Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:37

Куудулдар партиясы


“Фабула” гезити Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, белгилүү куудул Келдибек Ниязовдун макаласын басты. Ал парламентке куудулдардын партиясы келиши керектигин айтты.

“Кыргыз туусу” гезити президент Алмазбек Атамбаевдин мындан 4 жыл мурда түштүктө болуп өткөн каргашалуу окуяга байланыштуу жалпы эл-журтка кайрылуусун басты. Гезиттин өз кабарчысы Күмөндөр Усуптегиндин “Нарында энергетика менен кошо өнөр жайы да өнүгөт” деген макаласы бар. Көлдүк кабарчы Жээнбай Түрк Көлдөгү туризм тууралуу жазды. Журналист Мырзакат Тыналиевдин макаласы “Сот көчө менен жолдун айырмасын билбейби?” деген ат менен жарык көрдү. Экономист Айылчы Сарыбаев өлкөгө жаңы экономикалык көз караштагы адистер керектигин айтып маек курду. Таланттуу композитор Сталбек Бактыгуловдун чыгармачылыгы жөнүндө окумуштуу Жусуп Пиримбаев кеп салды.

“Алиби” гезити жаңы санын журналист Дайырбек Меймановдун “Кыргызстандын хаостон башы чыгабы?” деген макаласы менен ачты.

“Фабула” гезити жаңы санын “Элдик поэзиядан” деген рубриканын алдында “Кара жолдо” деген ырды жарыялады. Акыркы эки куплетин окуй кетсек, угармандарга түшүнүктүү болот деп ойлойбуз. Аталган ыр:

Ээй, бири кетип бийликтен,
Бири өлгөнчө бийлеңиз.
Ахматбектин акчасы
Түгөнгүчө бийлеңиз

Иш кылалбайт кылдай да,
Иттик кылып бул кайра.
Азимбекке эмне жок.
Кудай берди мындайда”
деген саптар менен аяктайт.

Журналист Баратбай Аракеев макаласында өлкө биримдиги жөнүндө сөз кылды.

Журналист Бермет Букашева интервью берип, журналистикага кайтып келейин деген ою жоктугун, жакында саясый-публицистикалык роман жазып, анысы жарык көргөнүн, китептеги окуянын өзөгүн "Бакиевдин доору" түзөрүн, эми аны орус тилинен кыргыз тилине Швейцарияда жашап жүргөн журналист Турат Бектенов которгону жатканын, өзү болсо АКШнын орустар жашаган районунда англис тилинен сабак берерин, уулун адам кылсам деп Америкада жүргөнүн, уулу кыргызча тургай орусча билбей, англисче окуп америкалык болуп калганын, буюрса Бишкекке келип, Мекенинде жашарын, азыр Кыргызстанга келип Суусамыр жайлоосунда кымыз ичип эс алып жүргөнүн айтты.

Бермет Букашева ошону менен бирге АКШнын Чикаго шаарында таксисттердин көбү кыргыздар экенин, тыңып кеткендери да барын, кыргыздардын “Народный” деген дүкөнү ачылганын, “Ават” деген кафеси барын, анткен менен Америкада да жумушсуздук болуп, каатчылыктан калк кыйналып жатканын баяндады.

Айбек Шамшыкеев макаласында Бишкек эркин экономикалык аймагындагы аткарылган иштерди жазып чыкты.

“Эл ырчысы сахнада 25 жыл” деген ат менен таланттуу ырчы Кенже Кубатова тууралуу макала жарык көрдү. Кубатованын үнү атактуу Мыскал Өмүрканованын үнү менен үндөштүгүн, Кенженин концерти дал ошол Мыскалдын 100 жылдык мааракесине арналып өткөрүлсө дагы маданият министри басып келип койбогонун, Мыскал үндүү Кенже Кубатовага эбак эле “Эмгек сиңирген артист” деген наамды берип койсо жакшы болмоктугун жазды.

Ушул эл “Фабула” гезитине куудул Келдибек Ниязовдун “Куудулдарга кайрылуусу” жарык көрдү. Келдибек алдыдагы шайлоого карата “Куудулдар партиясын” түзүүнү сунуштап, парламентке куудулдар келиши керектигин, алар азыркы депутаттардай ичип-жебестигин айтты. Мыйзамдарды Жогорку Кеңешти күлдүрүп атып эле алып коерун, бийликке куудалдар келбесе болбой калганын айтып кайрылуу кат жолдоду.

Публицист Меңдибек Асылбеков ой толгоосун ”Алдыбыздан карп-күрп чыкчу мезгил бар” деген ат менен тартуулады.
XS
SM
MD
LG