башка документтерди чыгарышы керек. Анын сөздөрүн бекемдөөчү нерселер керек. Бул «көзүр» ошондо өзүн актайт. Ал эми Садыр Жапаров дебатка катышып, ушул айыптоолорго түшүндүрмө берип койгону оң. Дебат бул ачык аянтча, мындай ойлор айтылганда ага жооптор да ачык берилишин коомчулук күтөт. Бул жерде «башты кумга тыгып алган», же «биз жооп бербейбиз» деген ыкма туура эмес. Буга кошул-ташыл КТРКнын веб баракчаларынан өчүрүлгөнү терс көрүнүш».

Президенттик шайлоого байланыштуу теледебаттардын биринчи турунун алгачкы беттеши 28-декабрда өткөн. Ага алты талапкер - Канатбек Исаев, Клара Сооронкулова, Адахан Мадумаров, Аймен Касенов, Бактыбек Калмаматов жана Каныбек Иманалиев чыкты.

Экинчи беттеш 29-декабрда өтүп, анда Мыктыбек Арстанбек, Арстанбек Абдылдаев, Имамидин Ташов жана Элдар Абакиров таймашты. Президенттик кызматты талашып жаткан башка саясатчылар Садыр Жапаров менен Рашид Тагаев бул күнкү дебатка келген эмес. Жапаров шайлоочулар менен жолугуп келе албай калганы айтылса, Тагаев кийин жарыштан чыкканын жар салган.

Жарандык активист Урмат Насыкулов соңку беттешке шайлоочу катары баа берди:

Дебаттардын биринчи турунун үчүнчү беттеши.
Дебаттардын биринчи турунун үчүнчү беттеши.

«Биринчи-экинчи дебаттарда кызуу талаш-тартыштар болду. Анткени анда көбүнчө азыркы бийлик башындагыларга оппозиячыл саясатчылар чогулган эле. Соңку дебат анча кызыбай калды. Албетте, мамлекеттик башкаруу, экономика, инвестиция боюнча жакшы сунуштар айтылды. Ал көбүнчө презентация сыяктуу элес берди. Дебаттын аягына келгенде бир аз от алып кетти. Бирок баары бир классикалык дебаттардагыдай, биз күткөндөй кызыл чеке кармаш көрө алган жокпуз. Элге экшн керек да. Балким биздин дебаттардын форматын өзгөртүү да керектир. Себеби бул форматта бири-бири менен дебат кылбай эле, кайым айтышпай, алып баруучулардын суроолоруна экзамендегидей жооп берип жатышат».

30-декабрдагы беттеш менен дебаттын биринчи айлампасы жыйынтыкталды. Экинчи тур 6-7-8-январь күндөрү болот.

9-январь жымжырттык күнү. Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өзү 10-январга белгиленген.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG