Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 01:42

2018: сатирага жем болгон саясат


Куудулдар Санжар Бердибеков, Тынар Курбаналиев, Рахман Разыков, Ильяс Иманалиев, Абдылда Иманкулов. Саясий интермедияларды аткаруу учуру, 2018-жыл.

Ошентип 2018-жыл саясий шакабалар менен азилдерге бай жыл болду деп айтсак жарашчудай. Бул жылы Кыргызстандын бүйүр кызыткан саясий турмушу куудулдар менен сатириктердин, пародисттер менен шайыр тапкычтардын башкы темаларына айланды.

Кудалар, кадрлар, "Белизгейт", ротация, гимн, корвалол өңдүү темалардагы тамашалар менен шакабалар сахналарда жаңырып, телеберүүлөр, социалдык тармактар аркылуу коомчулукка кеңири тарады. "Азаттык" жыл ичинде жаралган саясий тамашалар менен шакабаларды топтоп чыкты.

Кудалар, "Белизгейт", Шадиев...

2018-жылы саясий сатирада жылдызы жангандардын сап башында куудул, пародист Элмурат Миталипов болду десек ашыктык кылбас. Ал бул жылы өнөктөшү Байсалбек Кадыралиев менен калың журтка бир топ таасирдүү саясий пародияларды тартуулады.

Чыгармалардын темалары да дээрлик актуалдуу тандалган десек болот. Маселен ырчы Съездбек Искеналиевдин “Мына минтип” деген ырына салынган “Мына шумдук” пародиясын алалы. Мында бюджет тартыштыгы, Кытайга мамлекеттик карыздын көбөйгөнү, парламент депутаттарынын кошоматтыгы, “корвалол” чыры жана министрлердин саякаты сатирага айландырылган. Авторлор бул ырда Бишкек жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоодогу коррупциялык иштерди да кыйгап өтүшкөн эмес. Жеңил клип аркылуу авторлор аткаминерлердин образын элге тартуулаган.

Чыгарманын жаралуу тарыхын пародист Элмурат Миталипов өзү мындайча түшүндүрдү:

- Бул ыр өтө тез убакытта жазылып, тартылып калды. Байсалбек досум бир жолу мага жай ырга пародия жазып сунуштап калды. Мен жай ырды ырдай албайм деп, “Мына минтип” деген ырга жазып көрбөйсүңбү деп сунуштадым. Анан ал 20 мүнөттө эле пародиясын жазып, жөнөтүп жибериптир. Тексти аябай жакты. Кыргызстандагы болуп жаткан окуялар, саясий көйгөйлөрдү толугу менен камтыптыр. Ырдын музыкасын таап, дароо жаздырдык. Клибин да чукул арада тартып чыктык. Ошол замат социалдык тармактарга, "Ютубга" жайгаштырсак эле күйөрмандар жакшы кабылдашты. Элге жакты. Ошентип биринчисин тартып чыгарып, кийин башка пародияларга өттүк.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда башталган “Белизгейт” чыры 2018-жылы кайрадан козголгонунан кабарыңыз бар. Улуттук коопсуздук комитети “Ата Мекен” партиясынын депутаттарына байланыштуу бул иште “Белиз өлкөсүнөн келди деген документтер табылбаганын” жарыялап, атайын кызматтын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев болсо “андагы фактылар такталбай калганын” айтып чыкканын да билесиз. Мына ушунун өзү да биздин каармандарыбыздын бир пародиясына тема болуп берди.

Куудул Элмурат Миталипов менен журналист Байсалбек Кадыралиевдин чыгармачыл альянсынан жаралган “Кудалар” пародиясы да 2018-жылы кызуу пикирлер менен коштолду.

Кадимки тойдо аткарылчу бул ырдын тамашалуу версиясы түздөн-түз эле бийликтеги кудаларды бутага алганы көрүнүп турат. Анткени 2018-жылы президент Сооронбай Жээнбековдун Жогорку Кеңештеги кудасы Алиярбек Абжалиев жана башка кудаларынын тегерегиндеги талкуулар көп эле болду. Кудалар ар кайсы кызматтарга келип-кетип, дайындалганы чуу жаратып турду. Ал тургай бул жааттагы кептерди президент Жээнбеков өзү бир нече жолу төгүнгө чыгарууга үлгүрдү.

Пародиялардын текстинин автору Байсалбек Кадыралиевди угалы:

- Мен сатирик эмесмин. Болгону эл арасында көп талкууланып жаткан саясий көрүнүштөрдү тамаша менен жазууга аракет кылдым. “Кудалар” пародиясына токтолсок бул чынында коомчулукта талкууланып жатат, азыр деле талкууда. Мамлекеттеги майлуу-сүттүн орундарды бийлик башындагылардын кудалары ээлеп алды деген сөздөр бар. Эл оозунда, Интернетте да кеп болуп жатканын баары билет. “Мына шумдук”, “Белизгейт” пародияларында да актуалдуу темаларды бердик. Пародиялар конкреттүү бир адамдын аброюна шек келтирген жок, анда жалпылап берилди. Ошентсе да пародиялар көп көрүлүп, элге сиңип, жакканы бул анда айтылган маселер чын экенин кабар берип турат. Эми азыр Кыргызстанда баары эле сынчы болуп кетпедиби, кээде аша чаап кеткендер бар. Ал эми пародия ошол эле сынды жөнөкөй, тамаша аралаш, жеңил жеткирет деп эсептейм.

Миталипов менен Кадыралиевдин “Чиновник кайдасың?” же “Шадиев кайдасың?” пародиясы да артта калган жылдын эң ири саясий окуяларынын бирине багытталды.

Казакстандык ырчы Ерке Есмахандын белгилүү “Кайда?” деген ырынын обонуна салынган пародияда экс-вице-премьер министр, экс-депутат Аскарбек Шадиевдин өлкөдөн качып кеткени азил менен сүрөттөлгөн. Ырдын оригиналындагы “Алматыда жок, жок, Астанада жок, жок” деген жери “Баткенде да жок, жок, Нью-Йоркто да жок, жок” деп өзгөртүлүп, атайын кызмат “Шадиев Баткенден суу кечип, АКШга качып кеткен” деген билдирүүсүн мыскылдагандай элес берип турат.

Текебаевдин соту, каракулжалык кадрлар, аймактарды өнүктүрүү...

Эми сахналаштырылган “саясий оюндарга” келели.

Саясий сатиранын айынан өтүп кеткен жылда каракулжалыктарга “садага болоюн” деген лакап ат жабышкандай болду. Себеби жөнөкөй эле - куудул Тынар Курбаналиев менен Абдылда Иманкуловдун жол инспекторуна байланыштуу интермедиясы. Анда депутаттын ролундагы Иманкулов инспектордун ролундагы Курбаналиевди алгач тоготпой, кемсинтип жатып, жол тескөөчү каракулжалык экенин айткандан кийин ага, кайра жалпаңдап “садага болоюн” деп кайрылат. Ролдо башка бир куудул Рысбек Жантөрөев да катышат.

Сатира-2018: "Садага болоюн"
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:36 0:00

Муну менен өнөрпоздор президент Сооронбай Жээнбековдун Кара-Кулжа районунан экенин каңкуулап, “анын доорунда каракулжалык кадрлар кызматтарга коюлуп жатат” деген коомчулуктагы сөздөргө шилтеме бергендей болот. Бирок куудулдар өздөрү бул көрүнүш импровизациянын гана жемиши экенин түшүндүргүлөрү келет.

Тынар Курбаналиев мындай дейт:

- “Садага болоюн” дегени бул Абдылда акенин ошол сахнада эле ойлоп таап, импровизация кылып жибергени. Президент Кара-Кулжа районунан болуп, “каракулжалыктар эми силерге кудай берди” дегендей мааниде, тамаша иретинде ойнолгон нерсе да. Андан эми саясат жасабаса деле болот. Бирок айрымдар ошондой эле түз маанисинде кабылдаптыр, кимдир бирөөлөр муну тамаша катары эле баалашты. Ушинтип айтып коюпсуңар деп таарынып жүргөндөрү бар. Муну менен Сооронбай Шариповичти мактап жиберели, же жамандап жиберели деген нерсе жок. Сатирада мындай практика бар. Мисалы, убагында Бакиев президент болгондо мени деле анын жердеши катары тамашалашып, "сузактыктар эми жылына беш жолу концерт койсоңор деле болот" деп калышчу. Бул да ошол сыяктуу эле нерсе.

Деген менен интермедиянын каракулжалыктарга байланыштуу бөлүгү Интернетте аябай көп тарап, чоң күлкүгө себеп болду. Көпчүлүк, анын ичинде аталган райондуктар өздөрү деле муну позитив катары кабыл алышты.

