Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2021 жума, Бишкек убактысы 21:40

Дебат: Жетим-Тоо, сотторго басым жана эл аралык аброй


Канатбек Исаев, Бактыбек Калмаматов, Клара Сооронкулова, Каныбек Иманалиев, Адахан Мадумаров, Аймен Касенов. (оңдон солго)

Оппозициялык маанайдагы талапкерлер 6-октябрдан кийин келген бийликти, убактылуу кызматын тапшырган Садыр Жапаровдун саясатын кескин сындашты.

Президенттикке жарышкан саясатчылардын КТРКдагы теледебаты 28-декабрда башталып, ага алгачкы алты талапкер - Канатбек Исаев, Клара Сооронкулова, Адахан Мадумаров, Аймен Касенов, Бактыбек Калмаматов жана Каныбек Иманалиев чыгышты.

Коомдук телерадиоберүү корпорациясында телетаймашка чыккан талапкерлердин позициялары дээрлик төп келип, эфир убактысын бири-бири менен талашып-тартышууга эмес, убактылуу кызматын тапшырган өкмөт башчы Садыр Жапаровго сын айтуу үчүн пайдаланышты.

Алар алгач алып баруучунун мамлекеттик башкаруу системасы жөнүндө суроосуна жооп беришти. Талапкер Адахан Мадумаров мамлекеттик башкаруунун кайсы формасы болбосун, бийлик башындагыларды туура тандап алуу элдин колунда экенин билдирди.

«Эл өз бийлигин колуна алмайынча, жетеленме супер президенттик дагы, супер парламенттик башкарууң дагы жардам бербейт. Кеп парламенттик же президенттикте эмес, көсөмдөрүн көтөрө билген эл болсо таразанын эки ташындай тең болот. Кагазды талашпайлы, Конституцияда кеп жок», - деди Мадумаров.


Ал эми “Реформа” партиясынын жетекчиси Клара Сооронкулова Кыргызстанга парламенттик башкаруу керек экенин так айтты.

«Бул жакта башкаруу формасы өтө деле мааниге ээ эмес деп айтылып кетти. Жарандарга эмне керек? Коопсуздук, мыйзамдуулук, адилеттүүлүк. Бирок кийинки муунду ойлойлу да. Парламенттик башкаруу жаштарга, башка саясий күчтөргө, аялдарга, майыптарга, башка улуттун өкүлдөрүнө саясий жарышка чыгууга шарт түзөт», - деди Сооронкулова.

Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын мурдагы мүчөсү, менежер Аймен Касенов жаңы системаны сунуштады.

«Биз чыныгы элдик башкаруу системасына өтүшүбүз керек. Парламенттик болобу, президенттик болобу бул өткөн система болуп эсептелиши керек. Электрондук курултайда башкаруу системасын 120 депутат гана көзөмөлгө албай, телефонуна киргизип койсок бардык жарандар көзөмөл кылат», - деди Касенов.

Мурдагы депутат Бактыбек Калмаматов алдыдагы шайлоодо жарандар алданып, криминал-олигархтык кландарга баш ийген президенттик башкарууну тандап алуу коркунучу бар экенин эскертти.


«Урматтуу шайлоочулар жоопкерчилик силерде. Парламентти, президентти дагы силер тандап жатасыңар. Азыр дагы бир хан көтөргөнү жатасыңар. Дал ошол “Биримдик” менен “Мекеним Кыргызстандын” түбүнө жеткен криминал-олигархтык кландардын президентин тандап бергени жатасыңар. Ошолор акча төлөп, стадионго эл чогултуп, баннерлерди илүүдө», - деди Калмаматов.

Парламент депутаты Каныбек Иманалиев байыркы тарыхка кайрылып, кыргызстандыктарга парламенттик башкаруу туура келет деди.

«Манас атабыз, Бакай, Кошой менен кеңешип чечкен. Тагай бийди кырк уруунун башчылары шайлаган, Барсбек каганды кырк чоро шайлаган. Ошондуктан, Кыргызстандын келечеги бул таза шайлоо, чыныгы парламентаризм жана жоопкерчиликтүү Жогорку Кеңеш», - деди Иманалиев.

Ал эми парламенттин экс-спикери, депутат Канатбек Исаев 2010-жылы токсондон ашуун адам президенттик системаны кулатуу үчүн окко учканын айтып, парламенттик башкаруу системасын өнүктүрүүгө аракет кылуу керектигин белгиледи.

«Азыр талапкерлердин бири президенттик башкарууну жаңылык катары сунуштап жатат. Мен эске салып койсом, 2010-жылга чейин толук кандуу президенттик башкаруу болду. Анын арты тилекке каршы эмне менен бүткөнүн жакшы билебиз», - деди Исаев.

Телетаймаштын алып баруучуларынын сот системасы, инвестиция тартуу боюнча суроолоруна талапкерлердин сунуштары үндөшүп турду.

Талапкерлер бири-бирине кайчы пикир айтпай, тескерисинче колдоп, кошумчалап, көпчүлүк учурда позициялары төп келип жатты.

Маселен, Баткендеги чек ара чырын чечүү боюнча Иманалиев аткезчилик, баңгизат ташуу маселесин көтөрсө, Мадумаров күч органдары контрабанда менен күрөшпөй, оппозициялык талапкерлерди аңдып жатканын айыптады.

