Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:37

Апендинин азил шеринесинен


“Аки-пресс” маалымат агенттиги тээ 2007-жылдан бери эл оозунан кыргыз тилинде жыйнап келген анекдоттордун айрымдары менен тааныштырабыз (шеринедеги бул азилдерге саал оңдоо киргизилди).

* * * * * *

Унутта калган бир сабак

2005-жылы мартта Аскар Акаев Кыргызстандан чет өлкөгө (Барвихага) качып кеткенде ордуна президент болуп калган Курманбек Бакиев андан астыртадан сураптыр:
- Сиздин олуттуу катачылыгыңыз эмнеде болуптур?
- Саат басып, укук коргоо органдарына көңүл бурбай коюптурмун...

2010-жылы апрелде Курманбек Бакиев да өлкөдөн Минскиге безип чыгып, анан Акаев аны менен байланышыптыр:
- И-и эмне болду?
- Баарын өткөндө сиз өкүнүп айткан сөздү эске алып туруп жасап жаттым, укук коргоо органдарына да өзгөчө көңүл бурдум, баары бир кууп ийишти!
- И-и баса, кетээрде мен сага атейин кайрылып айтам деп унутуп калыптырмын, элге дагы кичине көңүл буруп туруш керек экен...

* * * * * *

Бош учур качан эле?

Депутаттан бир кабарчы интервью алып жатат:
- Сиз өзүңүздүн бош убактыңызды кантип өткөрөсүз?
- Жогорку Кеңештин отуруму маалындагыбы же иши кылып эле бош кезби?


* * * * * *

Калыс же арсар да бар

Жогорку Кеңештин отуруму маалында парламент спикери капысынан чүчкүрүп калат.

Дароо добуш берүү тактасында жазуу пайда болот:
“Ден соолукта болуңуз»!!!

Андан соң жыйынтык да чыгат:
- Каршы - 96%
- Макул – 3%
- Калыс (арсар) – 1%.

* * * * * *

Байкабай, башканы кубалап алыптыр

Маи: - Эмнеге сиз «токто» десем токтобой кете бердиңиз!?
Айдоочу: - А-а, мен кол булгаганыңызды: "Саламатсызбы, урматтуу шаар акими!" деп учурашып жаткан экен деп түшүнгөн турбаймынбы.
Маи: - Албетте, урматтуу шаар акими! Мен сизге жөн эле жол тайгак жана тар экенин эскертип айтайын дегем....

* * * * * *

Сөз эркиндиги качан келет?

Айтылуу орус тамсилчиси Крыловдун карга, быштак жана түлкү тууралуу тамсилинин моралдык “жаңы” мааниси:
"Оозуңдагы быштакты түшүрүп ийген соң гана “ка-ак” этип сөз эркиндигинен пайдалана баштайсың".

* * * * * *

Үчүнчү жактагынын азабы

Бир күнү арстан токойдогу жаныбарларды топтоп алып:
- Үйлөнгөндөр бул жакка, бойдоктор - тигил тарапка катарга тизилгиле! - деп буйрук кылат.
Жаныбарлар эки жаат болуп бөлүнүп туруп калышат.

Ортодо гана байкуш түлкү улам бир жакка булт берип секирип жүрөт дейт.
Анда арстан:
- Эй, түлкү, эмне эле улам эки башка жакка ойт берип секирип атасың?

- Таксыр, эч билбей атам, үйлөнүп алып кайра ажырашып кеткендер кайсыл жагына турат? - деген экен бечара түлкү.


* * * * * *

Булак: http://apendi.akipress.org/archive/index.php/t-19.html

* * * * * *
ТЧ.
XS
SM
MD
LG