Куудулдар Абдылда Иманкулов менен Тынар Курбаналиев баштаган топ 2018-жылы мындан сырткары экс-президент Алмазбек Атамбаев менен азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун мамилелерине, тирүүсүндө эстелик койгондорго, көр сатуу бизнесине жана коррупцияга байланыштуу да оюндарды сунуш кылышты. Алар да ЖЭБди оңдоодогу мыйзамсыздык темасына кайрылышкан, ал тургай бул теманы эки оюнунда кеп кылышты. Театрлардагы күйөрмандарды эсепке албаганда "Ютуб" порталында эле бул интермедиялар миңдеген көрүүчүлөргө ээ болду.​

Сатира-2018: Тынар менен Абдылданын топтому
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:24 0:00

2018-жылы Рахман Разыков, Болсунбек Стакеев, Каныбек Разыков, Борончу Кудайбергенов, Канат Шанаев, Таласбек Кашкариев баштаган куудулдар тобу да коррупция, мамлекеттик карыз, чек ара, мигранттар, жер сатуу жана башка саясий темалар жөнүндө сатираларды сунуш кылды. Бул чыгармачыл жамаат да көбүнчө депутаттардын аракеттерин, образдарын тамашага салышты. Алар мурда режиссер Рысбек Жабиров көтөрүп чыккан “Ар бир айдын алтысы” долбоорун кайрадан жандантышып, ушул платформа менен аймактарды кыдырышты.

"Ар бир айдын алтысы" долбоорунун баннери.
"Ар бир айдын алтысы" долбоорунун баннери.

Бул топтун мүчөлөрү ойногон сатиралардын дээрлик баарын куудул Рахман Разыков өзү жаза турганы белгилүү. “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин сотуна байланыштуу куудулдардын интермедиясы да Разыковдун калемине таандык. Аталган сот 2017-жылы болгон менен куудулдар аны 2018-жылы сахналаштырышты, бирок реалдуу сот менен оюндун сценарийи окшош. Даттануучу Орусиядан келгени, күбөлөрдүн көрсөтмө бергендери, айыптоочулардын билдирүүлөрү, сакчылар, бүт образдар чеберчилик менен чагылдырылган.

Сатира-2018: Текебаевдин соту боюнча интермедия
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:23 0:00

Өтүп бараткан жылда башка бир куудул Санжар Бердибеков сахнадагы 20 жылдык мааракесин белгилеп, ал да концертинде аткаминерлер жөнүндө кызыктуу скетч тартуулады. Анда жаңы өкмөттүн ротациялык саясаты, мааракелер жана аймактарды өнүктүрүү маселелери тамашанын тили менен сынга алынды. Бул интермедияда ага Жамбыл Камчиев жана Тынар Курбаналиев көмөктөштү.​

Санжар Бердибеков өзү бул жөнүндө ойлору менен бөлүшөт:

- Аймактарды өнүктүрүү жылы деп коюшуп, чоңдордун кылган иши 100 жылдык, 90 жылдык мааракелерди өткөрүү болуп калбадыбы. Модадай кылып, туулган күндөй кылып кайра-кайра эле өткөрүп жатышты. Андан да маселен Ноокен районуна болгону 83 жыл болсо, аны 90 жыл деп белгилешти. 1998-жылы 70 жылдыгын белгилеген Нарын шаарынын быйыл 150 жылдык мааракесин өткөрүп ийишти. Жергиликтүү жетекчилер бул иш-чараларды пул кылыш үчүн эле өткөрүп жатабы деген ой келет да. Карыз көбөйүп, айлык аз болуп эл кыйналып жаткан чакта, утуру той өткөрүп элди алаксытмай да максаты бар окшойт. Ал эми карапайым адамдар эмне, бийлик каякка айдаса ошол жакка барып, айтканын кылып эле жашап атпайбызбы. Мына ошол нерселерди чымчып, элге күлкү болсун деп чыгардык да бул тамашаны. Бул сатира анүстүнө ыраматылык атам Манас Бердибековдун “приватизация, ротация” деген илгерки тамашасынын жаңы версиясы катары да чыкты. Саясатчылар чыгып алып, эл түшүнбөгөн сөздөрдү атайылап сүйлөй берет го, ошол жөнүндө бергим келди. Болбосо өзүм саясий сатираны дээрлик ойнобойм.

Сатира-2018: Өкмөт, саясат жана аймактар
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:39 0:00

"​Тамашоучулардын" дымагы

Адатта саясий темаларга көп тиш сала бербеген “шайыр-тапкычтар” же “тамашоучулар” армиясы 2018-жылы да мурдагыдай эле бийликке байланыштуу номерлер менен көп чыккан жок. Муну адистер “Тамашоу лигасынын” азыркы мууну чабал болуп жатканы менен да түшүндүрүшүүдө. “Тамашоучулар” саясатты кээде орой чагылдырышса, айрым учурларда өтө ачуу айтып койгон учурлары кездешет. Ошондон улам алардын көп номерлери көшөгө артында калып кетери жөнүндө да маалыматтар бар.

Ошол эле учурда жалпы лигадан бөлүнүп чыгып, өз алдынча шоу ачып, видеоблогдорунда тамаша чыгарган “шайыр-тапкычтардын” бир тобу кээде саясат темаларын да сөз кылып калышат. Маселен “Жарайт city” берүүсүндө коррупция, чиновниктердин образы көп берилсе, “Эл эмне дейт?” платформасында бийликтен түшпөгөн айыл өкмөт башчысынын бейнеси жакшы сүрөттөлгөн.

“Ак-Өргө сити” тамашоу командасынын мүчөсү Азамат Исмаилов болсо 2018-жылы президент Сооронбай Жээнбековго жана анын коррупцияга каршы күрөш темасына байланыштуу тамаша чыгарды. Кыргызстандык кичинекей кыздын ролигине пародия болсо да бул, “Чукулаешь” көп көрүлгөн вайн болду.

Же ошол эле “Универсал” тамашоу командасы гимн билбеген депутаттарды шакаба кылышты. Сентябрь айында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, гимнди өзү ойлоп тапкан сөздөрдү кошуп, ырдап жиберген депутат Пархат Түлендыбаевдин жоругу эсиңизде болсо керек. Эл өкүлү кийин гимндин туура версиясын да ырдап, элден кечирим сурабады беле.

Куугунтук, табит, деңгээл...

Өнөрпоздор 2018-жылы саясий темаларды чагылдырууда мурдагы жылдарга салыштырмалуу куугунтук жана кысымдарга туш келбегенин белгилеп жатышат.

Куудул Тынар Курбаналиевди кайра кепке тартып көрөлү:

- Акаевдин тушунда он беш жыл бийликти сындаганбыз, эч ким катуу бир нерсе айткан эмес. Бакиевдин тушунда АКШнын “Ганси” авиабазасын чыгаруу темасына байланыштуу интермедия аткарганбыз. Анда айрымдар "Жаныш эми силерди өлтүрөт" деп чыгышкан, бирок эч ким тийген эмес. Сатира катары эле кабыл алышкан. Отунбаеванын тушунда саясий сатираларга карата терс реакциялар болбоду. Бирок мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда, соңку алты-жети жылда бизге ар кандай кысым, куугунтуктар болгонун билесиңер. Мен андагыдай бети жок бийликти көргөн эмесмин. Куудулдарга бут тосуп, залдарды бердиртпей, ар нерсе кылып көрүштү. Ошол эле “120 кой жана теке” жөнүндөгү сатирабыздан кийин ошол учурдагы депутат Мээрбек Мискенбаев мыйзам иштеп чыгып, “мен куудулдарды каматам” деп чыкканы да буга мисал. Азыркы президент келген бир жылдан бери саясий сатираны ойногонубуз үчүн эч кандай кысым көргөн жокпуз. Балким бийликтегилер бизди көрүп, жөн эле күлүп коюп атышкандыр, балким такыр көрүшпөгөндүр. Же көрсө да көрмөксөнгө салып жатышкандыр. Бирок дагы беш жыл бар, ушул аралыкта бул бийликтин саясий сатирага карата көз карашын так билебиз деп ойлойм.

Сатира-2018: "Ар бир айдын алтысы" долбоорунун сатиралары
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:06 0:00

Куудулдар өздөрү саясий темалар негизинен көрөрмандардын табитине туура келгени үчүн тандалат деп түшүндүрүшөт. Алар бул тематиканы чагылдырбаса тамаша кечелери элге да кызыксыз болот деп болжошот. Алар ошондой эле саясий сатира жылдан жылга өнүгүп баратканын белгилешет.

Куудул, жаш аткаруучулардын устаты​ Рахман Разыков мындай дейт:

- Бүгүн “эмне үчүн сатира саясатташат?” деген суроону көп беришет. Анткени Кыргызстанда коомдун ооруп жаткан жери саясат болууда. Эгер сатира коомду айыктыра турган нерсе деп атасак, анда ошол “ооруну” айыктырыш керек. Эл өзү сахнадан ошону күтөт, коомдогу окуяларды тамашалап беришибизди каалайт. Элдин табити ошондой болуп калды. 100% саясат дебейм, бирок сатираларыбыздын негизги бөлүгү саясатка арналат. Негизи демократиялуу, көз караштарды ачык айткан коомдо саясий сатира өнүгөт. Мисалы, Өзбекстанда жана Казакстанда сатира өнөрүндө саясий сын айтуу жокко эсе көрүнүш. Аларга салыштырмалуу бизде саясий сатиранын деңгээли жакшы. Өзгөчө саясий сатира жокко эсе болгон Кыргызстан эгемендик алган жылдарына салыштырмалуу бул жанр азыр кыйла өнүгүп калды.

​Деген менен адистер куудулдарга бир нече дооматтарды коюп келишет. Анын ичинде өзгөчө сатиранын сценарийине сын пикирлер көп. "Аткаруучулар адамдын ысымына, келбетине асылат, мыскылдайт, же ычкырдан ылдый түшүп кетет" деген сыяктуу да көз караштар жок эмес.

Каныбек Разыковдун концертинин баннери.
Каныбек Разыковдун концертинин баннери.

​Акын, жазуучусу Мирлан Самыйкожо акыркы жылдары саясий сатиранын деңгээли өтө төмөндөп кеткенин айтып келет. Ал 2018-жылы да бул жаатта эч кандай жылыш болгон жок деген оюн ортого салды:

-Саясий сатира, дегеле сатира жанры Кыргызстанда кайсы деңгээлге түшүп калганы сокурга көз бүткөндөй көрүнүп турат. Учурда саясий сатираны бүгүнкү коомдун кулак кычуусун кандыра тургандай алып чыккандарды көргөн жокмун. Өткөн жылдары, анын ичинде 2018-жылы да андайлар чыккан жок. Куудулдар кайсы саясий көрүнүштөрдү берип жатканда, ошол темага тиешелүү адамдар алкымына муунуп, же күлө албай же ыйлай албай, жерге кирип кете албай тургандай, күчтүү, мурчтуу сатиралар берилген жок. Бүгүнкү күндө андай сатиралардын жашабай жатканы өксүк десек болот. Сатира бул “садагаң болоюн” деп, какшык, мыскыл иретиндеги сөздөр менен чектелген оюндар бул сатира эмес. Анын күңгөйү менен тескейин, апаны менен чапанын, жакшылап иштеп, чыгып анан калкка тартуулаш керек болчу. Куудулдар кургак шылдың, келекелөө, коомдо сүйлөнүп жаткан сөздөрдү эле кайталап коюу менен гана чыгып жатышат. Ошол эле куудулдар же “тамашоучулар” күчтүү сатириктер менен иштешип, жан дили менен жазылган, тиешелүү саясатчыларды ойлонто тургандай сатираларды чыгарышы керек.

2018-жылы куудулдар саясаттан башка темаларга байланыштуу да бир топ сатираларды тартуулашты. Күлкү жаратуучулар өзгөчө жаз айларында жана күз айларында гана активдүү иштегенин да белгилеп коелу.

Ошол эле учурда өтүп бараткан жылы куудулдар Келдибек Ниязов, Күмөндөр Абылов, Бакыт Мукул, Кубан Алимов, Талант Анарбаев, Адилет Кожобергенов жана “Жоролор” тобунун мүчөлөрү Жылдызбек Абдираимов, Алтынбек Ажалиевдин активдүүлүгү көп байкалган жок. Муну алардын өз алдынча концерттерди бербегени менен же башка долбоорлорго, башка тармактарга өтүп кеткени менен да байланыштырса болот. Аталган куудулдардын көбү жаңы жылга карата даярдалган "Мыскыл жана тамаша" концертинен кийин башка жерден көрүнүшпөдү.

Маселен куудул Борончу Кудайбергенов өз алдынча “Борончу шоу” теле-долбоорун ачып алганы, башкалар менен чогуу чыккан концерттерди эсепке албаганда 2018-жылы сахнада көп көрүнгөн жок.

Куудул Назира Жетигенова да өтүп бараткан жылы өзүнүн сахнадагы 20 жылдык мааракесин өткөргөнү менен, анда саясий сатиралары менен өзгөчөлөнгөн жок.

Макаланын башында кеп болгон пародист Элмурат Миталиповдун толук маеги.

"Кудаларды" сындаган куудул
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:00 0:00

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (18)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG