Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:18

ОшТВ менен куудулдардын тиреши


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Белгилүү куудулдар Рахман Разыков менен Абдылда Иманкулов Ош шаарында өтүүчү концертинин жарнамасын ОшТВ телеканалы эфирге бербей койгонун айтып чыгышты. 

Куудул Рахман Разыков Ош шаарында өтүүчү «Оңолмок элек биз качан, ордодо турса үч пахан?» аттуу концертинин жарнамасын ОшТВ телеканалы эфирден бербей койгонун айтып жатат. Ал муну «саясий кысым» деп кабыл алган.

Рахман Разыков.
Рахман Разыков.

«Биз бардык бийликтин учурунда аларды сындап келгенбиз. Сын эч кимге жакпайт. Бирок мынчалык болгон эмес. Азыр президент жок, шайлоо боло элек. Алмазбек Атамбаев камчысын чаап турганда «Атамбаев кеткен жок», Сооронбай Жээнбековдун учурунда «Чык эшикке» деген концерттерди койгонбуз. Эч нерсе болгон эмес. Азыркы бийлик эч ким президент болуп шайлана электе алардын буйругу менен административдик ресурсту колдонуу жолу менен концертти эфирге чыгарбоого аракет кылып жатат».

Разыковдун айтымында, телеканалдын жетекчилиги концерттин темасына теригип, ал жерде «"пахан" деген сөз болгону үчүн эфирге бере албайбыз» деп жүйө келтирген.

«"Эмне үчүн "Үч пахан" деген сөздү айтып жатасыңар, биз муну эфирден бере албайбыз" деп айтты ОшТВнын директору. «Эмнеге?» деп сурасам, «жөн эле» дейт. «"Үч пахан" деген сөздү алып салгыла» дейт, кантип алып салабыз? Ал кимге тоскоолдук кылып жатат? Айтылып эле жүргөн сөз" десем көнгөн жок. Ушинтип тоскоолдук кылып, жарнаманы кетирбей кармап турушат».

Куудулдар кысымга кабылдыбы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:37 0:00

ОшТВ телеканалынын жетекчиси Керимбек Калыгулов Разыковдун айткандарын четке кагып, алардын ортосунда концерттин темасы жөнүндө сөз болбогонун айтты.

Ал жарнама куудулдар менен алар каалаган убакытка эфирге коюуну келише албаганы үчүн берилбегенин билдирди.

Керимбек Калыгулов.
Керимбек Калыгулов.

«Эч кандай саясий жүйөсү, саясий негизи жок. Алар каалаган убакыттар азыр бош эмес. Жарнама жөнүндө мыйзам боюнча көрсөтүлгөн мөөнөттөн ашпашыбыз керек. Анын үстүнө президенттик шайлоо жүрүп жаткандыктан, убакыттарды алдын-ала ээлеп койгон талапкерлер бар. «Сиз айтып жаткан убакыттар бош эмес. Бирок башка убакыттар бар. Келип, келишим түзүп акчасын төлөгөндөн кийин чыгат» деп айтканбыз. Бирок ал киши келип, келишим түзгөн жок».

Куудулдар менен ОшТВнын ортосунда расмий келишим болгон эмес. Концерт уюштуруучуларынын айтымында, буга чейин жарнамаларын оозеки келишим менен жарыялап жүрүшкөн.

ОшТВ телеканалынын жетекчилиги куудулдар жарнама берүүгө бош убакытты тандап, келишим түзүп кетсе, эфирге берүүгө даяр экендигин айтып жатат.

Рахман Разыков, Абдылда Иманкулов, Нарынбек Молдобаевдин «Оңолмок элек биз качан, ордодо турса үч пахан» аттуу концерти Оштогу Бабур театрында 1-январдан 5-январга чейин пландалган. Бул коронавирус пандемиясы учурунда уюштурулуп жаткан алгачкы концерт.

"РухЭш" сайтынын негиздөөчүсү, акын, жазуучу Олжобай Шакир муну авторитардык режимдин эпкини катары баалады:

Олжобай Шакир.
Олжобай Шакир.

«Бийликтин жогорку эшелонундагы кишилердин лексиконун угуп эле атпайбызбы. Анан кылдан кыйкым издеп, мамлекеттик телеканалдар аркылуу куудулдардын чыгармачылыгына куйкасы курушуп жатканы - коңгуроо. Бийликтин басымы астында мамлекеттик телеканалдар өнөр адамдарына сөз эркиндигин, ой эркиндигин жайылта турган күчтөргө кыр көрсөтүүнүн өзү бул азыркы бийликке келгендердин дымагы. Бул авторитардык бийликке кадам койгону».

Ошол эле учурда Олжобай Шакир чыгармачыл кишилер кайсы бир бийликке бир жактуу болуп кеткен учурлар да кездешерин эске салды:

«Интеллектуалдык юмор менен саясатчыларды мууздап турса сонун болмок. Бирок андай болбой, кээде ошол юмор да жеке бир топтун кызыкчылыгын, мүдөөсүн көздөгөн программа болуп калып жатпайбы».

«Түз» айтылган кыргызча юмор

Оштогу Рыспай Абдыкадыров атындагы филармониянын жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасова «Азаттыкка» буларды билдирди:

Гүлшайыр Садыбакасова.
Гүлшайыр Садыбакасова.

«Коомубуздагы терс иштерди, терс мамилелерди, жаштарга туура эмес жол көрсөтө турган ар кандай иш-чараларды көркөмдөп көрсөтүп, элге алып чыгуу - алардын милдети. Биздин куудулдар ачуу чындыкты ого бетер ачуу кылып көрсөткөнгө аракеттенишет. Кээде маданияттуу түрдө көрсөтүлбөй калган учурлар да болот, аны да моюнга алышыбыз керек. Биздикилер кыргызча эле түз айтып коюп, тилдин азабын тартып жүрүшөт. Болбосо кемчиликтерди айтып чыкканы туура».

Маданият министрлигинин өкүлдөрү бул окуяга байланыштуу комментарий берген жок. Эфирге чыгуу-чыкпасы талаш болуп жаткан жарнаманы азыр Оштогу «Ынтымак» телеканалы көрсөтүүдө.

XS
SM
MD
LG