Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:26

Азыркы "түшпөс хандын" жообу


Мурда “түшпөс хан” термини болсо, эми “түшпөс эл башы”, "түшпөс журт башы", "түшпөс көсөм" сөздөрү жаралды. "Күлкү кербендин" кезектеги саясий азили.

* * * * * * *

— Кечиресиз, урматтуу Президент, болочокко карай агылгалап суроо узаткым келет: сиз президенттиктен кеткен соң эмне иш менен алек болууну каалаар элеңиз?

— Жаш баланын суроосун бергениң курусун! Өлүмдөн кийин каяктагы иш, каяктагы алектенүү?!.

* * * * * * *

— Батыштагыдан биздеги президенттик шайлоонун айырмасы эмнеде? – деп журналист Борбордук Азиядагы бир өкүмзор бийликтин өкүлүнөн сураптыр.

— Аларда бир киши ашып кетсе эки жолу президент болуп шайланат. Бизде болсо элибиз, кудайга шүгүр, туруктуулукту жактайт. Отуз-кырк жыл болсо деле туруктуулук кылып, буга чейин бүтпөгөн реформасын улантып алсын деп, бир кишини утур шайлай беришет.

* * * * * * *

TT

XS
SM
MD
LG