Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:20

Беткап үчүн кечирим сураган жаш дарыгер иштен кетүү тууралуу ойлонуп жатканын билдирди


Бектур Апышев.
Бектур Апышев.

Сапатсыз беткап боюнча билдирүүсү үчүн кечирим сураган жаш дарыгер Бектур Апышев жумуштан кетүү тууралуу ойлонуп жатканын билдирди. 25-декабрда ал «Твиттердеги» баракчасына: «Жумуштан кетүү... Кыргызстанда дарыгер болуп иштөө – вариант эмес. Мамлекет сенден баарын талап кылган, ал эми сен эч нерсе ала албаган акыйкатсыз системага аралашып кете албадым. Көп дарыгер мени менен макул го деп ойлойм», деп жазды.

Чүйдүн Ысык-Ата райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда иштеген Бектур Апышев коомчулукка быйыл жазында коронавирус эпидемиясы жаңы башталганда таанылган. Ал «Твиттерде» жетекчилиги берген сапатсыз беткаптын сүрөтүн жарыялаган. Көп өтпөй анын «Твиттер» аккаунту өчүрүлүп, 12-апрелде «жалган айтып койгом» деген видео кайрылуусу тараганы Интернетте кызуу талкуу жараткан.

Бул үчүн жана башка «кечирим суратуулар» үчүн коомчулук Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти (УКМК) айыптаган.

УКМК мындай билдирүүлөрдү «...өзүнө жеңил пиар кылууга аракет»​ деп атаган.

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин кайрылуусуна «алар өз каалоосу менен кечирим сурашкан» деп билдирген.

Укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова кечирим сураган медицина кызматкерлери тууралуу ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жазган. Бирок кайра аны териштирбей эле коюуну суранган жана буга Бектур Апышевди, анын жетекчилерин күч органдары кайра-кайра суракка чакырып жатышканы себеп болгонун «Азаттыкка» билдирген.

Июнда жаш дарыгер негизги ишинен тышкары жардамга муктаждарга онлайн кеңеш берип иштеген. Күндүз жооп берүүгө жетишпей, байланышка түнкүсүн да чыгып турган. Ал «118/103 жооп бербей жатса мага «Ватсапка» жазгыла. Колумдан келген жардамымды берем. Коронавирус жана башка оорулар сиздерден алыс болсун», деп кайрылган. (RK)

XS
SM
MD
LG