Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:34

Тажиктер тамашалайт


Спитамен районундагы пахта талаасында. 15.9.2013.
Спитамен районундагы пахта талаасында. 15.9.2013.

Тажиктердин заманбап саясий азилдеринен бир шиңгил.

Жин ыйлап ийиптир

Бир күнү Путин, Назарбаев жана Рахман Кремлде кеңешип отурса, Путин берки экөөн Москва дарыясынын боюна балык уулоого чакырып калыптыр.

Бир убакта Путиндин кайырмагы солк этип, анысын тартып алса, кумара да илинип чыгыптыр. Путин кумараны аарчып койсо, ичинен бир Жин чыга калыптыр.

‑ Силерге эч нерсенин кереги деле жок, президенттер экенсиңер. Тек гана бирден сурооңорго жооп берейин, таксырлар!.. – дептир Жин.

‑ Болуптур. Менин бир гана суроом – Орусия качан оңолот?

‑ 15 жылда!

Анда Путин “мен бийликтен кеткен соң оңолот тура!” - деп ыйлап жибериптир.

‑ Менин деле суроом ошол. Казакстан деги канча убакта оңолот? – деп Назарбаев сураптыр.

‑ Сенин 120 жылдыгыңда!

‑ Ка-ап, мен да ал учурду көрбөй калат турбаймынбы! - деп Назарбаев да жашып кетиптир.

‑ Тажикстанчы? – дептир Рахман.

Анда Жин өзү шолоктоп ыйлап жибериптир.

‑ Эмнеге ыйлап жатасыз?

‑ Тажикстандын гүлдөшүн сен түгүл мен да көрбөй калчудаймын! – дептир Жин.

* * * * *

Дарбыз тандоо

Имамаали Рахман калк турмушунан кабардар болуп койойунчу деп каадаланып, Дүйшөмбүнүн базарын кыдырып калат.

Караса, бир чал дарбыз сатып отурат. Дарбыз баасы – тим эле асманда!

‑Аксакал, дарбыздын бирдей эле түрү бар экен, тандоого да мүмкүн эмес! Баасын болсо ай-асманга жеткирип салыпсыз!

‑Имамаалы, өзүң эле калыс болчу: сени шайлаганда деле элге тандоо мүмкүнчүлүгүн берген эмессиң. Туугандарың ушунчалык көп, аларды баккан каражатка караганда дарбызым кардарлар үчүн алда канча арзан эле! – дептир сатуучу карыя.

* * * * *

Сырдуу кат

Бир тажиктин тууганы чет мамлекетке бозгунга кетет. Бозгунда жүргөн тууганына берки киши кат жазат:

“Азыр бизде баары кымбат болуп калды, ал түгүл бир кило эттин баасы 25 саманиге чыкты!”

Бул катты окуп алып, коопсуздук кызматынан келип алиги кишини коркутушат. “Сөзсүз каттын баш жагында өлкөдө арзанчылык экенин жаз”!” – деп сес көрсөтүшөт.

Алиги киши алыскы тууганына кайрадан кат жөнөтөт:

“Азыр бизде баары арзан болуп калды. Базарга башпаксаң, бир килейген пилдин баасы - болгону 22 самани. Пилди сатып алып отурбастан, бул акчага 3 гана самани кошуп койсоң эле - бир кило уй этин сатып алышың мүмкүн!”

* * * * *

Ким жетим?

“Тажикстанда жетим барбы?” деп суроо салганга бир дүйшөмбүлүк жооп кайырыптыр:

“Тажикстанда бардыгынын агайын-тууганы бар. Ал түгүл жалгыз президентибиз Имамаалы Рахмандын да толгон токой тууганы бар. Бизде бир гана бечара жетим бойдон калды!”

“Ал ким болду экен?”

“Ал – МЫЙЗАМ”.

* * * * *

XS
SM
MD
LG