Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:56

Кыргыз куудулдарын кубанткан Зеленский


Кыргызстандык Азимхан Рахатов Зеленскийге калпак тартуулап жаткан учуру. 2017-жыл.
Кыргызстандык Азимхан Рахатов Зеленскийге калпак тартуулап жаткан учуру. 2017-жыл.

Украинадагы президенттик шайлоодо бирдиктүү улуттук экзит-поллдун жыйынтыгына ылайык, алдыда келаткан талапкер Владимир Зеленский боюнча кыргызстандык жаш юмористтердин пикирин чогулттук.

Зеленскийдин «Квартал-95» студиясы уюштурган «Рассмеши комика» долбооруна кыргызстандык бир нече жаш юморист катышып жүрөт. Алардын бири, «Жарайт сити» долбоорунун резиденти Элдияр Эшимбеков башында эле Зеленский жеңип чыгарын божомолдогон:

«Эми көп жылдардан бери мурунку эле аткаминерлер башкарып келбедиби. Мага Украинанын эли да саясаттан тажагандай болуп сезилген. Украиндер жакшы жашоого үмүт кылып турушканда «Слуга народа» киносу чыкты. Андыктан анын шайлоодо көп добуш алышына тасманын таасири чоң роль ойноду. Ал көп жылдардан бери чыгармачыл топту башкарып келатат. Бирок эл аралык саясатта, макулдашууда, дипломатияда кандай болорун билбейм, бул татаал иш эмеспи. Ал эми өлкө ичиндеги маселелерди чече алат деп ойлойм».

Юморист Эрмек Таалайбеков Зеленскийдин юмор долбооруна 2017-жылы барып катышып келген. Эрмек аны менен теледолбоордон сырткары сахна сыртында да баарлашкан экен. Таалайбеков Зеленский үгүт маалында жөнөкөйлүгү менен элдин сүймөнчүлүгүнө айлана алганын айтты:

Эрмек Таалайбеков.
Эрмек Таалайбеков.

«Сыр айтышкыдай деле көп сүйлөшкөн эмесмин. Бирок сахнанын артында өзүн жөнөкөй алып жүрөт экен. Ал жакта толтура катышуучулар болгон. Шашып жүрсө да ар бири менен сүйлөшүп, кеңеш бергенин көрдүм. Ошол сапатына баа бергем».

Москвадагы КВН Жогорку лигасынын чемпиону болгон кыргызстандык «Азия Микс» командасынын мүчөсү Ростислав Ященко тарыхый мекениндеги шайлоонун жүрүшүнө көз салып, социалдык тармактарда Зеленскийге үгүттөдү. Бирок Ростислав өлкөнү чыгармачыл адам башкарышы кыйын экенин сезип жатканын моюнга алды:

«Украина бул жолу саясатчыны эмес, адамды шайлады. Өтө сонун болду. Эми мен Зеленский өлкөнү өзгөртүп салат деп 100% ишене албайм. Анткени аскердик аракеттер сыяктуу окуялар бар, экономикасы да жакшы эмес деп айтышат. Мындай жерде өлкө башкаруу кыйын болсо керек. Мен бир нече жолу ар кандай иш-чараларда кездешип жүрчүмүн. Анын эң мыкты чыгармачыл командасы бар. Алар тарыхый окуя жасашты. Тарыхый мекенимде баары жакшы болуп кетсе экен деп тилек кылам».

Ал эми юморист Азимхан Рахатов Украинанын болочок президентине кыргыз калпагын кийгизген алгачкы кыргызстандык болуп калды. Ал «белегим кайда сакталып турат болду экен» деп тамашалады:

«"Калпактарды сактап коём. Белектерди коллекция кылам» деп айткан. Азыр «2017-жылы эле анын президент болорун билип, калпак ала баргам» деп тамашалап жатам».

Зеленскийдин жеңишинен кийин социалдык тармактарда «Кыргыз куудулдары президент боло алабы?» деген суроо тамаша-чын аралаш талкууланып жатат. Анткени Кыргызстандагы президенттик шайлоого куудулдар ат салышкан учурлар болуп эле келген. «Азия Микс» командасынын мүчөсү Ростислав Ященко мындай деди:

«Эми Кыргызстанда алдыңкы он жыл ичинде мындай окуя болушу мүмкүн эмес. Анткени биз дагы эле СССРдин курамындагыдай эле жашайбыз. Анан бизде демократия бир аз аксап келет».

Бирок «Жарайт сити» долбоорунун резиденти Элдияр Эшимбековдун ою мындай:

«Украинада шоу-бизнестин деңгээли башка, Орусиядан да күчтүү. Андыктан биз адегенде маданиятты көтөрүп алсак, анын ичинен деңгээли жогору чыгармачыл адамдар чыгышат. Азыр бизде чыгармачыл өкүлдөр саясаттан тышкары жүрүшөт. Бирок бизде ушундай окуя болушу деле толук мүмкүн. Анткени коңшу өлкөлөргө караганда сөз эркиндиги бар. Каалаган саясий темада тамашалай алабыз».

Украинадагы президенттик шайлоодо көп добуш алган талапкер, 41 жаштагы актер жана куудул Владимир Зеленский мамлекеттик кызматта иштеген эмес. Ал өзү негиздеген «Квартал-95» студиясы менен концерттерди коюп, элге куудулдук өнөрүн, телесериалдарын тартуулап келди.

2014-жылы Европага бет алган тарапты колдоп, жарандык позициясын да билдирген. Шайлоо өнөктүгүндө өзүн жаңы муундун өкүлү, келечектеги карапайым президент катары көрсөтүүгө аракеттенди.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG