Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:44

Шоопур да саясий төргө өтөт


Жол белги тууралуу азил сүрөт. Кимбайке. 04.3.2011.
Жол белги тууралуу азил сүрөт. Кимбайке. 04.3.2011.

“Күлкү кербендин” бул чыгарылышында Марс планетасындагы шоопурлар тууралуу азилди тартуулайбыз.

* * * * * * *

Марстагы шоопур

Тээ алыскы Марс планетасында суюктук гана табылбастан, президенти бар өлкө да табылыптыр.

Бир күнү ошол Марстагы президент өзүнүн шоопурун чакырып алып айтат имиш:

— Сенин шоопурдук милдетиңди мыкты аткарганыңды эч унатпайм да! Ошого ылайык сени деле сыйлап келатам: татынакай көп кабаттуу үй салып бердим, автоунаанын ок өтпөс, жел жетпес, чуңкур токтотпос эң мыктысын алып бердим, айлыктан тышкары андан жүз эсе чоң акчалай сыйлык да болуп жатат. Деги эмне арманың бар? Эмнеге эле кабагың бүркөө, бүгүн дагы?..

— Эки гана такилип бар, аксакал! Эми экөөбүз үчүн эки шоопур алсак... Бул – биринчиси. Анан...мени президенттик аппараттын бир жагын чойгон орун басар жетекчи кылып койсоңуз эле, кабагым жарк эте түшөт!

Бул — анекдот. Марстагы президент өз шоопурунун өтүнүчүн аткардыбы, жокпу, азырынча космос иликтеген илимпоздор аныгын биле элек дешет.

* * * * * * *

(TT)

XS
SM
MD
LG