Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 25-февраль, 2020 Бишкек убактысы 08:59

Келдибек Ниязов: «Ой менен калчу күлкү жок»


Куудул Келдибек Ниязов. Сүрөт ырчы Сыймык Бейшекеевдин «Фейсбук» барагынан алынды.

Кыргыз эл артисти Келдибек Ниязов куудулдук өнөрдүн ысыгына күйүп, суугуна тоңуп жарым кылымга жакын угармандардын жарпын жазып келатат.

«Азаттыктын» студиясында ал өмүрүн арнаган өнөрдүн учурдагы маселелери жайында кеп кылды.

«Азаттык»: - Мына, эки жылдан ашуун кыргыз аңгемеси тууралуу кеп кылып келатабыз. Сиз оозеки аңгеменин чеберисиз. Ушул өнөргө мамилеңизден кепти баштасак.

К. Ниязов: - Менин аңгемелерим - сатиралык, күлкү, юмор аралашкан чыгармалар. Шайлообек Дүйшеев Филармонияда тогуз жыл адабий бөлүмдүн башчысы болуп иштеген. Залкар аксакалдардын көбүн көрүп калды. Асанкул Шаршенов экөөбүз менен көп иштешти. Текстти келиштире жазып берет, биз чыгарабыз, өзүбүз да кошобуз. Анан мага: «Айта эле бербей жазчы, оозеки айтпай жазыш керек», - дейт. Менин болсо мойнум жар бербейт. Анан Баратбай Аракеев «Агымда» иштейт, ал күндө какшайт: «Эртең мен ушул жолдон өтөм, жанагы айткандарыңды жазып мага бересиң!» - деп. Бир-эки жолу берген жокмун, анан жазып бердим. Жазгандарым гезиттин саны сайын чыга баштап, кызыгуум артпадыбы. Калемди колго алып ошондон бери жазып келатам. «Жер жарылса акындын жүрөгү аркылуу өтөт» деген учкул сөз бар го? Жер минтип талкаланып, булганып атса анын баары куудулдун көзү аркылуу өтөт экен. Айланып келип эле аңгеме сыяктанган күлкүлүү бир окуя пайда болуп калат. Жаза салам, гезиттегилер тынбай телефон чалып турушат: «Келдибек байке, даяр бирдемеңиз барбы?» дешет. Жиберип коёсуң, чыгып калат. Ошол.

«Азаттык»: - Аңгеме, андан да юмордук чыгарма жазыш аябай кыйын. Юмордук чыгармаларды жазган авторлор беш манжа менен саналат. Мунун себеби эмнеге байланыштуу?

К. Ниязов: - Себеби деп калдың, муну кененирээк айтып берейин. Таласта жүрөбүз. Өмүрбек Бабановдун атасы Токтогул Бабанов «Россия» колхозунун башкармасы болчу. Миллионер колхоз. Азыр Кара-Буура району болуп калды, мурда Киров району эле. Ал кезде Таластын борборунда мейманкана жок. Ал кишинин мейманканасы, бильярды, мончосу – баары бар. Эстебес Турсуналиев менен башкарма жакшы болчу, гастролдоп барганда ошол жерде жатчубуз. Тегерек-четке концерт коёбуз. Анан бир күнү кечинде келсек эле башкарма бизди күтүп туруптур. Тууралжын, жапалдаш бойлуу, бирок шамдагай киши эле. «Ой, Эстеке, укмуш болуп атат». «Эмне болуп атат, кокуй?» «Быйыл Чыкемдин 50 жылдыгы эмеспи. Анан ошого таанышып кетейин деп келген экен. Малчыларга сыйлыгым бар эле, ошону эртең тапшырайын деп Чыкемди болбой алып калдым. Силерди жүрөт десем кичине муюду» деп калды. «Андай болсо мен деле жарым саат концерт көрүп кетейинчи, сагындым», дептир. «Ким-ким бар» дегенде баарыңарды айтсам, «ой, анда абдан сонун болгон турбайбы» деп калып калганын айтты.

Секиде боз үй тигилип, малчылардын майрамы башталып калды. Аңгыча ак «Волга» келип токтоп, алдынан Чыңгыз Айтматов, артынан мурунку эки баласынын бири Аскарыбы, Санжарыбы билбейм, ошонун бирөөсү чыкты. Ал кезде «жинсы» дегендин атын угуп кие элек кез. Көк шымчан экен. Мулжуңдап анысы «жүр, чогуу бас» десе болбой койду окшойт. Анысы орус шоопуру менен машинеде калды. Келип баарыбыз менен учурашты. Биз да сүйүнүп отурабыз. Чоң жазуучуга кол бердик. Чыгармасын окуп чоңойгон жаным мындай бет келди көрө элек болчумун. Ошондо көрдүм, малчыларга сыйлык тапшырышты. Кичинесинен ошол жерде иштеп Чыңгыз ага аксакалдарды бүт тааныйт экен. Баары эле кучакташып көрүшүп атышат. Сыйлык тапшырылгандан кийин концертти баштадык. Шашпай эки сааттык концертти көрдү. Асанкул Шаршенов экөөбүз ойногондо аябай каткырып күлүп отурду. Концерттен кийин тамакка кирдик. Боз үйдөгүлөрдү кыдырып келип, бизге киргенде минтип айтты: «Ой, бүгүн черим ушундай жазылды. Ай, укмуш, укмуш». Анан Шаршенов экөөбүзгө кайрылып: «Мобуреки сатира - эң татаал жанр. Жөн эле мактанып атабыз, эч кимдин колунан келе бербейт. Мисалы, мен деле күлкүлүү бир окуя жазайын деп ойлойм, анан жазам» деп каткырып күлдү. «Эртеси окуп алып кайра тытам. Чет мамлекетте жүргөндө күлкүлүү окуяларды көп эстеп калам. Кыргызстанга келгенде күлкү жагын дагы оңдосом өөрчүп кетеби десем, келгиче эле жоготуп алам. Анан бир-экөөнө айтсам, күлмөк турсун мостоюп карап: «Чыңгыз эмне, айнып баратабы» деп карап калышат» дейт. «Ой, кой, токтоттум. Бул аябай татаал жанр, баарыбыздын эле колубуздан келбейт. Муну жараткан деле өлчөп берет, мына байкасаң», деп атпайбы кайран киши. «Бир агымда Жоошбай калган, бир агымда Куйручук калган. Бир агымда Бекназар, бир агымда Шаршен. Анан мына Асаке» деди. Көрсө Асанкул Шаршенов ал кишиден бир жаш улуу экен. «Аркасынан мына инимди алып алыптыр, абдан жакшы. Менин быйылкы 50 жылдык концертиме, айланайын атың ким? – Келдибек. - Келдибек, сен алып барасың!» деди.

«Алып барасың» дегенде эле жүрөгүм түшүп калды, Кудай урбадыбы. Андай кишинин 50 жылдыгына актан каралар көп келет да. Мен далдырап эмнени айтам? Анан «жанагы Шаршенов экөөң ойногон интермедияны коштурам» деди. Айткандай эле азыркы «Туңгуч» театры турган имарат кышкы филармония болчу. Ошол жерде концерти өттү, мен алып баруучу болдум. Баягы интермедияны да ойнодук. Ал кезде азыркыдай кулагына тагып алып которуп бермей жок. Өзү жыргап күлүп отурат. Каранын баары карап отурат, «эмне болду экен» деп. Анан үч-төрт тилмеч таптык, «азыр тамакка барганда которуп беришет» деди. Кийин жолуккан сайын далымдан таптап, мен текшерүүчүнү, Шаршенов болсо кампа башчысын ойногон, бир сөзүбүздү кайра-кайра айтчу. Интермедияда кирпичти жешет да. «Мейли эми, кирпичти го жепсиңер, цементти кантип жедиңер?» дегенде Шаршенов: «Цементти болсо кирпичке шыбап жеп аттык» дейт. Ушу сөздү Чыңгыз Айтматов унутпай дайыма айтып жүрдү.

Бу куудулдук өнөрдү, күлкү жаатын деле өлчөп берет окшойт. Мына, кудайга шүгүр, манасчыларыбыз бар, төкмөлөрүбүз бар, ырчылар болсо сан жеткис, ошол улуу киши айткандай болуп, ар бир агымда бирден эле куудулдун изи калган. Бул деле бир жараткандын шыбагасы, жөн эле сүйлөй бербейсиң. Кээде бир эргип кеткенде укмуш сөздөр чыгып, угуп аткандар кыраан-каткы болуп жыргашат. Эртеси аны эстейин десең эсиңе келбей калат, «кечээ дөөдүрөп атып эмнени айтып, элдин боорун эздим» дейсиң. Ушул.

«Азаттык»: - Келдибек ага, куудулдун мыкты куйкум сөзү оозеки айтканда сонун угулат. Текстке айланып, кагазга түшкөндө мурдагы жандуу касиетин кыйла жоготуп коёт. «Ушуга кантип күлдү экен» дейсиң, мунун себеби эмнеде?

К. Ниязов: - Себеби оозеки кеп кагазга түшкөндө анча келбей калат. Биз деле баамдап жүрөбүз. Асанкул Шаршенов экөөбүз «Чолпошка» деген интермедия ойногонбуз. Мадиева да бар. Ал экөө атам менен апам, мен - Чолпошка, кызы. Иши кылып, эң аягында кара бала төрөп келем. Бүт улутка тийип чыгам. Азыр эрте ойноп алыппыз деп өкүнөм. Ошол интермедиянын текстин эки-үч жолу жаратпай коюшкан. «Мунун эмнесине эл күлөт?» деп. Сахнага алып чыккандан кийин ошол Чолпошка ал кездеги интермедиянын алдыңкысы болбодубу. Карабайсыңбы, бул кыймыл-аракет менен күчтүү болот экен. Сахнада тексттен да чыгып кетесиң, сонун сөздөр пайда болуп калат. Айырмасы эле ушул. Куудул деген эмне? Төкмө, мына төгүп атат. Комузчу комузун чертип, ооз комузчу ойду козгоп, манасчы күпүлдөтүп «Манас» айтып атат.

1969-жылы залкарларга аралашып калдым. Ошолордон сурадым, «бу куудул деген сөз эмнени түшүндүрөт» деп. Шаршенов: «Ой, атаңдын оозун урайын, муну деле ойлобопмун, куу-дул» деп койду. Залкарлардын баары бар, Ашыралы Айталиев, Эстебес Турсуналиев, Токтосун Тыныбеков, Тууганбай Абдиев, Уркаш Мамбеталиев, аялдардан Бурулча Какишева, дагы башкалар жооп бербей отуруп калышты. Токтосун Тыныбеков: «Калык атам айтчу эле, азыр эсиме түшүп атат. Бул эки сөздөн куралган нерсе куу дулдул» деп калды. Куусу айлакердиги, куулугу, маселен, Куйручук атанын өнөрү. Дулдул аябай көтөрүмдүү. Ушуну элге айтып атам. Жаш куудулдар журналисттер суроо берсе такалып калып атышпайбы.

Ушул жерден бир окуяны айта кетейин. Филармониянын алдында топтолуп турабыз. Ал кезде ошол жерде тамаша айтып бир каткырып алып ишке кирчүбүз. Эшик алдында көрк болор эле, эми ал азыр жок. Турсак эле Саякбайдын эстелиги жактан кайкайып басып Шаршенов келатат. Жаныбызда Тууганбай Абдиев турган, ал киши тамашага жакын болчу. «Э-эй, Асаш келатат, Асашты бир сынап көрөлүчү», - десе бирөө: «Эмне деп сынайсың?» - деп калды. Тууганбай Абдиев: «Азыр эле сынайм мен аны. «Сени Чыңгыз Айтматов Америкага алып кетет экен, уктуңбу?» - деп көрөлү, эмне деп жооп берет экен», - деп калды. Баары баш ийкеп калышты, мен четтерээк тургам, Асакеме эч нерсе айта албай калдым. Ал киши калбаат басып, баарыбыз менен учурашып: «Ой, кирелиби, эмне болду?» дегенде эле Тууганбай Абдиев: «Киргенди кой, бул жерде «Чыңгыз Айтматов Асанкул Шаршеновду Америкага алып кетет» деген уу-дуу сөз болуп атат. Өзүң уктуңбу?» - десе, жарданган он-он беш кишини карап: «Уктум,- деди. – Эртең менен угуп, «Кудай урду, атаңдын оозун урайын, туура эмес болуп калса элге шерменде болбой, өз оозунан угайынчы» деп эртең менен эрте капталдай басып Чыңгызга Дом киного бардым. Барсам Чыңгыз чоң кызматтагы эки-үчөө менен турган экен, мага эмне шам, шаңыраңдап барып эле учурашып: «Ой, Чыке, сиз мени Америкага алып кетет экенсиз деген сөз чыгып, ызы-чуу болуп атат. Оозуңуздан угуп алып Филармонияга барайын деп эле келдим», десем мени ормоюп карап туруп: «Ооба, ошондой сөз бар, бери келчи», деди. Ары жетелеп барып: «Эй, сени Америкага алып барып эмне кылам, ашка-жүк, башка жүк болуп менин жанымда эле жүрө бересиңби же тил билбесең. Андан көрө кыргызыңды күлдүрүп, буякта эле жүрө берчи, макулбу?» деди. Баш ийкеп атам», - дейт. «Тигилер карап турушат. Анан бурулганда Чыңгыз далымы таптап минтти дейт: «Асаке, түшүнүштүк ээ, анда жанагы мен айткандарды даярдаңыз да, аркы дем алыш күнү түнкү рейс менен учуп кетебиз», - деди. Ошояктан келатам», - десе беркилер ишенип карап калышпадыбы. Карабайсызбы, заматта сөз таап кутулуп атпайбы. Далдырап калабы десек алеки заматта тапканы ушул.

«Азаттык»: - Сиз классикалык өкүлдөр, залкар таланттар менен чогуу иштешип калдыңыз, насиптеш, табакташ болдуңуз. Азыркы жаңы муун куудулдардын чыгармаларын угасызбы, келип көрөсүзбү?

К. Ниязов: - Көрөм, угам, негедир көңүлгө да толбой калат. Ачык айтайын, азыр жазып бергендер жоголду. Жакшы режиссёр жок, драмалык режиссёрлор коюп жатышат. Күлкү өнөрүнүн өзүнүн режиссёру бар. Мен шакирттериме айтып атам, алардын деле уккандай түр көрсөтүшкөнү менен ою бөлөк. Илгери биз бирөө күлкүлүү сөз айтса жантыгыбыздан жата калып укчу элек. Азыр андай жок. Тигинден-мындан, базардан чогултканын, киндиктен төмөн жагын айтса эле баары кыраан-каткы күлүп атпайбы. Ой менен калчу күлкү жок. Жазган да, койгон да режиссёр жок, күлкүнү түшүнбөй жатышат. Режиссёр менен иштешип жоголуп кеткен «Мыскыл жана тамашаны» кайтарып келдик. Ырчылар кошулган жок. Экинчисин дагы жакшы өткөрөлү деп жатабыз. Кайрыса болот, чоңдорго да айтып атам: «Асмандагы куш жем үчүн жерге түшүп калган заман. Рахматты чөнтөгүңө сала албайсың. Ошондуктан жазгандарга жанагы калем акы жагын ойлонуштурсаңар, баарыңар эле жок дей бербей» деп. Калем акы төлөнсө жазчусу, койчусу да табылат. Бекеринен кыргыз «Күлкү – ден соолуктун мүлкү» деп айткан эмес. Жумгалда Куйручук атаны көрүп калгандардан уктум, канаттуунун баарын туурачу дейт. Карышкырдай улуп ийчү, кишини бир көрүп эле өзүндөй туурап койчу дешкен. Тууроочулук өнөр ошондон келип атпайбы. Аны изилдеп, жайылтып, «ушул өнөр бизден чыккан» деп айткан бирөө жок.

Куйручук бир бай менен башка жакка кетип, анан өзү келатып ошол байдын үнү менен: «Ой, кемпир, чарчадым, тамак-ашыңды даярдай бер» дейт экен. Чалынын үнүн уккан байбичеси аш-тамагын белендеп отурса Куйручук келип атпайбы. «Бай кайда?» десе, «ал бир жакка бастырып кетти, мага «кирип тамак иче бер» деп кетти, келет», - дейт. Байдын тамагын ичип кете берет. Куйручук олуя киши болгон. 1941-жылы 1-майда каза болуп атпайбы. 1939-жылы согуштун болорун айтыптыр. Жумгалдын аксакалдары айтышкан, батышты карап эле отура берчү экен. «Батышта от күйүп атат, биздин эр-азаматтардын көбү кетип, кайтпай калат экен, атаңгөрү. Көбү келет экен, аягы жакшы болуп жеңиш менен бүтөт экен», деп отурчу дешет.

«Азаттык»: - Келдибек ага, чоң ырахмат,өнөрүңүз арта берсин!

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Пикирлерди көрүңүз (9)

XS
SM
MD
LG