Ал эми Исаев чек араны ашар жолу менен болсо дагы тосууну сунуштаса, Сооронкулова ал аймактарда жашагандарга артыкчылык берилиши керек экенин белгиледи. Касенов чек ара аймактарына өндүрүштү көбөйтүүнү, жумуш орундарын түзүүнү сунуштады. Калмаматов чек араларды тактоодо мамлекет башчыларынын саясий эрки жетпей жатканын айтып, Орусияны ыктаган саясатты сындап өттү.

Талапкерлер дебаттын бири-бирине суроо узатуу бөлүгүндө президенттик жарышка катышуу үчүн кызматын тапшырган өкмөт башчы Садыр Жапаровдун саясатын кескин сындашты.

Талапкер Клара Сооронкулова Жапаровдун акталышы боюнча сот чечимдерине токтолду.

«Бир иши боюнча сот актаптыр. Бирок, буга чейин Жогорку соттун айыптап чыгарган өкүмү бар. Жогорку сот даттанууга жатпаган чечимин өзгөртүп, актап жатат. Бул акылга сыйбаган нерсе. Экинчи чечими боюнча, жаңы жагдайлар деп тергөөгө жиберилиптир, ал кыскарып кетиптир. Мыйзамда көрсөтүлгөн эрежелер так сакталышы керек эле. Жогорку кызматка бараткан адам, мыйзамсыз соттолсо да, мыйзамдуу акталышы керек болчу», - деди Сооронкулова.

Талапкер Адахан Мадумаров азыркы бийлик Садыр Жапаровго жан тартып жатканына токтолуп, өзүнүн аймактардагы тарапташтары кысымга кабылып жатканын дагы кайталады.

«Бүгүнкү бийлик админстративдик ресурстарды 100 эмес, 200% колдонуп жатат. Айыл өкмөттөрүн титиреткен, УКМК, ИИМдин бүтүндөй балдары чуркап жүрүшөт. Жапаровду бүтүндөй облус жетекчилери чуркап тосуп жатат. Абийирсиз шайлоо болду», - деди Мадумаров.

Талапкер Канатбек Исаев Садыр Жапаровду Жетим Тоо кени боюнча сындады.

«Негизги талапкерлердин бири айтып жатат мен Жетим Тоону руда түрүндө Кытайга жеткирип, карыздан кутулам дейт. Бул Максимдин (Максим Бакиев-ред) убагындагы долбоор. Аны 2015-жылы эле “Ата Мекен” фракциясынан депутат болгон Алмамбет Шыкмаматов айтып чыккан», - деди Исаев.

Талапкер Бактыбек Калмаматов атайын кызмат менен Жогорку соттун тиреши тууралуу пикирин билдирип, өлкө азыр мыйзам эмес, түшүнүк менен жашап жатат деди.

«Дүйнөдөн бекинип алып, өз билгенибизди кылабыз деген таш доорунда дагы болгон эмес. Токойдон жыйырма маймыл чыгып алып эле мамлекетти башкарып жаткандай болуп жатат. Мен бир эле нерсеге токтолоюн, УКМК Жогорку соттун төрайымына басым көрсөтүүдө», - деди Калмаматов.

Талапкер Каныбек Иманалиев Кыргызстандын эл аралык коомчулукта кадыр-баркы түшүп кеткенин, өлкө ичинде мыйзамдардын сакталбай жатканына байланыштырды.

«7-октябрдан баштап укуктук талаадан чыгып кеттик. Ошондон бери инвестордун баары кетти, бир дагы өлкө бизге визит менен келген жок. Мыйзамдуулукту сактоо боюнча акыркы үч айда Африка өлкөлөрүнө теңелип калдык», - деди Иманалиев.


Талапкер Аймен Касенов 2021-жыл дүйнөдө экономикалык каатчылык, азык-түлүк тартыштыгы болорун эске салып, саясий тирешти токтотуп, абалды жакшыртуу үчүн биригүүгө чакырды.

«Саясат менен алектенип, элдин көйгөйү менен эч кимдин иши жок. 2021-жылы азык-түлүк тартыштыгы болот. Менин айтарым, ынтымакка келип, элдин тиричилигин чечип алсак», - деди Касенов.

28-декабрда өткөн телетаймашка катышкан талапкерлердин сынына Садыр Жапаровдун штабынын өкүлү Канат Тургунбеков мындайча жооп берди.

«Бизге сын айткандарды, жамандагандарга эч кандай комментарий берген жокпуз. Реакция кылган жокпуз. Кудайга койдук. Эл таразалап чечсин. Жок нерсеге жооп берип, актанып ал деңгээлге түшпөйбүз»,- деди Тургунбеков.

Ал эми саясат талдоочу Алмаз Акматалиев коомдук телеканалда эч кандай цензура жок, бардык тараптардын пикирине орун берилгенине көңүл бурду. Акматалиев кайсы бир талапкердин дарегине жөндүү да, жөнсүз да сындар болду деген пикирде.

«Биринчиден, дебаттардын маданияты калыптанып бараткандай. Азыр биздин шарт менен алганда бул жакшы. Сын пикир болуп туруш керек. Эл сынды электен өткөрөт. Алардын жүйөлүүсү бар, жүйөсүз айтылгандар да болду. Дебаттын табияты ошондой болот», - деди Акматалиев.

Президенттикке талапкерлердин дебаты үчүн КТРКдан эки жарым сааттык бекер убакыт берилет. Калган 12 талапкер 29-30-декабрь күндөрү КТРКдагы дебатка катышат. Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо 10-январда өтөт. 18 талапкер 15-декабрдан бери үгүт иштерин жүргүзүп жатат.

Дебат: талапкерлердин сыны
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:31 0:00

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Пикирлерди көрүңүз (37)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG